Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 19-марты № 138
Жүргүнчүлөр тууралуу алдын ала маалымат жана
жүргүнчүлөрдү каттоо жазуулары жөнүндө маалымат
системасы тууралуу жобону бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 474 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерин аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Жүргүнчүлөр тууралуу алдын ала маалымат жана жүргүнчүлөрдү каттоо жазуулары жөнүндө маалымат системасы тууралуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жүргүнчүлөр тууралуу алдын ала маалымат жана жүргүнчүлөрдү каттоо жазуулары жөнүндө маалымат системасынын оператору болуп Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети аныкталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 474 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-декабрындагы № 603 "Жүргүнчүлөр тууралуу алдын ала маалымат жана жүргүнчүлөрдү каттоо жазуулары жөнүндө маалымат системасы тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 21-мартындагы № 21 (3677) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |