Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2025-жылдын 27-январы № 28

Маалымат алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 13-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

IV бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 232-глава менен толукталсын:

"232-глава. Маалымат ээлеринин маалымат алууга болгон укукту бузган аракетине (аракетсиздигине) жана (же) актыларына даттануу боюнча өндүрүш

2117-берене. Маалымат ээлеринин маалымат алууга болгон укукту бузган аракетине (аракетсиздигине) жана (же) актыларына даттануу

1. Маалымат берүүдөн баш тартылган жана (же) аларга карата "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузган аракет (аракетсиздик) жана (же) актылар (чечимдер) кабыл алынган жеке жана юридикалык жактар маалымат алуу укугун коргоо жөнүндө иштер боюнча арыз берүүчүлөр болушу мүмкүн.

2. Арыз ушул Кодексте белгиленген эрежелер боюнча, ушул главада белгиленген өзгөчөлүктөр менен сот тарабынан каралат.

3. Маалымат алуу укугун коргоо жөнүндө иштер алдын ала өндүрүштүн аяктагандыгы жана ишти соттук териштирүүгө дайындоо жөнүндө аныктама кабыл алынган күндөн тартып бир ай ичинде каралат жана чечилет.

2118-берене. Арыз берүү

1. Арыз даттанылып жаткан актынын кабыл алынгандыгы же даттанылып жаткан аракеттин жасалгандыгы жөнүндө арыз ээсине белгилүү болгон күндөн тартып бир айдын ичинде, ал эми арыз ээсинин суроо-талабын кароо мөөнөтүн узартуу жөнүндө жооп же кабарлоо алынбаганда, маалымат ээсинин аракетсиздигине карата арыз ээси кайрылган күндөн тартып он беш жумуш күн өткөндөн кийин бир айдын ичинде сотко берилиши мүмкүн.

2. Маалымат ээсинин аракетине (аракетсиздигине) жана (же) актысына талаш-тартышты сотко чейин чечүү тартибинде жогору турган органга же кызмат адамына даттанууда ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган сотко арыз берүү мөөнөтү арыз ээсинин даттануусун канааттандыруудан баш тартуу алынган күндөн тартып, ал эми берилген даттанууга жооп алынбаган учурда арыз ээси даттануу берген күндөн кийинки күндөн тартып он беш жумуш күн өткөндөн кийин башталат.

3. Арыз ушул Кодекстин 111-беренесинде каралган талаптарга ылайык келүүгө жана ушул Кодекстин 2119-беренесине ылайык аракетке (аракетсиздикке) жана (же) даттанылып жаткан актыга карата арыз ээсинин кошумча талабын (талаптарын) камтууга тийиш.

2119-берене. Соттун чечими

1. Ишти маңызы боюнча чечүүдө сот арызды толук же жарым-жартылай канааттандырат же болбосо аны толук же жарым-жартылай канааттандыруудан баш тартат.

2. Арыз канааттандырылган учурда сот төмөнкүдөй чечим кабыл алышы мүмкүн: