Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 токтомуна)

Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө ЖОБО

1-глава. Жер участокторун которуу (трансформациялоо) үчүн документтерди даярдоо тартиби

1. Жер участокторун которуу (трансформациялоо) ыйгарым укуктуу орган тарабынан анын компетенциясынын чегинде, жердин негизги максаттуу багыты өзгөргөн учурда жер мыйзамдары жана Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) менен белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

2. Жер участокторун которуу (трансформациялоо) боюнча иштерди жүргүзүү үчүн негиз болуп жер участогу жайгашкан жер боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрацияга жана облустук, республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органына баруу тартибинде, ошондой эле Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук түрдө берилүүчү жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө жеке жана юридикалык жактардын арызы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын өтүнүчү саналат.

Жер участокторун жеке турак жай курууга которуу (трансформациялоо) үчүн демилгечи болуп белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы чыгат.

"Запастагы жерлер" категориясына жана "Запастагы жерлер" категориясынан жер участокторун которууга (трансформациялоого) демилгечи болуп белгиленген тартипте жергиликтүү мамлекеттик администрация, облустук, республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдары чыгат.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы же жергиликтүү мамлекеттик администрация мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган жер участокторун жер участокторун пайдалануучулардын макулдугусуз (жер участокторун алып койбостон) бир категориядан экинчисине которуу (трансформациялоо) жөнүндө маселени төмөнкү учурларда демилгелейт:

- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүүдө;

- калктуу конуштардын чек араларын белгилөөдө же өзгөртүүдө.

4. Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

- жер участогуна болгон укук жөнүндө маалымат;

- которулуучу (трансформациялануучу) жер участогунун категориясы жана өлчөмү;

- жер участогун которууга (трансформациялоого) негиздеме.

5. Арызга төмөнкүлөр тиркелет:

- арыз ээсинин - жеке жактын инсандыгын ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү же юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү, юридикалык жактын уюмдаштыруу документтери;

- жер участогуна болгон укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрү;

- асылдуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлерин кыйла баалуу жердин түрлөрүнө, айыл чарба жерлеринин баалуулугу бирдей түрлөрүн - "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясындагы бир түрдөн экинчисине которуудан (трансформациялоодон) тышкары, техникалык-экономикалык негиздемеси менен шаар куруу документтерин иштеп чыгуу укугуна тиешелүү лицензиясы бар ыйгарым укуктуу орган же ишкана, уюм жана мекемелер тарабынан иштелип чыккан макулдашылган башкы курулуш планы же шаар куруу документтери.

Ушул пунктта каралган документтер Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук түрдө берилиши мүмкүн. Ушул пунктта каралган документтерди Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу алуу мүмкүн болбогон учурда көрсөтүлгөн документтер кагаз түрүндө берилет.

Калктуу конуштардын аймактарын кеңейтүү жана жаңы калктуу конуш түзүү жөнүндө маселе демилге кылынган учурда, демилгечи - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча программанын көчүрмөсүн кошо тиркейт.

Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жеке менчикте турган жер участокторун которуу (трансформациялоо) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы, жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан демилге кылынган учурда жер участогунун менчик ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугу талап кылынат.

2-глава. Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө арыздарды кароо тартиби

6. Жергиликтүү мамлекеттик администрация, облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары жер участогуна материалдарды түзүү үчүн жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө келип түшкөн арызды коштоочу документтери менен жер участогу жайгашкан жери боюнча кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү филиалына (мындан ары - тиешелүү филиал) жиберет.

7. Тиешелүү филиал арызды, шаар куруу документтерин иштеп чыгуу укугуна тиешелүү лицензиясы бар ыйгарым укуктуу орган же ишкана, уюм жана мекемелер тарабынан иштелип чыккан курулуштун макулдашылган башкы планы же шаар куруу документтери менен бирге техникалык-экономикалык негиздемени, айыл чарба багытындагы жана (же) токой фондунун жерлерин которууда (трансформациялоодо) жоготуулардын эсептерин, ар бир менчик ээсине жана жер пайдалануучуга карата жерлердин түрлөрү боюнча жердин экспликациясын, чек арасын жана масштабын көрсөтүү менен жер участогунун планын камтыган жер участогуна материалдарды түзөт жана аталган материалдарды документтер келип түшкөн күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде жер участогу жайгашкан аймактагы жергиликтүү мамлекеттик администрация, облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан түзүлгөн жер участокторун которуу (трансформациялоо) боюнча комиссиянын (мындан ары - комиссия) кароосуна жиберет.

8. Комиссия документтер келип түшкөн күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде жер участогун которуу (трансформациялоо) мүмкүндүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө корутундуну жер участогунун материалдары менен бирге жергиликтүү мамлекеттик администрациясына же облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына берет.

9. Жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө маселе боюнча комиссия терс корутунду берген учурда жергиликтүү мамлекеттик администрациясы же облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары корутунду чыгарылган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде арыз ээсине комиссиянын баш тартуу жөнүндө жүйөлүү корутундусун жиберет.

10. Комиссия оң корутунду чыгарган учурда жергиликтүү мамлекеттик администрациясы же облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары көрсөтүлгөн корутунду чыгарылган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө жерге жайгаштыруу көктөмөсүн түзүү үчүн материалдарды, анын ичинде комиссиянын корутундусун, түшүндүрмө катты, комиссия түзүү жөнүндө буйруктун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн, жерлерди которуунун (трансформациялоонун) өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалыматты тиешелүү филиалга жиберет.

11. Тиешелүү филиал жергиликтүү мамлекеттик администрациясынан же облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынан материалдарды алгандан кийин төмөнкү документтерден турган жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө жерге жайгаштыруу көктөмөсүн түзөт:

1) арыз, арыз ээсинин - жеке жактын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрү же болбосо юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү, юридикалык жактын уюштуруу документтери, жер участогуна укук белгилөөчү жана укукту күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрү;

2) асылдуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлерин кыйла баалуу жердин түрлөрүнө, айыл чарба жерлеринин баалуулугу бирдей түрлөрүн - "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясындагы бир түрдөн экинчисине которуудан (трансформациялоодон) тышкары, техникалык-экономикалык негиздемеси бар шаар куруу документтерин иштеп чыгуу укугуна тиешелүү лицензиясы бар ыйгарым укуктуу орган же ишкана, уюм жана мекемелер тарабынан иштелип чыккан курулуштун макулдашылган башкы планы же шаар куруу документтери;

3) "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүн көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, жерлерди которууда (трансформациялоодо) айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын эсептөөлөрү;

4) ар бир менчик ээси жана жер пайдалануучу боюнча жерлердин түрлөрү жана жерлердин контурлары боюнча жерлердин экспликациясы;

5) чек араларын жана масштабын көрсөтүү менен жер участогунун планы;

6) комиссиянын оң корутундусу;

7) калктуу конуштардын аймактарын кеңейтүүдө жана жаңы калктуу конушту түзүүдө - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жер участоктору менен камсыздоо боюнча программанын көчүрмөсү;

8) түшүндүрмө кат;

9) айыл чарба жерлерин жерлердин башка түрлөрүнө же жерлердин категорияларына которулган (трансформацияланган) учурда жерлердин кыртыштык-мелиоративдик абалы жөнүндө корутунду;

10) "Кыргызмамжердолбоорлоо" мамлекеттик ишканасынын ачык жана кагаз булактарынан алынган картографиялык материалдарды, аянттардын инвентаризациялык ведомостун, жерлердин экспликациясын, которуунун (трансформациялоонун) негиздүүлүгүн тиркөө менен берген корутундусу;

11) асылдуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлерин кыйла баалуу жердин түрлөрүнө, айыл чарба жерлеринин баалуулугу бирдей түрлөрүн - "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясындагы бир түрдөн экинчисине которуудан (трансформациялоодон) тышкары, которулуучу (трансформациялануучу) жер участогунда пайдалуу кендердин бар же жок экендиги жөнүндө жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу (маалыматтары);

12) асылдуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлерин кыйла баалуу жердин түрлөрүнө, айыл чарба жерлеринин баалуулугу бирдей түрлөрүн - "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясындагы бир түрдөн экинчисине которуудан (трансформациялоодон) тышкары, маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ээликтен ажыратылуучу аймакта тарыхый-маданий мурас объекттеринин бар же жок экендиги жөнүндө корутундусу;

13) айыл чарба чөйрөсүндөгү аймактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жер участокторун которууда (трансформациялоодо) өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна тийгизген таасири жөнүндө болжолуна карата корутундусу;

14) "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурлардан тышкары, сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категориясына которууда (трансформациялоодо) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын сугат айдоо жерлерине жерлердин башка категорияларынан жана чарба жерлеринин түрлөрүнөн өздүк, зайымдык каражаттардын жана инвестициялардын эсебинен бирдей аянтты өздөштүрүү боюнча маалыматы;

15) асылдуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлерин кыйла баалуу жердин түрлөрүнө, айыл чарба жерлеринин баалуулугу бирдей түрлөрүн - "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясындагы бир түрдөн экинчисине которуудан (трансформациялоодон) тышкары, айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү аймактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарына ылайыктуулугуна корутундусу.

Тиешелүү филиал жер участогу жайгашкан аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын кароосуна жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө жерге жайгаштыруу көктөмөсүн киргизет.

Жер участокторун бир категориядан экинчисине же жерлердин башка түрүнө которуунун (трансформациялоонун) демилгечиси жерге жайгаштыруу көктөмөсүндө зарыл болгон корутундулардын жана маалыматтардын болушун камсыз кылат.

12. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жерге жайгаштыруу көктөмөсү келип түшкөн күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде жер участогун которуу (трансформациялоо) мүмкүндүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө чечим кабыл алат.

13. Жерге жайгаштыруу көктөмөсү айыл аймактарынын жана райондук маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын чечими менен жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын кароосуна келип түшөт.

Жерге жайгаштыруу көктөмөсү облустук маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын чечими менен тиешелүү облустагы Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кароосуна келип түшөт.

Жерге жайгаштыруу көктөмөсү республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын чечими менен кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кароосуна келип түшөт.

14. Жергиликтүү мамлекеттик администрация, облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органы жерге жайгаштыруу көктөмөсү ушул Жобонун талаптарына шайкеш келгенде жерге жайгаштыруу көктөмөсү келип түшкөн күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде компетенциясынын чегинде жер участокторун которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө же болбосо жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

15. Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө же которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө чечимде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) жерлердин категориясын жана (же) түрүн өзгөртүү үчүн негиз;

2) жер участогунун жайгашкан жери, аянты жана кадастрдык маалымат;

3) курамына жер участогу кирген, которулганга (трансформацияланганга) чейинки жерлердин категориясы жана түрү, которулгандан (трансформациялангандан) кийин боло турган жерлердин категориясы жана түрү.

16. Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 7 (жети) жумуш күндүн ичинде жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрация, облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдары тарабынан тиешелүү филиалга жана "Кыргызмамжердолбоорлоо" мамлекеттик ишканасына жиберилет.

Жер участокторун которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө чечим кабыл алынганда жергиликтүү мамлекеттик администрация аны жерге жайгаштыруу көктөмөсү менен бирге Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кароосуна жиберет.

17. Жерге жайгаштыруу көктөмөсүнүн материалдарын кароонун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү алар келип түшкөн күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде жерге жайгаштыруу көктөмөсүнүн материалдары менен өзүнүн корутундусун кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет.

18. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 10 (он) жумуш күндүн ичинде жерге жайгаштыруу көктөмөсүнүн берилген материалдарын карайт. Жерге жайгаштыруу көктөмөсүнүн берилген материалдары ушул Жобонун ченемдерине шайкеш келсе, белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун тийиштүү долбоорун даярдайт жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна жөнөтөт.

Берилген материалдар жана жерге жайгаштыруу көктөмөсү ушул Жобонун ченемдерине ылайык келбеген учурда жана мамлекеттик органдардын терс корутундулары болгондо, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 10 (он) жумуш күндүн ичинде аларды толуктап иштеп чыгуу үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациясына, облустук, республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына кайтарат.

Аныкталган кемчиликтер жоюлгандан кийин, жерге жайгаштыруу көктөмөсү менен тийиштүү материалдар ушул Жободо белгиленген тартипте кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жергиликтүү мамлекеттик администрация же облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан кайрадан киргизилет.

19. Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө чечим белгилүү бир мөөнөткө кабыл алынбайт.

20. Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө чечим ушул Жободо белгиленген тартипте арыз ээсине жиберилет.