Редакцияот 05.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 5-октябры № 1

Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону өткөрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” № 215 сандуу Жарлыгына негиз, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын 15.09.2023ж. № 138-Б буйругун аткаруу максатында Кеңеш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XXX-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” № 215 сандуу Жарлыгын аткаруу максатында Жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү жөнүндөгү Жобо колдоого алынсын.

 

2. Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону өткөрүү боюнча Кеңеш айылдык кеңешинин уюштуруу комитетинин курамы 1-тиркемеге жана өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү боюнча 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

3. Жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо райондук ички иштер бөлүмүнүн участкалык инспекторлоруна жүктөлсүн.

 

4. Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү боюнча жүрүп жаткан иш-чараларды массалык маалымат каражаттары аркылуу чагылдырылсын.

 

5. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайтына жарыялансын.

 

6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Ураимовага милдеттендирилсин.

 

7. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Э.Усенбаевке жүктөлсүн.

 

Төрага

Ш.М.Канполотов

 

 

Кеңеш айылдык кеңешинин

2023-жылдын 05-октябрындагы

№ 1 токтому менен бекитилген

 

 

№ 1-тиркеме

 

Кеңеш айыл өкмөтүнүн айылдарында өкүлчүлүктүү жыйын өткөрүү

графиги

 

 

№

Айылдардын аталышы

Жыйын өткөрүлө турган күнү, айы,

Убактысы

Калктын саны

Делегаттардын саны

Жооптуулар

Жыйын өткөрүлүүчү жай

1

Могол-Коргон

17.10.2023

10-00

1573

10

Нурбаева Г.

Нурбаев Ж.

Аттокуров Т.

№ 40 Белинский мектебинин спорт аянтчасында

2

Аук

17.10.2023

12-00

3262

24

Шерматов Ч.

Оморова Н.

Маматов Ж.

№ 31 Абдрахманов мектебинин спорт аянтчасында

3

Шыдыр-Коткор

17.10.2023

15-00

5159

34

Кайназарова Р.

Анаркулов К.

Жаркулов К.

Абылов Н.

№ 13 Б.Анаркулов мектебинин 2 корпусу

4

1-Май

18.10.2023

10-00

5846

39

Акбаралиев Д.

Азимжан к Г.

Айдаров Т.

№ 14 1-Май мектебинин спорт аянтчасында

5

Кызыл-Октябрь

18.10.2023

14-00

3875

24

Тиленбаева Н.

Бешбаков А.

Аджикулов Т.

№ 25 Артыкалиев мектебинин спорт аянтчасында

6

Сеитказы

19.10.2023

10-00

1298

9

Жанышалиев М

Мусабаева С.

Мырзаева Р.

№ 47 Саипов мектебинин спорт аянтчасында

7

Кара-Жыгач

19.10.2023

12-00

1997

10

Акказиева Р.

Сатаров С.

Мамытов Т.

№ 38 Осмонов мектебинин спорт аянтчасында

 

Кеңеш айылдык кеңешинин

2023-жылдын 05-октябрындагы

№ 1 токтому менен бекитилген

 

№ 2-тиркеме

Кеңеш айылдык Кеңешинин өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү

боюнча жумушчу тобунун курамы

№

Ф.А.А.

Кызматы

Жумушчу топ

1

Канполотов Ш.

Айылдык Кеңештин төрагасы

Төрагасы

2

Ураимова Ж.

Айылдык Кеңештин катчысы

Катчысы

3

Азимбаева А.

Депутат

Мүчөсү

4

Арзыкулов Э.

Вет.адис

Мүчөсү

5

Токтосунов Д.

Салык бөлүм башчысы

Мүчөсү