Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 3-марты № 104
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 248 "Республикалык бюджеттин долбоорун түзүү жана республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин долбоорун түзүүдө айрым маселелерди тартипке келтирүү, ошондой эле бюджеттик пландоону регламенттөө процесстерин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 90, 91-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 248 "Республикалык бюджеттин долбоорун түзүү жана республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Республикалык бюджеттин долбоорун түзүү жана республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү тартибинде:
- 29-пунктта "салыктардан бошотууга байланыштуу жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин түшпөй калууларынын ордун толтурууга," деген сөздөр "салык салуунун жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуунун өзгөрүшүнө байланыштуу бюджеттик системанын бюджеттик кирешелеринин мүмкүн болуучу түшпөй калууларынын ордун толтурууга," деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 39-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"39. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Турукташтыруу фондун түзүү булактарынын болжолдоруна, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 432-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарына ылайык Турукташтыруу фондуна которулууга тийиш болгон каражаттарды карайт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 391-пункт менен толукталсын:
"391. Республикалык бюджеттин долбоорун түзүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кезектеги бюджеттик жылга пландалган корголгон жана милдеттүү чыгашалар жабылган учурда республикалык бюджеттин кирешелеринин бөлүгүн Турукташтыруу фондуна башка кирешелер катары которулуучу сумманы белгилеши мүмкүн.
Корголгон жана милдеттүү чыгашаларды жабуу төмөнкү формула боюнча эсептелет:
КМЧ = ПССК > КЧ;
мында:
КМЧ - корголгон жана милдеттүү чыгашаларды жабуу;
ПССК - кезектеги бюджеттик жылга пландалган салыктык жана салыктык эмес кирешелер;
КЧ - кезектеги бюджеттик жылга пландалган корголгон чыгашалар, мамлекеттик карыз боюнча пайыздарды жана негизги сумманы төлөөгө чыгашалар, Социалдык фондго жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна трансферттер, ошондой эле теңдештирүүчү трансферттер.";
- 61-пункт "дефицитти жабуу" деген сөздөрдөн кийин "(профицитти пайдалануунун багыттары)" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 621-пункт менен толукталсын:
"621. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (жергиликтүү кеңештер) тарабынан бекитилүүгө же жактырылууга тийиш болгон башка болжолдорду (эсептөөлөрдү, баалоолорду) жана ченемдерди киргизүүгө укуктуу.";
- 107-пунктта "15-тиркемесине" деген сөздөр "18-тиркемесине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Тартиптин 8-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык 18-тиркеме менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 4-мартындагы № 16 (3672) жарыяланды
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-декабрындагы № 845 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ