КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 21-январы № 18
Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө
(КР 2025-жылдын 21-октябрындагы № 225 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык дин тутуу эркиндигин жүзөгө ашыруу үчүн кепилдиктерди камсыз кылууга багытталган, диний иш субъекттеринин статусун, укуктарын жана милдеттерин аныктайт, алардын ишине байланыштуу келип чыккан мамилелерди жөнгө салат.
2-берене. Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө мыйзамдар
Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан жана ага ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актылардан турат. Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ушул Мыйзамга каршы келген ченемдик укуктук актыларды чыгарууга жол берилбейт.
3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги терминдер жана түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
1) диний багыттагы объекттер жана предметтер - диний ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон ар кандай материалдык буюмдар жана объекттер (имараттар, мечит жана чиркөө буюмдары ж.б.);
2) сыйынуу бөлмөлөрү (намазкана жана башка сыйынуу бөлмөлөрү) - белгилүү бир диний уюм (конфессия) тарабынан сыйынуу максатында гана колдонулуучу жана жалпыга жеткиликтүү болгон, санитардык талаптар жана өрт коопсуздук эрежелери сакталган жайлар жана курулмалар;
3) миссия - уставдын негизинде иштөөчү жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте эсептик каттоодон өткөн чет өлкөлөрдүн диний уюмунун өкүлчүлүгү тарабынан Кыргыз Республикасында диний ишти жүзөгө ашыруунун уюштуруу-укуктук формасы;
4) миссионер - чет өлкөлүк диний уюмдун жолдомосу жана Кыргыз Республикасындагы диний уюмдун чакыруусу боюнча ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында диний ишти убактылуу жүзөгө ашыруучу чет өлкөлүк жаран;
5) диний насаатчы - тиешелүү диний уюмдардын борбордук башкаруу органынын макулдугу менен ар кандай ыкмалар аркылуу (анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары (мындан ары - ЖМК) жана Интернет тармагы аркылуу) динди жайылтуу менен алектенген диний ишмер, ушул Мыйзамда белгиленген тартипте эсептик каттоодон өткөн жаран;
6) ажылык - динге ишенгендердин диний мааниге ээ ыйык жерлерге баруусу;
7) прозелитизм - башка диний окуулардын жолдоочуларын өз динине өткөрүүгө умтулуу;
8) диний иш - төмөнкүлөргө багытталган иш:
- ушул Мыйзамда белгиленген тартипте динге ишенгендердин диний муктаждыктарын канааттандырууга;
- диний окууларды жайылтууга, диний билим берүүгө;
- коомдо салт катары түптөлгөндөрдү кошпогондо, диний ырым-жырымдарды жана чогулуштарды өткөрүүгө;
- диний багыттагы буюмдарды, диний адабияттарды жана материалдарды даярдоого жана жайылтууга, анын ичинде Интернет тармагында жана ЖМКда;
- ажылыкты уюштурууга;
9) диний ишмерлер (дин кызматчылары, сыйынуу кызматчылары) - дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө мыйзамдарга ылайык диний уюмдун атынан диний ишти жүзөгө ашыруучу, анын ичинде ЖМК жана Интернет тармагы аркылуу жүзөгө ашыруучу адамдар;
10) диний адабияттар жана материалдар - диний тексттер, ыйык жазуулар, ошондой эле диний ишти жүзөгө ашыруунун алкагында диний уюм тарабынан чыгарылуучу, жайылтылуучу, белгилүү бир динге тийиштүү болгон диний мазмундагы башка жарыяланган эмгектер, басма, электрондук, аудио жана видеоматериалдар;
11) диний уюм - диний ишти биргелешип жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан ыктыярдуу негизде түзүлгөн, уставдын негизинде иштөөчү жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте эсептик каттоодон өткөн диний бирикменин уюштуруу-укуктук формасы;
12) диний кайрымдуулук фонду - негизги максаты диний багыттагы объекттерди, диний окуу жайларын, социалдык объекттерди курууну жана реконструкциялоону каржылоо жана диний уюмдарга, калктын түрдүү катмарларына, анын ичинде диний билим алуу максатында чет өлкөлөргө кетип жаткан адамдарга материалдык жардам көрсөтүү, ошондой эле диний муктаждыктарды канааттандырууга багытталган башка каржылоону жүзөгө ашырган уюм;
13) секта -кандайдыр бир конфессиядан, негизги диний окуудан бөлүнгөн жана аны менен макул болбогон, коомдун кызыкчылыктарына кайдыгерлик жана карама-каршылык көрсөткөн диний агым (жамаат);
14) диний символ - белгилүү бир динге таандыктыгын көрсөткөн белги, атрибут же буюмдай белги.
4-берене. Дин тутуу эркиндигине болгон укук
1. Кыргыз Республикасында эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышы мүмкүн эмес.
Кыргыз Республикасында ар бир адамга абийир жана дин тутуу эркиндигине болгон укук кепилденет.
2. Ар кимдин кайсы динди болбосун эркин жана өз алдынча тандоо, тутуу укугу, анын ичинде өз динин же ынанымдарын өзгөртүү, өзүнүн диний жана башка ынанымдарын билдирүүгө же алардан баш тартууга мажбурланбашы абсолюттук коргоого алынат.
3. Улуттук коопсуздукту, коомдук укук тартибин, калктын саламаттыгын жана адеп-ахлагын коргоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында, адамдын дин тутуу эркиндигине болгон укугун чектөөгө Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары менен жол берилет. Мында конституциялык эркиндиктердин жана укуктардын маңызына доо кетпеши керек. Киргизилген чектөөлөр аталган максаттарга шайкеш болууга тийиш. Адамдын дин тутуу эркиндигине болгон укугун чектөөчү мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга тыюу салынат.
4. Жарандык, саясий, экономикалык, социалдык жана маданий турмуштун бардык тармактарында динге жана диний же болбосо башка ынанымдарга болгон мамилесине карабастан мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей. Расмий документтерде адамдын динге болгон мамилесин көрсөтүүгө жол берилбейт.
5. Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей дин тутуу эркиндигинен пайдаланат жана ушул Мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузгандыгы үчүн кылмыш-жаза мыйзамдарында же укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликти тартат.
6. Кыргыз Республикасында төмөнкүлөргө жол берилбейт:
1) динге жана диний же болбосо башка ынанымдарга карата мамилесине жараша артыкчылыктарды, чектөөлөрдү же басмырлоонун башка түрлөрүн белгилөөгө;
2) басмырлоого, кастыкка же зомбулукка чакырган диний жек көрүүнү, диний артыкчылыкты пропагандалоого;
3) мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарында, бөлүктөрүндө жана бөлүмдөрүндө динди (диний агымдарды) жайылтууга жана пропагандалоого;
4) диний ишмерлер жана диний уюмдар тарабынан кыргыз элинин каада-салттарынын жана үрп-адаттарынын ролун төмөндөтүүгө;
5) укуктук жана диний ченемдерди карама-каршы коюуга, коомдук мамилелерди жөнгө салууда укуктук ченемдерди басмырлоого жана, тескерисинче, диний ченемдердин илгерилөөсүн токтотууга;
6) психологиялык жана физикалык таасир көрсөтүү, коркутуу, зомбулук көрсөтүү жолу менен башка диний окуулардын жолдоочуларын, ошондой эле диний бейтарап адамдарды жана атеисттерди өз динине өткөрүүгө багытталган аракеттерге;
7) жарандардын диний сезимдерин мазактаган коомдук иш-чараларды өткөрүүгө, тексттерди жана сүрөттөрдү жайгаштырууга, анын ичинде ЖМКда жана Интернет тармагында;
8) диний бирикмелерге мамлекеттик органдардын, мамлекеттик мекемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын аткарууну жүктөөгө;
9) китепчелерди жана баракчаларды таратуу жолу менен динди жайылтуу же таңуулоо максатында, диний багыттагы объекттерди кошпогондо, турак жана турак эмес жайларды үймө-үй кыдырууга;
10) жашы жете электерди диний ишке, кызмат ордуна тартууга.
7. Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, эч ким өзүнүн диний ынанымдарынын жүйөлөрү боюнча мыйзамда белгиленген жарандык милдеттерди аткаруудан баш тартууга укуксуз. Диний ынанымдарынын жүйөлөрү боюнча бир милдетти башкасына алмаштырууга Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө мыйзамдарында каралган учурларда гана жол берилет.
5-берене. Мамлекет жана диний бирикмелер
1. Дин тутуу эркиндиги чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат төмөнкүлөрдөн түзүлөт:
1) Кыргыз Республикасы - дин аралашпаган мамлекет, анда диний уюмдардын жана диний сыйынуу кызматчыларынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине кийлигишүүсүнө жол берилбейт;
2) эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары белгилениши мүмкүн эмес;
3) диний уюмдардын диний окуусу жарандар үчүн милдеттүү катары белгилениши мүмкүн эмес;
4) бардык диндер жана диний уюмдар мыйзам алдында бирдей;
5) мамлекет менен диний уюмдардын өз ара мамилелери алардын руханий, маданий, мамлекеттик жана улуттук каада-салттарды калыптандырууга тийгизген таасирин эске алуу менен мыйзам аркылуу жөнгө салынат.
2. Мамлекет динди тутунган жана динди тутунбаган жарандардын, ар кандай дин туткан диний уюмдардын ортосунда, ошондой эле алардын жолун жолдоочулардын ортосунда өз ара сабырдуулук жана урматтоо мамилелерин орнотууга өбөлгө түзөт.
3. Диний уюмдардын жана диний ишмерлердин мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына кандайдыр бир кысым көрсөтүү аракеттери кылмыш-жаза мыйзамдарына же укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке алып келет.
4. Эгерде диний уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузбаса, бир диндин же дин ишениминин башкаларга карата кандайдыр бир артыкчылыктарын белгилөөгө же чектөөгө жол бербесе, диний уюмдардын ишин жана атеисттик же башка диний ынанымдарды пропагандалоо боюнча ишти каржылабаса, мамлекет алардын ишине кийлигишпейт.
5. Диний ишмерлер мамлекеттик жана муниципалдык кызматка киргенде алардын диний иши ошол мөөнөткө токтотулуп турат.
6. Кудайга сыйынуучу жайларда чогулуштарды, митингдерди, шайлоо алдындагы үгүттү жана саясий мүнөздөгү башка иш-чараларды өткөрүүгө жол берилбейт.
7. Кыргыз Республикасында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) диний негизде партияларды жана башка саясий түзүлүштөрдү түзүүгө, ошондой эле диний бирикмелердин саясий ишке катышуусуна же аны диний ишмерлердин каржылоосуна, анын ичинде ЖМК жана Интернет тармагы аркылуу;
2) өзүнүн диний ишин токтоткондон кийин 5 жылдын ичинде диний ишмерлердин шайлоо аркылуу ээленүүчү Президенттин кызмат ордуна, Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкер катары катышуусуна; шайлоо фонддоруна ыктыярдуу кайрымдуулуктарды берүүсүнө; алардын үгүт жүргүзүүсүнө, кандай болбосун үгүт материалдарын чыгаруусуна жана таратуусуна;
3) диний багыттагы жайларда шайлоо алдындагы үгүттү, чогулуштарды жана саясий мүнөздөгү башка иш-чараларды жүргүзүүгө, ошондой эле диний тематиканы түздөн-түз жана кыйыр түрдө өздөштүрүүнү же шилтемелерди камтыган маалыматтарды (сүрөттөрдү) чагылдырууга жана башкача пайдаланууга;
4) диний ишмерлердин мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын иштерине кийлигишүүсүнө, анын ичинде аларга кандай формада болбосун кысым көрсөтүүсүнө;
5) мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарында, бөлүктөрүндө жана бөлүмдөрүндө диний бирикмелерди түзүүгө;
6) иши конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, улуттук коопсуздукту бузууга, социалдык, расалык, улуттар аралык жана диний араздашууларды козутууга багытталган диний бирикмелердин иштешине;
7) динди жайылтуу же болбосо диний ишке тоскоолдук кылуу жана дин тутуу белгилери боюнча басмырлоо максатында кызматын же кызмат абалын пайдаланууга;
8) диний ишмерлердин же диний иштин субъекттеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген милдеттүү же сунушталган эмдөөдөн баш тартууга багытталган маалыматтарды жайылтууга.
6-берене. Билим берүү жана дин
1. Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын ар кандай түрлөрүнө жана деңгээлдерине жеткиликтүүлүк адамдарга алардын динге болгон мамилесине карабастан берилет.
2. Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын уюмдарында диний уюмдарды түзүүгө жол берилбейт.
3. Диний уюмдардын борбордук башкаруу органы өзүнүн уставына ылайык жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте дин кызматчыларын жана ага зарыл болгон диний персоналды даярдоо үчүн өз каражаттарынан каржылануучу диний окуу жайларын түзүүгө, күтүүгө укуктуу.
Диний окуу жайы билим берүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын билим берүү системасына кирбейт.
4. Диний билим берүү кесиптик атайын диний (руханий) билим берүү жана жашы жеткен жана жашы жете электер үчүн кыска мөөнөттүү диний курстар формасында жүзөгө ашырылат.
Атайын диний (руханий) билим берүү диний окуу жайлары тарабынан уюштуруучу (уюштуруучулар) бекиткен, мазмуну дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дин таануу экспертизасынын оң корутундусу менен жактырылган окуу программаларынын негизинде ишке ашырылат.
Жашы жеткендер үчүн кыска мөөнөттүү диний курстар диний окуу жайынын уюштуруучусу (уюштуруучулары), диний уюмдардын борбордук башкаруу органы жана диний уюмдардын тиешелүү органдары тарабынан бекитилген, мазмуну дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дин таануу экспертизасынын оң корутундусу менен жактырылган окуу программаларынын негизинде диний окуу жайлары, ошондой эле диний уюмдар тарабынан да ишке ашырылат.
Жашы жете электер үчүн кыска мөөнөттүү диний курстар билим берүү жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте, кошумча билим берүү программалары боюнча окуудан тышкаркы убакта ишке ашырылат.
5. Жарандар жогорку жана орто диний окуу жайларына Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык милдеттүү билим алгандан кийин кабыл алынат.
Жалпы билим берүү сабактарынын минималдуу комплексин диний окуу жайларынын билим берүү программаларына киргизүү милдеттүү болуп саналат жана билим берүү жаатындагы жана дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча ишке ашырылат.
6. Диний окуу жайларында диний сабактарды окуткан адамдар тиешелүү документ менен ырасталган атайын орто жана жогорку диний (руханий) билимге ээ болууга жана өз ишин алар турган диний уюмдун борбордук башкаруу органы менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырууга тийиш.
7. Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын бардык деңгээлдеринде жекече тартипте жана диний окуу жайынан тышкары диний сабактарды окутууга тыюу салынат. Ушул бөлүктө каралган талаптарды бузууга күнөөлүү адамдар укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.
Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын билим берүү программаларына жалпы билим берүүчү мүнөздөгү дин таануу сабактары киргизилиши мүмкүн.
8. Кыргыз Республикасынын жарандары билим берүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык жалпы орто билим алгандан (11-класс) кийин же диний билим алгандан кийин чет өлкөдө диний билим алууга укуктуу.
Кабыл алуучу диний окуу жайын эсепке алууну, ал жөнүндө маалымдоону жүзөгө ашыруу максатында чет мамлекеттердин диний окуу жайларына окууга кетип жаткан жарандар дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө кабарлайт.
Диний билим алуу максатында Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыкканда жарандар барган өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын дипломатиялык (консулдук) өкүлчүлүгүндө консулдук каттоого турат. Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга чет мамлекеттердин диний окуу жайларына окууга кетип жаткан жарандар жөнүндө маалымдайт.
Дин иштери боюнча, билим берүү жана тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын жарандарын окутуу үчүн сунушталган чет өлкөлүк диний окуу жайлары жөнүндө маалымат базасын биргелешип түзөт, аны түзүү тартиби аталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын биргелешкен тескемеси менен аныкталат.
9. Диний окуу жайларында диний билим берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) тарабынан белгиленет.
7-берене. Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын диний бирикмелер менен өз ара мамилелерин координациялоо жана диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты калыптандыруу жана ишке ашыруу боюнча иштерди жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт. Анын укуктук абалы, ишин уюштуруу жана тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.