Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПОСТАНОВЛЕНИЕ КАБИНЕТА МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

 

2025-жылдын 20-февралы № 81

2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорунда өсүүнүн таяныч борборлорун түзүү жана өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-октябрындагы № 708 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" жана 2022-жылдын 18-октябрындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" жарлыктарын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 14-т тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылга иш-чаралар планынын 193-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорунда өсүүнүн таяныч борборлорун түзүү жана өнүктүрүү программасы (мындан ары - Программа) 1-тиркемеге ылайык;

2) Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык;

3) Программаны ишке ашыруунун индикаторлор матрицасы 3-тиркемеге ылайык;

4) Программанын ресурстук наркын баалоо 4-тиркемеге ылайык.

2. Министрликтер жана административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):

1) Программаны жана Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттө ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн;

2) ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Программаны жана Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берип турсун;

3) ар бир жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Программаны ишке ашыруунун индикаторлорун аткаруу жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берип турсун.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен Программаны жана Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 14 (3670) саны менен жарыяланды.

Председатель

Кабинета Министров Кыргызской Республики

 

А.А.Касымалиев