Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-мартындагы № 138 токтому менен бекитилди) |
Жүргүнчүлөр тууралуу алдын ала маалымат жана жүргүнчүлөрдү
каттоо жазуулары жөнүндө маалымат системасы
тууралуу жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 474 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Жүргүнчүлөр тууралуу алдын ала маалымат жана жүргүнчүлөрдү каттоо жазуулары жөнүндө маалымат системасы тууралуу жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасында жүргүнчүлөр тууралуу алдын ала маалымат жана жүргүнчүлөрдү каттоо жазуулары жөнүндө маалымат системасынын иштөө тартибин жана оператордун, транспорттук системанын субъекттеринин жана алуучулардын ортосундагы маалыматтык өз ара аракеттенүүнү уюштурууну аныктайт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй аныктамалар колдонулат:
API/PNR системасы - API/PNR-маалыматын иштеп чыгуу, кабыл алуу жана сактоо боюнча байланыш каражаттарынын жана башка мүлктүн программалык-аппараттык комплекси.
API-маалыматы - каттамга тийиштүү болгон маалыматтардан жана ар бир өзүнчө жүргүнчүгө же экипаж мүчесүнө тийиштүү маалыматтардан турган жүргүнчүлөр тууралуу алдын ала маалымат.
PNR-маалыматы - жүргүнчү же анын атынан брондолгон ар бир жол жүрүүгө карата транспорттук системанын субъекттери түзгөн жүргүнчүнү каттоо жазуулары тууралуу маалымат.
Транспорттук системанын субъекттери - операторго API/PNR маалыматын өткөрүп берүүчү авиаташуучулар, темир жол ташуучулары, автомобилдик ташуучулар.
Авиаташуучулар - Кыргыз Республикасына(нан) эл аралык жана Кыргыз Республикасындагы ички аба жүргүнчүлөрдү ташууларды ишке ашыруучу авиакомпаниялар, ошондой эле туруксуз (чартердик) каттамдарды (жүк ташуучу жана жүргүнчүлөр) ишке ашыруучу авиакомпаниялар жана адамдар.
Темир жол ташуучулары - Кыргыз Республикасына(нан) жүргүнчүлөрдү эл аралык ташуу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу темир жол транспорт уюмдары.
Автомобилдик ташуучулар - Кыргыз Республикасына (андан) үзгүлтүксүз каттам автомобиль транспортунда жүргүнчүлөргө эл аралык ташуулар боюнча кызматтарды көрсөтүүчү юридикалык жактар.
Оператор - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети.
Алуучулар - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 474 токтомунун редакциясына ылайык)
3. API/PNR системасын түзүү жана иштетүү төмөнкүдөй негизги принциптердин негизинде ишке ашырылат:
1) жеке маалыматты камтыган маалыматты автоматташтырып иштеп чыгууда жарандардын конституциялык укуктарын сактоо, анын ичинде маалыматтын купуялуулугун камсыздоо;
2) маалыматтык өз ара аракеттенүүчү катышуучулардын иштеп жаткан жана жаңы түзүлүүчү маалыматтык системасынын маалыматтык өз ара аракеттенүүсүнүн технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу;
3) маалыматтык өз ара аракеттенүүчү катышуучулардын ишинде жүргүзүлүүчү административдик, уюштуруучулук жана башка өзгөрүүлөрдөн API/PNR системасынын технологиялык көз карандысыздыгын камсыздоо.
4. API/PNR системасынын маалымат базасы транспорттук системанын субъекттери берген API/PNR-маалыматынын негизинде бирдиктүү маалымат базасы катары оператор тарабынан түзүлөт.
5. Системаны каржылоо республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2-глава. API/PNR системасынын маалыматтык
өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу
6. API/PNR системасынын маалыматтык өз ара аракеттенүүчү катышуучулары оператор, транспорттук системанын субъекттери жана алуучулар болуп саналат.
7. Транспорттук системанын субъекттери операторго API/PNR- маалыматын автоматташтырып өткөрүп берүүнү камсыздайт.
8. Оператор өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык жана өз компетенциясынын чегинде:
1) API/PNR-маалыматын алууну, иштеп чыгууну жана колдонууну ишке ашырат;