Сравнение редакций…
13-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-декабрындагы ПЖ № 243 Жарлыгына
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын катчылыгы жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын катчылыгы (мындан ары - катчылык) Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын (мындан ары - Президенттин Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп эсептелет.
2. Катчылык өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасында жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Катчылык өз ишинде Президенттин Аппаратынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты жана комитеттери, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар менен тыгыз өз ара байланышта жүргүзөт.