Сравнение редакций…
|
|
(Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 7 апрелиндеги № 76 буйругуна тиркеме)
|
Кыргыз Республикасынын калкын протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыз кылуунун тартиби жөнүндө жобо
( Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 268 буйругуна ылайык )
1. Жалпы жоболор.
1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси (мындан ары-РПОБМ) тарабынан калкты протездик - ортопедиялык буюмдар менен камсыз кылуунун тартибин аныктайт.
1.2. Протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси (мындан ары - РПОБМ) тарабынан акысыз жана акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт.
Акысыз негизде протездик-ортопедиялык буюмдар майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана башка мыйзамдар менен кепилденген акысыз протездик-ортопедиялык тейлөөгө укугу бар адамдарга ушул Жободо белгиленген тартипте берилет.
|
|
(Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 7 апрелиндеги № 76 буйругуна тиркеме)
|
Кыргыз Республикасынын калкын протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыз кылуунун тартиби жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 268, 2025-жылдын 26-ноябрындагы № 320 буйругуна ылайык)
1. Жалпы жоболор.
1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси (мындан ары-РПОБМ) тарабынан калкты протездик - ортопедиялык буюмдар техникалык көмөкчү каражаттар жана башка адистештирилген каражаттар менен камсыз кылуунун тартибин аныктайт.
1.2. Протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар техникалык көмөкчү каражаттар жана башка адистештирилген каражаттар мекемеси (мындан ары - РПОБМ) тарабынан акысыз жана акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт.