ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XХXII СЕССИЯСЫ
(V ЧАКЫРЫЛЫШ)
2024-жылдын 29-августу № 234
Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө Жобону жана 2024-жылга карата Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү менчиктештирүү Программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэринин орун басары З. Юсуповдун Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө Жобону жана 2024-жылга карата Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү менчиктештирүү Программасын бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2024-жылдын 18-июлундагы №25 чечимин, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
-Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө Жобо 1-тиркемеге ылайык;
-2024-жылга карата Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү менчиктештирүү Программасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Төрага | С.С. Назылбеков |
| Ош шаардык Кеңешинин 2024-жылдын 29-августундагы кезексиз XXXII сессиясынын №234 токтомуна 1-тиркеме |