Сравнение редакций…
11-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-декабрындагы ПЖ № 243 Жарлыгына
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын канцеляриясы жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын канцеляриясы (мындан ары - канцелярия) Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын (мындан ары - Президенттин Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Канцелярия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Канцелярия өз ишин канцеляриянын компетенциясына таандык маселелер боюнча Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты жана комитеттери, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенип жүзөгө ашырат.