Сравнение редакций…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XXXIV СЕССИЯСЫ
(V ЧАКЫРЫЛЫШ)
2024-жылдын 10-сентябры № 240
“Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна тоорук өткөрүүсүз ижара укуктарын акы алуу менен берүү тартиби жана шарттары жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2024-жылдын 18-июлундагы №22 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
-“Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна тоорук өткөрүүсүз ижара укуктарын акы алуу менен берүү тартиби жана шарттары жөнүндө” Жобо 1-тиркемеге ылайык;
-жер участогун ижаралоонун типтүү келишими 2-тиркемеге ылайык;
-муниципалдык жер участоктордун уруксат берилген пайдалануусунун түрлөрү 3-тиркемеге ылайык.
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Төрага |
С.С. Назылбеков |
|
Ош шаардык Кеңешинин 2024-жылдын 10-сентябрындагы кезексиз XXXIV сессиясынын№ 240 токтомуна 1-тиркеме |