Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-августундагы № 128 «Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагында жайгашкан жер участогун»ШАНФЭН ЗЭТ ЦЕМЕНТ«жоопкерчилиги чектелген коомуна ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 12-августу № 128
Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Кемин районунун
Кызыл-Октябрь айыл аймагында жайгашкан жер участогун
"ШАНФЭН ЗЭТ ЦЕМЕНТ" жоопкерчилиги чектелген коомуна
ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жөнүндө
Цемент заводунун аймагын кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 5 жана 20-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Кемин районунун мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 4-августундагы № 196-т тескемесин көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы № 1064/16,9 контурунда жайгашкан, "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына таандык болгон аянты 13,64 га жер участогу "ШАНФЭН ЗЭТ ЦЕМЕНТ" жоопкерчилиги чектелген коомуна өнөр жай багытындагы объекттерди куруу үчүн 49 жылдык мөөнөткө ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Кемин районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- бул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участогуна "ШАНФЭН ЗЭТ ЦЕМЕНТ" жоопкерчилиги чектелген коому менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ижара келишимин түзүүнү;
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерге шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
3. "ШАНФЭН ЗЭТ ЦЕМЕНТ" жоопкерчилиги чектелген коомуна белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү камсыздоо сунушталсын:
- жогорку чыңалуудагы электр берүү линияларын алып салуу же куруу зарыл болгон учурда жумуштарды каржылоону;
- бул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участогунда тарыхый-маданий мурас объектилери аныкталган учурда аларды сактоону;
- бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2021-жылдын 17-августундагы № 88 (3267) саны менен жарыяланды
Төрага | У.А.Марипов |