Сравнение редакций…
10-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-декабрындагы ПЖ № 243 Жарлыгына
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү (мындан ары - бөлүм) анын компетенциясына таандык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин (мындан ары - Президенттин Аппаратынын Жетекчиси) жана анын орун басарларынын ишмердигин камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын (мындан ары - Президенттин Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Бөлүм өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Бөлүм өзүнүн ишин анын компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин Аппаратынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты жана комитеттери, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара тыгыз аракетте жүргүзөт.