| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 27-декабрындагы № 2024-П-12/71-3-(БС) токтомуна тиркеме |
«Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын
жетиштүүлүгүнө (шайкештигине) баа берүү
боюнча ички жол-жоболор жөнүндө»
ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул жободо Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын (мындан ары - банктар) капиталынын жетиштүүлүгүнө (шайкештигине) баа берүү боюнча ички жол-жоболорду иштеп чыгуу негиздери, тартиби жана жол-жоболору аныкталат.
Жобонун талаптары алар банк операцияларын жүзөгө ашырууда колдонгон атайын терминологияны эске алуу менен банктарга, анын ичинде «ислам терезесине» ээ банктарды кошо алганда, операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган банктарга таркатылат.
2. Капиталдын жетиштүүлүгүнө (шайкештигине) баа берүү боюнча ички жол-жоболор (мындан ары - КЖБИЖ) банктарга алар дуушарланган же дуушарланышы ыктымал болгон тобокелдиктердин деңгээлинин ордун жабуу үчүн жетиштүү болуп саналган капиталдын суммасына, түрлөрүнө туруктуу негизде баа берүү, колдоо жана бөлүштүрүү үчүн ишенимдүү, натыйжалуу жана комплекстүү стратегияларды жана процесстерди ишке киргизүүгө өбөлгө түзөт. Бул стратегияларга жана процесстерге алардын толуктугун жана банк ишинин мүнөзүнө, көлөмүнө жана татаалдыгына пропорционалдуулугун камсыз кылуу көз карашынан туруктуу негизде ички баа берилип турууга тийиш.
3. Жободо банктар КЖБИЖнын ишенимдүү, натыйжалуу жана кеңири процесстерин иштеп чыгууда эске алууга тийиш болгон негизги аспектилер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) ар бир банктын КЖБИЖсына ар жылдык көзөмөлдүк баа берүү процессинин алкагында баа бере турган анын мазмуну чагылдырылат.
4. Ушул Жобонун ченемдерине кошумча банктарга ошондой эле Банктык көзөмөл боюнча Базель комитети сыяктуу эл аралык институттардын КЖБИЖга тиешелүү башка басылмаларын да эске алуу сунушталат.
Мындан тышкары, банктар КЖБИЖга байланыштуу аларга даректелген бардык сунуш-көрсөтмөлөрдү, мисалы Улуттук банктын көзөмөлдөө процессинен келип чыккан сунуш-көрсөтмөлөрүн, ошондой эле тобокелдиктерди жана контролдукту талаптагыдай тескөөгө тиешелүү сунуш-көрсөтмөлөрдү эске алууга тийиш.
2-глава. Колдонулган терминдер жана аныктамалар
5. Бул Жободо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларында каралган аныктамалар колдонулат:
1) Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августундагы № 93 «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамы (мындан ары - Банктар жөнүндө мыйзам);
2) Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 12-октябрындагы № 2022-П-12/63-1-(НПА) Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоо (мындан ары - Капиталдын жетиштүүлүгү боюнча нускоо);
3) Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-8-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо (мындан ары -Тобокелдиктерди тескөө боюнча жобо).
6. Жобонун максаттарында төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
1) Кошумча капитал - Капиталдын жетиштүүлүгү боюнча нускоонун 17-пунктунда көрсөтүлгөн Биринчи деңгээлдеги кошумча капитал;
2) Тобокелдикти кабыл алуу деңгээли жөнүндө ички документти Тобокелдикти тескөө боюнча жободо көрсөтүлгөн мааниде түшүнүүгө болот;
3) Базалык капитал - Капиталдын жетиштүүлүгү боюнча нускоонун 16-пунктунда каралган Биринчи деңгээлдеги Базалык капитал;
4) Бизнес-пландар - Банктар жөнүндө мыйзамдын 25-беренесине ылайык банктын стратегияларына жана анын иш чөйрөсүнө тиешелүү пландар;
5) Капиталды бөлүштүрүү - банк дуушар болгон белгилүү бир тобокелдик деңгээлин эске алуу менен капиталдын белгилүү бир суммасын тобокелдиктин белгилүү бир түрүнө (мисалы, кредиттик, операциялык ж.б.) бөлүү процесси.
Капиталды бөлүштүрүү өзүндө Капиталдын жетиштүүлүгү боюнча нускоодо көрсөтүлгөн тобокелдиктерди (кредиттик тобокелдик жана операциялык тобокелдик) жана Капиталдын жетиштүүлүгү боюнча нускоодо каралбаган башка тобокелдиктерди (рынок тобокелдиги, кредиттик концентрациялануу тобокелдиги жана башка тобокелдиктер) камтыйт;
6) Биринчи деңгээлдеги капитал же өздүк капитал - Капиталдын жетиштүүлүгү боюнча нускоонун 15-пунктунда көрсөтүлгөн Биринчи деңгээлдеги капитал;
7) Капиталды пландаштыруу - банктын бизнес-планына толук шайкештигин камсыз кылууга өбөлгө түзгөн, банктын капиталынын келечегине жана капиталга карата талаптарга баа берүү аркылуу белгилүү бир мөөнөткө (адатта 3 жылга) банктын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенттерин болжолдоо;
8) Капитал боюнча максаттуу көрсөткүчтөр - банк тарабынан анын капиталынын жетиштүүлүгүнө байланыштуу индикаторлор боюнча (Базалык капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенттери, суммардык капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) ж.б.) тобокелдикти кабыл алуу деңгээли жөнүндө анын ички документинин алкагында белгиленген ар кандай лимиттер (максаты, алдын ала эскертүү индикатору же лимит сыяктуу);
9) Негизги иш багыттары - банк адатта рынокко, инвесторлорго ж.б. маалымат берүү үчүн колдонгон сегменттерге байланыштуу банктын маанилүү киреше булактарын, франшиза пайдасын же наркын түшүндүргөн иш багыттары;
10) Капиталдын ички моделдери - банк ичинде иштелип чыккан жана аларга карата Капиталдын жетиштүүлүгү боюнча нускоого ылайык талаптар белгиленген тобокелдиктерге жана Капиталдын жетиштүүлүгү боюнча нускоодо каралбаган башка тобокелдиктерге сандык баа берүү үчүн колдонулган методологиялар;
11) Мүнөздүү тобокелдик - банктын ишине, продукттарына жана кызматтарына мүнөздүү тобокелдик деңгээли, б.а. банк күндөлүк жана келечекте орун алышы ыктымал болгон жагдайларга байланыштуу тобокелдикке жана белгисиздикке дуушарлануусунан улам олуттуу чыгаша тартуу ыктымалдыгы. Бул контексте «олуттуу чыгашалар» деген терминге банктардын Биринчи деңгээлдеги капиталынын наркынан 5% ашкан чыгымдар суммасы кирет;
12) Капиталга ички талаптар - Капиталдын жетиштүүлүгү боюнча нускоодогу талаптар каралган тобокелдиктердин (кредиттик тобокелдик жана операциялык тобокелдик) жана Капиталдын жетиштүүлүгү боюнча нускоодо каралбаган тобокелдиктердин (мисалы, кредиттик концентрациялануу тобокелдиги, рынок тобокелдиги ж.б.) ордун жабуу үчүн банктын капиталдагы эсептелген ички лимиттери;
13) Кошумча буфердик резерв - банк капиталга карата минималдуу талаптардан ашыкча кармап калууга даяр болгон капиталдын жана «капитал буферинин» индексинин суммасы. «Кошумча буфердик резервдин» суммасы банк тарабынан төмөнкүлөр сыяктуу факторлорду эске алуу менен аныкталат: (а) тобокелдик профили; (б) тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү; (в) капиталга карата минималдуу талаптар; (г) банктын дивиденддерин төлөө саясаты ж.б.;
14) Олуттуу тобокелдиктер - банктын капиталын азайтышы мүмкүн болгон, олуттуу чыгашага алып келе турган, банк дуушарланышы мүмкүн болгон олуттуу тобокелдиктер. Олуттуулугун аныктоо максатында банктар, алардын мындай тобокелдикке дуушарлануусу банктын Биринчи деңгээлдеги капиталынын наркынын 5% барабар же андан жогору болгон тобокелдикти олуттуу катары эсептөөгө тийиш;
15) Капиталга карата минималдуу талаптар - банк Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык сактоого тийиш болгон өздүк капиталдын минималдуу өлчөмү жана капиталынын жетиштүүлүк (шайкештик) ченеми;
16) Пропорционалдуулук принциби банктын системалуу маанилүүлүгүн, анын ишинин татаалдыгын, бизнес-моделин жана өлчөмүн кошо алганда, ушул Жобону ишке ашырууда таянууга боло турган негизги принциптерине кирет;
17) Тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү Тобокелдикти тескөө боюнча жободо аныкталган мааниде түшүнүүгө болот;
18) Тобокелдиктерге баа берүү - бул процесске ылайык банк өзүнүн олуттуу тобокелдиктеринин мүнөздүү тобокелдигин өлчөйт жана бул тобокелдиктердин ар бирин ал дуушар болгон тобокелдиктин деңгээлинин жана тобокелдиктерди тескөөнүн жана аларды контролдоонун тиешелүү системаларынын шайкештигинин негизинде өзүнчө классификациялайт;
19) Тобокелдик факторлору - банк дуушарланган же дуушарланышы мүмкүн болгон тобокелдиктердин олуттуулугуна таасирин тийгизиши мүмкүн болгон факторлор. Тобокелдик факторлору сандык же сапаттык болушу мүмкүн;
20) Тобокелдик деңгээли - банктын олуттуу тобокелдиктерге дуушар болушунун жыйындысынын жана тобокелдиктерди тескөө жана аларды контролдоо системаларынын шайкештигинин негизинде банк тарабынан анын тобокелдиктерине карата жүргүзүлгөн төрт баллдык шкала боюнча баа берүүсүнүн натыйжасы;
21) Тобокелдиктерди идентификациялоо - үзгүлтүксүз процесс, мунун жүрүшүндө банк өз ишин жүзөгө ашырууда дуушарланган бардык олуттуу тобокелдиктерди аныктайт;
22) Тобокелдиктер боюнча лимиттерди Тобокелдиктерди тескөө боюнча жободо аныкталган мааниде түшүнүү зарыл;
23) Таза тобокелдик - мүнөздүү тобокелдик деңгээлин жана тобокелдиктерди тескөө жана контролдоо сапатын эске алуу менен банктын анын олуттуу тобокелдиктерине комплекстүү баа берүүсү;
24) Экинчи деңгээлдеги капитал - Капиталдын жетиштүүлүгү боюнча нускоонун 19-пунктунда каралган Экинчи деңгээлдеги капитал;
25) Таза суммардык капитал - Капиталдын жетиштүүлүгү боюнча нускоонун 6-пунктунун (а) пунктчасына ылайык Биринчи деңгээлдеги капиталдын жана Экинчи деңгээлдеги капиталдын суммасы;
26) Банк портфелиндеги пайыздык чен тобокелдиги - банк портфели менен банк операцияларын жүргүзүүгө байланыштуу келип чыккан тобокелдик;
27) Таза тобокелдик актив (ЧРА) - потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабуу үчүн каралган атайын резервди минуска чыгаруу менен тобокелдик деңгээли боюнча салмактанып алынган баланстык активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин суммасы.
3-глава. Капиталдын жетиштүүлүгүнө (шайкештигине)
баа берүү боюнча ички жол-жоболордун талаптары
7. Банктар жыл сайын төмөнкү критерийлерге ылайык КЖБИЖ боюнча ишенимдүү, натыйжалуу жана комплекстүү отчётту иштеп чыгууга тийиш:
1) отчёт банктар тарабынан жыл сайын жаңыртылып, 31-майга чейин Улуттук банкка берилип турууга тийиш;
2) отчётто өткөн жылдын 31-декабрына карата абал боюнча маалымат чагылдырылууга тийиш;
3) отчётто ушул Жобонун IV главасынын 1-параграфында талап кылынган маалымат камтылууга тийиш;
4) отчёт Улуттук банкка берилгенге чейин банктын Директорлор кеңеши тарабынан баа берилип, бекитилүүгө тийиш.
8. Банк өз ишинде КЖБИЖнын жайылтылышына өз алдынча жооп берет, алар банктын белгилүү бир жагдайларына (б.а. банктын бизнес моделине, олуттуу тобокелдиктерге, капиталга карата талаптарга, стресс-тестирлөө сценарийлерин аныктоодо банктын потенциалдуу чабал жактарына ж.б.) жооп берүүгө тийиш.
КЖБИЖга баа берүүдө Улуттук банк ар бир банктын жеке жагдайларын эске алат.
9. Банк анын КЖБИЖсы кеңири берилип, банк дуушарланган бардык олуттуу тобокелдиктер камтылышын жана анын ишинин мүнөзүнө, масштабына жана татаалдыгына шайкеш келишин камсыз кылууга тийиш.
10. Банктын ички аудит кызматы КЖБИЖ боюнча отчёттун каралышын өзүнүн аудит боюнча жылдык планына киргизүүгө тийиш. Ал банктын Директорлор кеңеши бекиткенге чейин каралуусу зарыл.
11. Улуттук банк банктын КЖБИЖ боюнча отчётун банктарга тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөлдүктүн ажырагыс бөлүгү катары баалайт.
4-глава. Капиталдын жетиштүүлүгүнө (шайкештигине) баа берүү боюнча ички
жол-жоболор жөнүндө отчётко карата талаптар
§ 1. КЖБИЖ боюнча отчёттун мазмуну
12. Банктар ушул Жобонун 11-пунктуна ылайык даярдоого тийиш болгон КЖБИЖ боюнча отчётто кеминде төмөнкү главалар камтылууга тийиш:
1) жетекчилик үчүн резюме;
2) жалпы маалымат;
3) бизнес-модель жана стратегия;
4) КЖБИЖ алкагында тобокелдиктерди тескөөнү уюштуруу;
5) тобокелдиктерди аныктоо;
6) тобокелдиктерди баалоо;
7) тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү;
8) капиталга карата ички талаптар;
9) капиталды пландаштыруу;
10) стресс-тестирлөө;
11) башка жоболор.
13. Буга чейинки пунктта берилген главаларды толтурууда банктар ушул Жобонун 15-36-пункттарында каралган маалыматтарды көрсөтүүгө тийиш.
14. Банктар ушул Жобого карата 1-тиркемеде келтирилген КЖБИЖ боюнча отчётко таянууга тийиш.
§ 2. Жетекчилик үчүн резюме
15. Банк жетекчилик үчүн резюмеде КЖБИЖ боюнча отчёттун негизги элементтерин окулушу жеңил жана түшүнүктүү болушу үчүн толук түшүндүрмө берилишин камсыз кылуусу зарыл. Жетекчилик үчүн резюмеде банк төмөнкүлөрдү көрсөтүүсү зарыл:
1) банктын капиталы боюнча кийинки 12 ай үчүн максаттуу мааниси. Банк Биринчи деңгээлдеги Базалык капитал жана таза суммардык капитал көз карашынан алганда кеминде капитал боюнча өзүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүн көрсөтүүсү зарыл;
2) банктын бизнес-модели жана күндөлүк финансылык абалы;
3) Тобокелдиктерди тескөө боюнча жободо аныкталган стратегиялык деңгээлди жана макродеңгээлди кошо алганда, тобокелдиктерди тескөө системасын уюштуруу;
4) банктын олуттуу тобокелдиктери жана өзүнө-өзү баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча таза тобокелдикке баа берүү;
5) банктын тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү, анын ичинде банктын негизги көрсөткүчтөрү жана тобокелдиктер боюнча лимиттер;
6) банктын капиталына карата ички талаптар;
7) капиталды пландаштырууда капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештиги) боюнча болжолдуу коэффициенттер;
8) КЖБИЖнын алкагында жүргүзүлгөн банкты ички стресс-тестирлөө жыйынтыктары;
9) КЖБИЖ процессинин негизинде банк тарабынан кабыл алынган капитал боюнча чечимдер;
10) КЖБИЖ боюнча отчёттун жетиштүүлүгүнө, анын ичинде чабал жактарына жана кемчиликтерине өзүнө-өзү баа берүүлөрүн кыскача чагылдыруу, ошондой эле КЖБИЖны жакшыртуу планы жана бул планды ишке ашыруу мөөнөтү.
§ 3. Жалпы маалымат
16. Банк өзү тууралуу негизги жана жалпы маалыматты жана КЖБИЖ боюнча отчётту, анын ичинде төмөнкү маалыматтарды сунуштоого тийиш:
1) КЖБИЖ боюнча отчётту түзүү үчүн жооптуу адамдын же адамдардын же КЖБИЖ боюнча отчёттун Улуттук банкка берилишине жооптуу адамдардын аты-жөнү, уюштуруу бөлүмү же бөлүмү;
2) байланыш маалыматтары (б.а. телефону, факсы, электрондук почта дареги ж.б.);
3) КЖБИЖ боюнча отчётко байланыштуу маалыматтар (отчёттук мезгил, отчёт түзүлгөн дата, акыркы жаңыртылган дата, Директорлор кеңеши тарабынан каралган жана бекитилген дата, маалымат жеке же консолидацияланган негизде берилгенби);
4) КЖБИЖ боюнча отчёттун түзүлүшү үчүн жооптуу адамдын жана/же адамдардын кол тамгасы.
§ 4. Бизнес-модель жана стратегия
17. Банк КЖБИЖ боюнча отчётко төмөнкү аспектилер камтылышын контролдоого тийиш:
1) банктын күндөлүк бизнес-моделин, анын ичинде негизги иш багыттарын, рынокторду, географиялык аймагын жана продукттарын чагылдыруу;
2) Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген, отчёттук күнгө карата күчүндө болгон бизнес-пландын кыскача берилиши;
3) күндөлүк бизнес-моделде же базалык иште күтүлүп жаткан кайсы болбосун олуттуу өзгөрүүлөр (анын ичинде операциялык өзгөрүүлөр (мисалы, ИТ-инфраструктурасында) же тобокелдиктерди тескөөнү уюштуруудагы проблемалар);
4) негизги иш багыттары жана рыноктор боюнча негизги финансылык параметрлерди болжолдоолор: негизги иш багыттары, рыноктор жана туунду компаниялар боюнча бөлүштүрүлгөн негизги киреше булактарын жана сарптоолорду чагылдыруу зарыл.
18. Банк ушул Жобонун 17-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматты Банктар жөнүндө мыйзамдын 25-беренесине ылайык Улуттук банкка берилүүчү өзүнүн күндөлүк бизнес-планына кайчылаш шилтеме келтирүү менен киргизе алат.
§ 5. КЖБИЖнын алкагында тобокелдиктерди тескөөнү уюштуруу
19. Банктын Директорлор кеңеши:
1) КЖБИЖнын ишке ашырылышы үчүн жалпы жоопкерчиликтүү болот. Бул максатта Директорлор кеңеши ушул Жобонун 7-пунктунун 4-пунктчасына ылайык КЖБИЖ боюнча отчётко баа берет жана бекитет;
2) КЖБИЖнын алкагында тобокелдиктерди тескөөнүн уюштурулушу үчүн жооптуу, анда КЖБИЖ боюнча отчётту даярдоо функциялары жана милдеттери так бөлүштүрүлөт. Банктын Директорлор кеңеши КЖБИЖ өзүнчө ички документти бекитет, анда КЖБИЖ боюнча отчётту даярдоо тартиби, методикасы жөнгө салынган, ошондой эле отчётту даярдоодо банктын бөлүмдөрүнүн функциясы жана милдеттери бөлүштүрүлгөн;
3) банктын капиталынын жетиштүүлүгү, анын негизги күчтүү жана чабал жактары, системада чагылдырылган жана андан алынган КЖБИЖ боюнча негизги маалыматтар, КЖБИЖнын негизин түзгөн параметрлер жана процесстер жана КЖБИЖнын банктын бизнес-планына шайкештиги (тобокелдикти эске алуу менен салмактанып алынган резервдер, дивиденддер, пайда, активдер ж.б.);
20. Банк Башкармасы КЖБИЖны банктын тобокелдиктерди тескөө системасына киргизүү менен макулдашат жана ишке ашырат.
21. КЖБИЖ банктын тобокелдиктерди тескөө жана чечимдерди кабыл алуу системасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналгандыктан, банк:
а) КЖБИЖга байланыштуу натыйжаларды (тобокелдиктердин кыйла өрчүшү, негизги көрсөткүчтөр ж.б.) тиешелүү мезгилдүүлүгүнө жараша ички башкаруу отчётуна интеграциялоого тийиш;
б) КЖБИЖ натыйжаларын чечимдерди кабыл алуу процессинде, анын ичинде төмөнкү учурларда колдонууга тийиш:
- банктын капиталынын максаттуу көрсөткүчтөрүн белгилөөдө;
- банктын капиталы боюнча дивиденддерди төлөө, кредит портфелин көбөйтүү же жаңы капитал тартуу сыяктуу чечимдерди кабыл алууда;
- тобокелдиктерди эске алуу менен пайданы корректировкалоону гарантиялоо үчүн капиталды иш багыттары, продукттар же кардарлар боюнча бөлүштүрүү тууралуу чечим кабыл алуу.
22. КЖБИЖ туруктуу негизде ички текшерүүдөн өтүп турат. Банктын ички аудит кызматы ушул Жобонун 10-пунктуна ылайык КЖБИЖны текшерип турат.
§ 6. Тобокелдиктерди аныктоо
23. Банк өз ишин жүзөгө ашырууда дуушарланган бардык олуттуу тобокелдиктерди үзгүлтүксүз негизде аныктап турууга тийиш. Бул үчүн КЖБИЖда төмөнкү элементтер камтылышы керек:
1) өз ишин жүзөгө ашырууда банк дуушарланган тобокелдиктерди аныктоодо, банктар Тобокелдиктерди тескөө боюнча жободо берилген тобокелдиктердин тизмегине жана аныктамаларына таянышат, атап айтканда:
а) кредиттик тобокелдик;
б) ликвиддүүлүк тобокелдиги;
в) рыноктук тобокелдик, ага төмөнкүлөр кирет:
- баа тобокелдиги;
- пайыздык тобокелдик;
- валюталык тобокелдик;
г) өлкө тобокелдиги, анын ичинде трансферттик тобокелдик жана суверендик тобокелдик;
д) операциялык тобокелдик;
е) аброй жоготуу тобокелдиги;
ж) комплаенс тобокелдиги.
2) тобокелдиктер классификациясында банк күнүмдүк ишинде дуушарланган тобокелдиктердин бардык түрлөрү, анын ичинде аларга сандык баа берүү кыйла татаал (аброй жоготуу тобокелдиги, комплаенс тобокелдиги ж.б.) болгон тобокелдиктер камтылышы керек. Учурдагы тобокелдиктерден тышкары, банк капиталдын жетиштүүлүгү боюнча келечектеги баа берүүлөрүндө өз стратегияларын ишке ашыруудан же анын операциялык чөйрөсүндөгү тиешелүү өзгөрүүлөрдөн келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди (мисалы, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу тобокелдиктер; крипта валюталык активдерге байланыштуу тобокелдиктер ж.б.) да эске алууга тийиш;
3) банк тигил же бул тобокелдикти олуттуу деп эсептебеген себептерди көрсөтүү менен толук негиздеме берүүгө милдеттүү (мисалы, мүмкүн болуучу жоготуулар банктын Биринчи деңгээлдеги капиталынын 5% ашпайт ж.б.).
§ 7. Тобокелдиктерге баа берүү
24. Банк дуушар болгон олуттуу тобокелдиктерди аныктагандан кийин, ал тобокелдиктерге баа бериши керек. Мындай баа берүүдө банк төмөнкү талаптарды аткарууга тийиш:
1) банк дуушарланышы мүмкүн болгон бардык олуттуу тобокелдиктердин мүнөздүү тобокелдигине төрт деңгээлди (1 (төмөн), 2 (алгылыктуу), 3 (олуттуу) жана 4 (жогорку)) колдонуу менен баа берүү. «Мүнөздүү тобокелдик» деңгээли кайсы бир каражаттын жана контролдоо методунун жоктугунан тобокелдикке дуушар болуу катары каралууга тийиш:
а) жогорку (4): банктын учурдагы жана келечектеги потенциалдуу окуяларга байланыштуу таасирдин жана белгисиздиктин натыйжасында келип чыккан чыгымдары банктын капиталы менен жабылбай калуу (банктын банкроттугу) ыктымалдыгы жогору;
б) олуттуу (3): банктын учурдагы жана келечектеги потенциалдуу окуяларга байланыштуу таасирдин жана белгисиздиктин натыйжасында келип чыккан чыгымдары банктын капиталы менен жабылбай калуу (банктын банкроттугу) ыктымалдыгы олуттуу;
в) алгылыктуу (2): банктын учурдагы жана келечектеги потенциалдуу окуяларга байланыштуу таасирдин жана белгисиздиктин натыйжасында келип чыккан чыгымдары банктын капиталы менен жабылбай калуу (банктын банкроттугу) ыктымалдыгы алгылыктуу;
г) төмөн (1): банктын учурдагы жана келечектеги потенциалдуу окуяларга байланыштуу таасирдин жана белгисиздиктин натыйжасында келип чыккан чыгымдары банктын капиталы менен жабылбай калуу (банктын банкроттугу) ыктымалдыгы төмөн.
2) банк өзүнүн тобокелдиктерине баа берүүнү сандык жана сапаттык критерийлердин негизинде негиздөөгө тийиш. Сандык критерийлерге финансылык көрсөткүчтөр, банктын капиталын бөлүштүрүү, ички стресс-тесттердин натыйжалары же колдонулуучу башка тиешелүү маалымат камтылышы мүмкүн. Сапаттуу маалымат банктын тобокелдик деңгээлин аныктаган негизги факторлордун толук түшүндүрмөсүн камтышы мүмкүн;
3) банк тобокелдик көбөйүп жаткандыгын, туруктуулугун же азаюуусун көрсөтүү менен өзүнүн олуттуу тобокелдиктеринин тенденциясын (багытын) аныктоого тийиш;
4) банк өзүнүн таза тобокелдигин аныктоого тийиш. Таза тобокелдик тобокелдик деңгээлин жана тобокелдикти тескөө жана контролдоо сапатын (мындан ары - ТКС) колдонуу менен банктын олуттуу тобокелдигине байланыштуу мүнөздүү тобокелдигин топтоонун натыйжасы болуп саналат.
25. Банктын олуттуу тобокелдигин тескөө жана контролдоо сапатына баа берүү төмөнкүчө классификацияланууга тийиш: тескөө сапаты начар (4), шайкеш эмес (3), шайкеш (2) жана күчтүү (1):
1) начар: ТКС мүнөздөмөсү олуттуу деңгээлде банктын тобокелдиктеринин мүнөзүн, көлөмүн, татаалдыгын жана профилин эске алганда зарыл деп эсептелгенге шайкеш келбейт;
2) жетишсиз: ТКС мүнөздөмөсү айрым олуттуу аспектилерде банктын тобокелдиктеринин мүнөзүн, көлөмүн, татаалдыгын жана профилин эске алганда зарыл деп эсептелгенге шайкеш келбейт. ТКС механизмдеринин мүнөздөмөсү жана/же өндүрүмдүүлүгү тиешелүү тармактык тажрыйбага дал келбейт, бирок жакшыртууга муктаж болгон тармактар өз убагында тиешелүү чаралар көрүлсө, пруденциалдык кооптонуу жараткыдай олуттуу деле болуп саналбайт;
3) жетиштүү: банктын тобокелдиктеринин мүнөзүн, көлөмүн, татаалдыгын жана профилин эске алганда ТКС мүнөздөмөлөрү зарыл катары эсептелинет. ТКС бир аз кемчиликтери болсо да, өзүнүн натыйжалуулугун жана талаптарга жооп бере тургандыгын далилдеди. ТКС механизмдеринин мүнөздөмөлөрү жана ишке киргизүү натыйжалары алдыңкы тармактык тажрыйбага шайкеш келет;
4) күчтүү: ТКС мүнөздөмөсү (саясаттары жана стратегиялары, процесстери жана жол-жоболору, контролдоо каражаттары жана персонал) банктын тобокелдиктеринин мүнөзүн, көлөмүн, татаалдыгын жана профилин эске алганда зарыл деп эсептелген көрсөткүчтөн ашкан. ТКС механизмдеринин мүнөздөмөлөрү жана ишке киргизүү натыйжалары текшерилген тармактык стандарттардын натыйжаларынан жогору болгон.
§ 8. Тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү
26. Банк КЖБИЖ менен тыгыз байланышта болгон тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнүн деңгээли жөнүндө ички документ аркылуу өзүнүн тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн аныктоосу зарыл. КЖБИЖнын алкагында банк төмөнкүлөрдү ишке ашырууга тийиш:
1) банк кеминде төмөнкү аспектилерге көңүл буруу менен өз иши үчүн жетиштүү деп санаган капитал деңгээлин аныктоого тийиш:
а) банктын таза тобокелдиги;
б) капиталга карата минималдуу талаптар;
в) «капитал буфери» индекси;
г) КЖБИЖ боюнча документтерге ылайык эсептелген капиталга карата ички талаптар;
д) банк өзүнүн капиталга карата минималдуу талаптарынан жана «капитал буфери» индексинен ашыкча колдоого даяр болгон кошумча буфердик резерв;
е) алардын жардамы менен банк финансылык чыңдоо планына ылайык капитал түзө алган жеткиликтүү чаралар;
ж) банктардын КЖБИЖга ылайык жүргүзүлгөн стресс-тестирлөө жыйынтыктары;
з) банктын капитал боюнча пландарында аныкталган капиталдагы потенциалдуу муктаждыктар;
и) дивиденддерди төлөө саясаты.
2) тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү деңгээлин жана аныкталган олуттуу тобокелдиктер үчүн белгиленген лимиттерди, ошондой эле мындай лимиттерди актуалдуу абалда кармап туруу үчүн колдонулган убакыт горизонтторун жана процесстерин чагылдыруу. Банк тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү боюнча ички документтин аныкталышына негиздеме берүүгө тийиш. Көзөмөл органдары банк өзү белгилеген чектүү маанилерди түшүнгүдөй кыйла жеткиликтүү (өзүнүн мурунку тажрыйбасын, банк секторунун учурдагы деңгээлин, анын бизнес-стратегиясында каралган максаттарды ж.б.) түшүндүрмө берээри күтүлүүдө.
3) эгерде алар олуттуу катары таанылса, тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүндө банктын тобокелдиктери камтылууга тийиш (операциялык тобокелдик, аброй жоготуу тобокелдиги ж.б.).
27. Банк бизнес-пландарда тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө кайчылаш шилтеме келтире алат. Бул учурда банк анын бардык олуттуу тобокелдиктери тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүндө канчалык каралгандыгын тастыктоосу зарыл.
§ 9. Капиталга ички талаптар
28. Банкта Капиталдын жетиштүүлүгү боюнча талаптарды эске алуу менен ички ыкма каралууга тийиш, ага ылайык банк чыгаша алып келе турган жана банктын капиталынын өлчөмүнүн төмөндөөсүнө таасирин тийгизе турган бардык олуттуу тобокелдиктерди аныктоого жана сандык баа берүүгө тийиш.
29. Банктар Капиталдын жетиштүүлүгү боюнча нускоого ылайык (кредиттик жана операциялык тобокелдик) капиталдын жетиштүүлүгүн эсептөөгө камтылган тобокелдиктерге жана Капиталдын жетиштүүлүгү боюнча нускоодо талаптар каралбаган олуттуу тобокелдиктер үчүн (мисалы, кредиттик концентрациялануу тобокелдиги, банк портфелиндеги пайыздык чен тобокелдиги, комплаенс-тобокелдик ж.б.) капиталга карата өзүнүн ички талаптарын аныктоого тийиш. Мында банк төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) тобокелдиктерге карата төмөнкү ыкмалардын кайсынысы болбосун колдонуу:
а) Капиталдын жетиштүүлүгү боюнча нускоодо каралган талаптарды, ошол эле учурда мындай талаптар менен ордун жабуу жетишсиз болгон тобокелдиктер менен толуктоо аркылуу;
б) капиталга карата ички талаптарга баа берүү үчүн өзүнүн ички моделдерин колдонуу менен жеке башкаруу ыкмасы. Мында бул ыкма банктын капиталын башкаруунун ички процесстерине (б.а. капиталды бөлүштүрүү, баа түзүү, кредиттик тобокелдиктин андеррайтинги ж.б.у.с.) интеграцияланууга тийиш.
2) аларга карата Капиталдын жетиштүүлүгү боюнча нускоодо талаптар каралбаган тобокелдиктер боюнча банк төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) кредиттин концентрациялануу тобокелдигин эске алуу менен капиталды баалоо жана бөлүштүрүү. Банк кеминде жеке жана тармактык концентрация тобокелдигинин ордун жабууга тийиш. Ушул Жобонун 2-тиркемесинде банктарга кредиттик концентрациялануу тобокелдигинин ордун жабуу үчүн капиталды бөлүштүрүүдө таяна турган стандартташтырылган ыкмалар сунушталат;
б) банктык портфелдеги пайыздык чен тобокелдигине дуушарланууңузга баа берүү жана бул тобокелдиктин ордун жабуу үчүн капитал бөлүү;
в) бизнес тобокелдигине дуушарланууңузга баа берүү жана бул тобокелдиктин ордун жабуу үчүн капитал бөлүү;
г) комплаенс тобокелдигине дуушарланууңузга баа берүү жана бул тобокелдиктин ордун жабуу үчүн капитал бөлүү;
д) рыноктук тобокелдикке дуушарланууңузга баа берүү жана бул тобокелдиктин ордун жабуу үчүн капитал бөлүү;
е) башка олуттуу тобокелдиктерге дуушарланууңузга баа берүү;
ж) банк башка олуттуу тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн өзүнүн ички капиталына сандык баа берүү мүмкүнчүлүгү болбогон учурларда, ал тобокелдиктер үчүн каралган капиталынын 5 пайызынан 15 пайызына чейинки бөлүгүн бөлүп берүүгө милдеттүү, алар Капиталдын жетиштүүлүгү боюнча нускоого ылайык эсептелет.
30. Капиталга карата ички талаптарды эсептөөдө банк төмөнкүлөрдү ишке ашырууга тийиш эмес:
1) ликвиддүүлүк тобокелдиктери үчүн капиталга карата кайсы болбосун ички талаптарды сандык аныктоо, анткени бул тобокелдиктердин орду капитал менен жабылууга тийиш эмес;
2) капиталга карата ички талаптарды Капиталдын жетиштүүлүгү боюнча нускоого ылайык эсептелген капиталга карата минималдуу талаптардан төмөн белгилөөгө;
3) банк толук түшүнбөгөн жана демек өзүнүн ички тобокелдиктерин тескөө жана чечимдерди кабыл алуу үчүн колдонбогон, тобокелдиктерге сандык баа берүүнүн татаал методологиясын ишке киргизүүгө.
Банк таза тобокелдикти баалоону эске алуу менен методологиялардын шайкештигин көрсөтүүгө тийиш.
31. Банктар КЖБИЖ боюнча отчётуна ушул параграфта каралган главаны, анын ичинде төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) төмөнкүлөрдү салыштыруу же алардын шайкештиги:
а) ушул Жобонун 23-пунктуна ылайык олуттуу тобокелдиктерди аныктоо;
б) ушул Жобонун 24 жана 25-пункттарына ылайык бул олуттуу тобокелдиктерге баа берүү; ошондой эле
в) тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн бөлүнгөн капиталга талаптар.
2) стратегиялык жана ыкчам пландаштырууда, ошондой эле тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн белгилөөдө капиталдын шайкештигине ички баа берүүнүн натыйжаларын жана көрсөткүчтөрүн пайдалануу.
§ 10. Капиталды пландаштыруу
32. Банк өзүнүн капиталынын шайкештик коэффициенттерин болжолдоо, банктын капиталына жана капиталга карата талаптарына баа берүү, ошондой эле анын банктын бизнес-пландарына толук шайкештигин камсыз кылуу жана банктын капиталынын максаттуу көрсөткүчтөрү тууралуу маалымдоо аркылуу капитал боюнча өз планын иштеп чыгууга тийиш.
33. Ушул Жобонун мурунку пунктунда көрсөтүлгөн капитал боюнча пландарды иштеп чыгууда банк төмөнкүлөрдү ишке ашырууга тийиш:
1) Банктар жөнүндө мыйзамдын 25-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык банктын бизнес-планындагыдай эле макроэкономикалык сценарийди, анын ичинде банк иштей турган рынок сегментинин реалдуу экономикалык шарттарын эске алуу менен жүргүзүлгөн эсептөөлөрдү жана болжолдоолорду негиз катары алууга;
2) финансылык болжолдоолорду бизнес-планга ылайык колдонууга, аларды зарыл болгон учурда, пруденциалдык эрежелерди (мисалы, резервдик талаптарды) колдонуу аркылуу оңдоого;
3) үч жылдык мезгил үчүн банктын капиталынын, тобокелдикти эске алуу менен өлчөнгөн активдеринин жана капиталдын жетиштүүлүгүнө талаптардын күтүлүп жаткан өзгөрүүсүнө баа берүүгө;
4) банк болжолдонгон мезгил ичинде ишке ашырууну пландаштырып жаткан капиталга байланыштуу иш-аракеттерге баа берүүгө жана санын аныктоого, анын ичинде:
а) бөлүштүрүлбөгөн пайда жана дивиденддерди төлөө;
б) субординацияланган карызды тартуу, акцияларды же Биринчи деңгээлдеги капиталдын инструменттердин чыгаруу аркылуу өздүк каражаттарды көбөйтүү;
в) активдерди же финансылык үлүштөрдү сатуу;
г) талапка жооп берген учурларда, ченемдик укуктук базага жана бухгалтердик эсепке алуу системасына киргизилүүчү өзгөрүүлөрдүн таасири.
5) капитал боюнча план ишенимдүү, актуалдуу жана банктын бизнес-планына жана стратегиялык планына, тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө жана капиталдык ресурстарга толук шайкеш келишин камсыз кылуу зарыл.
§ 11. Стресс-тестирлөө
34. Банктар келечекте банктын капиталынын жетиштүүлүгүнө терс таасирин тийгизиши ыктымал болгон жагдайларды же рыноктук жагдайлардын өзгөрүүлөрүн аныктоо үчүн өздөрүнүн КЖБИЖ боюнча отчётторунун алкагында стресс-тесттерди өткөрүүлөрү зарыл. Бул үчүн банктар төмөнкүлөрдү ишке ашырууга тийиш:
1) бүтүндөй банк боюнча бардык олуттуу тобокелдиктерди аныктоо менен чабал жактарын терең талдоо жана анын негизинде бир стресс-сценарийди аныктоого;
2) сценарий боюнча стресс-тесттердин деңгээлин банктын бизнес-моделинен жана операциялык чөйрөсүнөн келип чыккан айрым негизги чабал жактарына стресстик макроэкономикалык жана финансылык жагдайлар көз карашында ылайыкташтырууга;
Стресс-сценарийлер кыйла интенсивдүү болуп, анда кыйла узак мезгил ичинде банктын тиешелүү операциялык чөйрөсүндө болгон жагдайлар камтылууга тийиш жана алардын кесепеттерин азайтуу үчүн активдүү башкаруу стратегиялары камтылышы мүмкүн. Бул максатта банк Кыргыз Республикасындагы жана коңшулаш өлкөлөрдө акыркы банктык кризис учурунда келип чыккан экономикалык жана финансылык кырдаалды карап чыгышы мүмкүн;
Катуулатылган, бирок жүйөлүү макро жол берүүлөрдү колдонуу, ошондой эле негизги чабал жактарга көңүл буруу банктын капиталынын шайкештигине таасирдин олуттуулугун баалоого мүмкүндүк берет;
3) олуттуу тобокелдиктер боюнча банктар төмөнкүлөрдү ишке ашырууга тийиш:
а) стресс-тестирлөө учурунда банктын олуттуу тобокелдиктери кандайча эске алынганын түшүндүрүүгө;
б) стресс-тестте колдонулган негизги тобокелдик факторлорун аларга салыштыруу;
4) стресс-сценарийде капиталдын шайкештиги ченемдерин эсептөө;
5) сценарийлердин талдоосун даярдоодо банк колдонгон методологияларды, анын ичинде проблемалуу кредиттерди жана кредиттик чыгымдарды кантип болжолдогонун түшүндүрүүгө;
6) сценарийдин сандык натыйжасынын интерпретациясын же сүрөттөлүшүн берүүгө.
35. Стресс-тестирлөөнү аныктоо үчүн банк макро-стресс-тест өткөрүүгө жана аны өзүнүн КЖБИЖ боюнча отчетунда чагылдырууга тийиш, анда экономикалык жигердүүлүк көрсөткүчүнүн олуттуу төмөндөшүнүн (рецессия) натыйжасында жалпы начарлоо сценарийи каралат. Бул сценарий алгылыксыз шарттарды чагылдырууга тийиш жана Кыргыз Республикасынын макроэкономикалык жагдайынын начарлоосун, ошондой эле ички дүң продукттун тиешелүү түшүүсүн, жумушсуздук деңгээлинин өсүшүн, инфляцияны жана пайыздык чендерди, өлкөнүн тышкы конъюнктурасынын начарлоосун камтышы мүмкүн. Сценарийдин стрессттик финансылык болжолдоолорунда үч жылдык мезгил камтылууга тийиш.
§ 12. Башка жоболор
36. Ушул главанын 2-11-параграфтарында баяндалган маалыматтарга кошумча, банктар КЖБИЖ боюнча өз отчетуна төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
1) КЖБИЖда аныкталган үзгүлтүктөрдү жана кемчиликтерди кыскача баяндоо;
2) ушул параграфтын 1-пунктчасына ылайык аныкталган олуттуу үзгүлтүктөрдү жана кемчиликтерди четтетүү боюнча түзүлгөн иш-чаралар планы. Иш-чаралар планында төмөнкүлөр да камтылышы мүмкүн:
а) банктын таза тобокелдигин жакшыртуу, анын ичинде иштин тобокелдүү түрлөрүн же бизнес багыттарын кыскартуу же токтотуу, тобокелдиктерди азайтуу ыкмаларын ишке киргизүү ж.б.;
б) банктын тобокелдиктерди тескөө жана контролдоо сапатын жогорулатуу; жана
в) капитал боюнча максаттуу көрсөткүчтүн өзгөрүшү.
5-глава. КЖБИЖ боюнча отчётко баа берүүлөр
37. Банк КЖБИЖ боюнча ар бир отчётту тапшырган күндөн тартып 2 (эки) айдын ичинде Улуттук банк аны карап чыгат жана ага камтылууга тийиш болгон бардык маалыматтар жетиштүү деңгээлде камтылышына баа берет.
38. Улуттук банк ушул Жобонун талаптарын, ошондой эле банктар тарабынан берилген КБЖК боюнча отчётторду баалоо жана салыштыруу үчүн иштелип чыккан ички методикаларды эске алуу менен КЖБИЖ боюнча отчётторго баа берет.
39. КЖБИЖ отчётунун негиздүүлүгүнө, натыйжалуулугуна жана толуктугуна баа берүүдө Улуттук банк банктын капиталынын түзүмүнүн уюштуруу түзүмүнүн татаалдыгына жана банктын таза тобокелдигине ылайык келишин эске алат.
40. Эгерде Улуттук банк КЖБИЖ боюнча отчетто олуттуу кемчиликтер бар деп эсептесе, ал банкка өз баа берүүсү жөнүндө билдирет жана банктан Улуттук банктын комментарийлерин эске алып, алардын четтетилгендигин көрсөтүү менен такталган отчетту 2 (эки) айдын ичинде берүүнү талап кылат.
41. Эгерде Улуттук банк кайра каралган отчёттогу кемчиликтер талапка ылайык четтетилди деп эсептебесе, ал отчётко тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы жөнүндө банкка маалымдайт.
42. Эгерде банк КЖБИЖ боюнча кайра каралган отчётту бербесе же Улуттук банк кайра каралган КЖБИЖ боюнча отчётто ага баштапкы баа берүүдө аныкталган кемчиликтер талаптагыдай четтетилбегендигин аныктаса, анда Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банкка карата таасир этүү чараларын колдонушу мүмкүн.
| «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгүнө (шайкештигине) баа берүү боюнча ички жол-жоболор жөнүндө» жобого карата 1-тиркеме |
КЖБИЖ боюнча отчёттун
ФОРМАСЫ
Жетекчи үчүн резюме
(ушул Жобонун 4-главасынын 2-параграфын карагыла
1. Капитал боюнча максаттуу көрсөткүчтөр |
[Банк өзүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүн капитал боюнча аныктайт жана (а) банктын таза тобокелдигин, (б) капиталга карата минималдуу талаптарды, (в) колдонулган учурларда «буфердик капитал» индексин, (г) капиталга карата ички талаптарды, (д) банк капиталга карата минималдуу талаптардан ашыкча колдоого алууга даяр болгон кошумча буфердик резервди, (е) банк финансылык чыңдоо планына ылайык алардын жардамы менен капитал топтой алган жеткиликтүү чараларды, (ж) банктар КЖБИЖге ылайык жүргүзгөн стресс-тесттердин жыйынтыктарына, (з) банктын капитал боюнча пландарында аныкталган капиталды потенциалдуу керектөөлөрдү, (и) дивиденддерди төлөө саясатын эске алуу менен банктын капиталы учурда жетиштүү экендигин аныктайт. Банк кеминде Базалык капитал жана суммардык капитал боюнча өзүнүн капиталынын жетиштүүлүгү боюнча максаттуу көрсөткүчтөрүн билдире тургандыгы күтүлүүдө. |
|
2. Бизнес-модель |
[Бизнес-моделди жана жалпы активдерди жана активдердин кыйла маанилүү статьяларын, киреше, чыгаша жана пайданын суммасын көрсөтүү менен банктын учурдагы финансылык абалын кыскача сүрөттөп бергиле. Иштин негизги багыттарын аныктагыла. Учурдагы бизнес-моделдеги кайсы болбосун күтүлүүчү өзгөртүүлөрдү, бизнес-пландарды жана кийинки жылга болжолдонуучу финансылык абалды көрсөткүлө. Банк бизнес-пландардагы ушул бөлүккө кайчылаш шилтеме келтириши мүмкүн.] |
|
3. Тобокелдиктерди тескөө системасын уюштуруу |
КЖБИЖ боюнча отчёт даярдоо, бекитүү, мониторинг жүргүзүү жана текшерүү үчүн тобокелдиктерди тескөө системасын кыскача сүрөттөп бергиле, анын ичинде ишке тартылган түзүмдүк бөлүмдөрдү жана бекитүү процессин, ошондой эле ички аудит кызматы тарабынан документ текшерилгендигин кеңири көрсөткүлө. |
|
4. Тобокелдиктерди аныктоо жана баалоо |
[Банк олуттуу тобокелдиктер тизмегин сунуштайт] |
[Банктын олуттуу тобокелдиктери жана аларды өзүнүн таза тобокелдигине банк тарабынан өзү баа берүүсүнөн турган баалоо] |