Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-февралындагы № 81 токтомуна) |
2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорунда өсүүнүн таяныч борборлорун түзүү жана өнүктүрүү ПРОГРАММАСЫ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-октябрындагы № 708 токтомунун редакциясына ылайык)
2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорунда өсүүнүн таяныч борборлорун түзүү жана өнүктүрүү программасы (мындан ары - Программа) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Жарлыгын, региондук ири калктуу конуштарды өсүүнүн таяныч борборлору катары өнүктүрүүнү караган 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын, 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын жоболорун ишке ашырууга багытталган.
Өсүүнүн таяныч борборлору - бул жанаша аймактарды же бүтүндөй регионду өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү экономикалык жана социалдык активдүүлүк үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөн Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдиктери. Өсүүнүн таяныч борбору болуп шаарларды жана региондорду экономикалык жана социалдык өнүктүрүүгө дем берген инновациялык иш үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана ишке ашырууга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлө турган шаар же регион саналат.
Экономикалык көз караштан алып караганда өсүүнүн таяныч борборун түзүүнүн максаты коңшу региондордогу же башка мамлекеттердеги окшош өндүрүштөргө салыштырмалуу ишкер субъекттер үчүн атаандаштык артыкчылыктарды жана жагымдуу инвестициялык климатты түзүү болуп саналат. Өсүүнүн таяныч борборлору ошондой эле билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, социалдык коргоо жаатында региондун деңгээлинде тиешелүү саясатты калыптандыруучу гуманитардык, социалдык чөйрөнү өнүктүрүүдө лидерлер болуп саналышат. Өсүүнүн таяныч борборлорун түзүүдө жана аларды өнүктүрүүдөн чыккан оң натыйжаларды жайылтууда мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аныктоочу роль жүктөлөт.
Бул Программада өсүүнүн таяныч борборлорун түзүүдө мамлекеттин ролун күчөтүү, өнүктүрүү субъекттеринин демилгелерин колдоонун натыйжалуу методдорун жана инструменттерин кызыкдар тараптарга берүү каралган. Айыл аймактарынын жана шаарлардын деңгээлинде жаңыдан түзүлгөн административдик-аймактык бирдиктердин алкагында ресурстарды бириктирүү үчүн өбөлгөлөр түзүлгөн Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформага байланыштуу Программа өзгөчө мааниге ээ.
Программа өсүүнүн таяныч борборлорун түзүүгө жана өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзүү боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн милдеттерди жана чараларды караган документ болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын региондорунда өсүүнүн таяныч борборлору болуп облустук борборлор эсептелет. Бул чечим облустук борборлор өсүүнүн таяныч борборун мүнөздөөчү потенциалга жана шарттарга ээ экендиги менен шартталган. Облустук борборлор тарыхый жана учурдагы ээлеген социалдык-экономикалык орду менен облустардын аймагында талашсыз өсүүнүн таяныч борборлору болуп эсептелишет. 2022-жылдан баштап Кара-Кол, Жалал-Абад, Токмок, Кара-Балта, Талас шаарларын жана башка кичи шаарларын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү колдоого республикалык бюджеттен максаттуу трансферттер бөлүнүп жатат.
Демек жалпысынан бүтүндөй регионду өнүктүрүү үчүн түрткү бере турган экономикалык жана социалдык активдүүлүктү топтоого жана өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 326 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өсүүнүн таяныч борборлоруна Ош облусунун Өзгөн районундагы Өзгөн шаары жана Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант шаары кошулат, аларды өнүктүрүү 2025-жылга республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен колдоого алынат.
Калган шаарлар, ошондой эле айыл аймактары орто мөөнөттү мезгилге иштелип чыккан өнүктүрүү программаларынын, мастер-пландардын, өсүүнүн таяныч борборунун критерийлерине жана өнүктүрүү стандарттарына шайкештигинин негизинде өсүүнүн таяныч борборлоруна кошулушу мүмкүн.
Ошондой эле бул Программаны ишке ашыруунун алкагында өсүүнүн таяныч борбору тарабынан Программанын мониторинг жана баалоо системасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналган Туруктуу өнүктүрүү максаттарын аткаруу үчүн шарттарды түзүү каралган.