РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 16-январындагы ПТ № 4 (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 14-ноябрындагы № 220 тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси

Редакцияот 16.01.2023
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2023-жылдын 16-январы ПТ № 4

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 14-ноябрындагы № 220 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган тескеме менен түзүлгөн кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамында:

Джаманкулов Марат Тургунбаевич - Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппаратынын жетекчиси, Алыбаев Кубанычбек Дайырбекович - Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппаратынын эксперттик-аналитикалык башкармалыгынын начальниги, Нурматов Уланбек Убайдулаевич - Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппаратынын эксперттик-аналитикалык башкармалыгынын укуктук жана уюштурууну камсыздоо бөлүмүнүн улук консультанты, Аширматова Жайнагуль Кубанычбековна - Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппаратынын эксперттик-аналитикалык башкармалыгынын аналитика бөлүмүнүн улук консультанты, Толобалдиев Максат Эсенбекович - Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппаратынын эксперттик-аналитикалык башкармалыгынын аналитика бөлүмүнүн улук консультанты киргизилсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

С.Н. Жапаров