Сравнение редакций…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-майындагы № 251 токтомуна)
Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелери
1-глава. Коргоо объекттеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуу өзгөчөлүктөрү
§ 1. Коргоо объекттеринин өрт коопсуздугунун жалпы талаптары
1. Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелери (мындан ары – Эрежелер) өрт коопсуздугун камсыз кылуу максатында жеке жана юридикалык жактардын аракет көрүү эрежелерин, өндүрүштү уюштуруу жана (же) аймактарды, имараттарды, курулмаларды, уюмдардын жайларын, турак жай фондун жана башка объекттерди (мындан ары – коргоо объекти) күтүү тартибин белгилөөчү өрткө каршы ченемдердин талаптарын аныктайт. Ушул Эрежелерде төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана терминдер колдонулат: 1) авариялык чыгуучу жер – эвакуациялоо үчүн арналган жана түздөн-түз сыртка же коопсуз зонага алып баруучу чыгуучу жер (эшик, люк, терезе), ал адамдарды куткаруу үчүн кошумча чыгуучу жер катары колдонулат, бирок эвакуациялык жолдордун жана чыгуучу жерлердин зарыл болгон санынын жана өлчөмүнүн өрт учурунда адамдарды коопсуз эвакуациялоо шарттарына шайкештигин баалоодо эсепке алынбайт; 2) коргоо объекти – өрт коопсуздугунун талаптары белгиленген же белгиленүүгө тийиш болгон жеке жана юридикалык жактардын мүлкү, мамлекеттик же муниципалдык мүлк (анын ичинде аймак, имараттар, курулмалар, транспорт каражаттары, технологиялык түзүлүштөр, жабдуулар, агрегаттар, буюмдар жана башка мүлктөр); 3) өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттары – өрттүн алгачкы стадиясында өрт өчүрүү үчүн пайдаланылуучу өрт өчүрүүнүн алып жүрмө же көчмө каражаттары; 4) өрткө каршы ажырым (өрткө каршы аралык) – имараттардын жана (же) курулмалардын ортосундагы өрттүн таралышын болтурбоо үчүн белгиленген ченемделүүчү аралык; 5) курулма– тиреп туруучулардан, ал эми айрым учурларда тосмо конструкциялардан да турган жана ар түрдүү өндүрүштүк процесстерди аткаруу, материалдарды, буюмдарды, жабдууларды сактоо, адамдардын убактылуу болуусу, адамдардын, жүктөрдүн ж.б.у.с. орун которуу үчүн арналган көлөмдүү, жалпак же узунунан кеткен, жердеги, жер үстүндөгү же жер астындагы курулуш системасы; 6) кабарлоо жана эвакуацияны башкаруунун техникалык каражаттары – өрт жөнүндө адамдарга кабарлоо үчүн арналган техникалык каражаттардын (кабарлоочуларды, өрт кабарлоочуларын башкаруу приборлорунун) жыйындысы; 7) өрт сигнализациясынын орнотмолору – өрт аныктоо, өрт жөнүндө кабарды берилген түрдө иштеп чыгуу, берүү, өрт өчүрүүнүн жана түтүндү басуунун автоматтык орнотмолорун, технологиялык жана инженердик жабдууларды, ошондой эле өрткө каршы коргоонун башка түзүлүштөрүн иштетүүгө атайын маалымат жана (же) команда берүү үчүн арналган техникалык каражаттардын жыйындысы; 8) от менен аткарылуучу иштер – ачык отту колдонуу, учкун чыгаруу жана материалдарды, конструкцияларды тутандырууга жөндөмдүү температурага чейин ысытуу менен өндүрүштүк операциялар (электр менен ширетүү, газ менен ширетүү, бензин-керасин кесүү, каңдоо жумуштары, учкун пайда кылуу менен металлды механикалык иштетүү ж.б.); 9) эвакуация – өрттүн коркунучтуу факторлорунун аларга таасир тийгизүүсүнүн мүмкүнчүлүгү болгон жайлардан адамдарды тышка же коопсуз зонага уюштурулган өз алдынча (өз алдынча эмес) кыймылынын (орун которуу) процесси; 1-тиркеме
|