Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 токтомуна)
Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 597, 2026-жылдын 13-июлундагы № 482 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жер участокторун которуу (трансформациялоо) үчүн документтерди даярдоо тартиби
1. Жер участокторун которуу (трансформациялоо) ыйгарым укуктуу орган тарабынан анын компетенциясынын чегинде, жердин негизги максаттуу багыты өзгөргөн учурда жер мыйзамдары жана Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) менен белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
2. Жер участокторун которуу (трансформациялоо) боюнча иштерди жүргүзүү үчүн негиз болуп жер участогу жайгашкан жер боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрацияга жана облустук, республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органына баруу тартибинде, ошондой эле Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук түрдө берилүүчү жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө жеке жана юридикалык жактардын арызы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын өтүнүчү саналат.
Айыл чарба багытындагы жер участокторун жеке турак жай курууга которуу (трансформациялоо) үчүн демилгечи болуп белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы чыгат.
"Запастагы жерлер" категориясына жана "Запастагы жерлер" категориясынан жер участокторун которууга (трансформациялоого) демилгечи болуп белгиленген тартипте жергиликтүү мамлекеттик администрация же облустук, республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органы чыгат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-июлундагы № 482 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы же жергиликтүү мамлекеттик администрация мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган жер участокторун жер участокторун пайдалануучулардын макулдугусуз (жер участокторун алып койбостон) бир категориядан экинчисине которуу (трансформациялоо) жөнүндө маселени төмөнкү учурларда демилгелейт:
- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүүдө;
- калктуу конуштардын чек араларын белгилөөдө же өзгөртүүдө.
4. Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- жер участогуна болгон укук жөнүндө маалымат;
- которулуучу (трансформациялануучу) жер участогунун категориясы жана өлчөмү;
- жер участогун которууга (трансформациялоого) негиздеме.
5. Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
- арыз ээсинин - жеке жактын инсандыгын ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү же юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү, юридикалык жактын уюмдаштыруу документтери;
- жер участогуна болгон укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрү;
– асылдуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлерин кыйла баалуу жердин түрлөрүнө, ошондой эле айыл чарба жерлеринин баалуулугу бирдей түрлөрүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясындагы бир түрдөн экинчисине которуудан (трансформациялоодан) тышкары, шаар куруу документтерин иштеп чыгуу укугуна тиешелүү лицензиясы бар ыйгарым укуктуу орган же ишкана, уюм жана мекемелер тарабынан иштелип чыккан, жер участогунун чек аралары, долбоорлонуп жаткан объекттердин жайгашуусу, кирүү жолдору, инженердик коммуникациялар жана коргоо зоналары көрсөтүлгөн жер участогунун эскиздик долбоору техникалык-экономикалык негиздемеси менен.
Техникалык-экономикалык негиздеме төмөнкү принциптерди эске алуу менен иштелип чыгат: көйгөйдү негиздөө жана долбоордун максаттарын түзүү, техникалык, экономикалык, социалдык жана экологиялык аспекттерди эске алуу, жеткиликтүү ресурстарды жана каржылоо булактарын талдоо, альтернативдүү чечимдерди баалоо, долбоордун күтүлүүчү натыйжаларын жана натыйжалуулугун болжолдоо, мүмкүн болуучу тобокелдиктерди жана долбоорду ишке ашыруунун туруктуулугун эсепке алуу.
Ушул пунктта каралган документтер Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук түрдө берилиши мүмкүн. Ушул пунктта каралган документтерди Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу алуу мүмкүн болбогон учурда көрсөтүлгөн документтер кагаз түрүндө берилет.
Калктуу конуштардын аймактарын кеңейтүү жана жаңы калктуу конуш түзүү жөнүндө маселе демилге кылынган учурда, демилгечи - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы, көп кабаттуу турак үйлөрдү курууга берилген жерлерди жана жеке турак жай куруу үчүн жеке менчикте турган жер участокторун которууну (трансформациялоону) кошпогондо, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча программанын көчүрмөсүн кошо тиркейт.
Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жеке менчикте турган жер участокторун которуу (трансформациялоо) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы, жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан демилге кылынган учурда жер участогунун менчик ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугу талап кылынат.