Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 210 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 674 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Агенттик) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
Агенттик дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
2. Агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларды, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Агенттик өз ишин башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар, ишканалар жана мекемелер менен карым-катнашта аткарат.
4. Агенттик юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы бар башка мөөрлөрү, штамптары болот.
5. Агенттиктин толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде:
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги";
- расмий тилде:
"Государственное агентство физической культуры и спорта при Кабинете Министров Кыргызской Республики".
6. Агенттиктин кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Спорт агенттиги";
- расмий тилде: "ГАФКС".
7. Агенттиктин юридикалык дареги: 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 17.
2-глава. Агенттиктин максаты
8. Агенттиктин максаты Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүү болуп эсептелет.
3-глава. Агенттиктин милдеттери
9. Агенттиктин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) өлкөнүн калкынын дене тарбия жана спорт менен машыгуусу үчүн шарттарды түзүү жана андан ары өркүндөтүү;
2) өлкөнүн эл аралык спорттук кадыр-баркын түзүү жана бекемдөө;
3) сергек жашоо мүнөзүн пропагандалоо;
4) калктын кеңири катмарын спортко тартууга жана сергек жашоого, дене тарбиялык жактан дени сак жаш муундарды тарбиялоого, спорт индустриясын жана инфраструктурасын өнүктүрүүгө, эл аралык спорттук аренада өлкөнү спорттун жогорку жетишкендиктери жаатында татыктуу көрсөтүүнү камсыз кылууга багытталган дене тарбия жана спорт жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
5) дене тарбия-спорттук коомдордун жана клубдардын ишин координациялоо, ошондой эле дене тарбиясынын машыктыруучу-окутуучуларынын жана инструкторлорунун ишин уюштуруу-методикалык жактан жетектөө;
6) балдарды спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга кеңири тартуу, балдарга спорттук билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жолу менен балдар спортун ар тараптан өнүктүрүү;
7) өлкөдө кесиптик жана массалык спортту, анын ичинде оюндардын жана кышкы оюндардын түрлөрүн өнүктүрүүгө дем берүү жана колдоо, алдынкы эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен спорттук даярдоо процессине заманбап технологияларды киргизүү, спорттун бардык түрлөрү боюнча улуттук чемпионаттардын деңгээлин жана сапатын жогорулатуу, эл аралык жана региондук мелдештерди уюштуруу, ошондой эле спорттогу адилетсиз атаандаштыкка жана тыюу салынган субстанцияларды жана (же) методдорду колдонууга каршы аракеттенүү боюнча системалуу чараларды көрүү;
8) эл аралык жана мамлекеттер аралык спорттук байланыштарды кеңейтүү жана чыңдоо, чет өлкөлүк инвестицияларды жана гранттарды тартуу боюнча иштерди уюштуруу, популярдуу спорттук программаларды уюштурууга көмөк көрсөтүү, дене тарбия жана спорт жаатында массалык адабияттарды басып чыгаруу жана тематикалык видео жана киноматериалдарды чыгаруу.
4-глава. Агенттиктин функциялары
10. Агенттик төмөнкү функцияларды аткарат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу боюнча функция:
- Агенттиктин белгиленген иш чөйрөсүнө тиешелүү маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгат;
- дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырат;
- дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруунун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзөт жана аны жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- спорттук мелдештерди жана массалык дене тарбия-спорттук оюн-зоок иш-чараларды өткөрүүнүн шарттарын жана тартибин аныктайт;
- Кыргыз Республикасынын улуттук спорттук курама командаларынын спортчуларын жана мүчөлөрүн спорттук шаймандар, жабдуулар жана кийим-кече менен камсыз кылат;
- массалык, балдар арасындагы жана кесиптик спортту өнүктүрүү багыттары боюнча ишти өркүндөтүү жана жаңы объекттерди жана курулмаларды куруу боюнча, алардын максималдуу жана натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылуу боюнча сунуштарды киргизет;
- тикелей инвестицияларды жана гранттарды тартуу менен дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө белгиленген тартипте эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат;
2) жөнгө салуу функциясы:
- белгиленген тартипте мамлекеттик, муниципалдык спорттук мектептерге олимпиадалык резерв статусун ыйгарат;
- мыйзамдарга ылайык республикалык дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу, спорттук иш-чаралардын, эл аралык мелдештердин жана окутуучу-машыгуучу жыйындардын Бирдиктүү календардык планын иштеп чыгат жана бекитет;
- Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери ардак наамдарын, калыстардын квалификациялык категорияларын ыйгаруу жана ажыратуу жөнүндө жоболорду иштеп чыгат;
- федерациялардын жана кызыкдар спорттук уюмдардын сунуштары боюнча Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү спорттук классификациясын иштеп чыгат жана бекитет;
- спорттук иш-чараларды, спорттун түрлөрү боюнча эл аралык спорттук мелдештерди өткөрүү регламенттерин иштеп чыгат жана бекитет;
- белгиленген тартипте "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу", "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери" наамдарын ыйгарат жана ажыратат;
- белгиленген тартипте "Улуттук даражадагы калыс", "Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" наамдарын ыйгарат жана ажыратат;
- спорттун түрлөрү боюнча келечектүү спортчуларды резервге кабыл алуунун жана даярдоонун планын аныктайт жана бекитет;
- белгиленген тартипте Спорттун жана спорттук дисциплиналардын түрлөрүнүн улуттук реестрин жүргүзөт;
- белгиленген тартипте Дене тарбия жана спорт объекттеринин реестрин жүргүзөт;
- белгиленген тартипте уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан кесиптик педагогикалык жана окутуу-машыктыруу ишин жүргүзгөн адамдардын каттоо эсебин жүргүзөт;
3) контролдоо функциясы:
- дене тарбия жана спорт маселеси боюнча иштердин абалын контролдойт жана баа берет, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин аткарылышын, концепциялардын, стратегиялардын, программалардын ишке ашырылышын контролдойт;
- белгиленген тартипте спортто допингдик препараттарды пайдаланууга каршы иш жүргүзөт;
- белгиленген тартипте спорттук мелдештерди жана массалык дене тарбия-спорттук оюн-зоок иш-чараларды токтотуп турат же токтотот;
4) мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү функциясы:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кызматтарды акысыз жана акы төлөнүүчү негизде, ошондой эле окуу-машыгуу жыйындары үчүн мейманкана кызматтарын көрсөтөт;
5) колдоо функциясы:
- спорттук сыйлоо атрибуттарын иштеп чыгат жана бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү кадрдык саясатты ишке ашырат;
- белгиленген тартипте спорттун түрлөрү боюнча окуу-машыктыруу жыйындарын уюштурат жана өткөрөт;
- эл аралык мелдештерге спортчулардын жана расмий өкүлдөрдүн катышуусун камсыз кылат;
- белгиленген тартипте спорттун түрлөрү боюнча улуттук рекорддорду бекитет;
- спорттун түрлөрү боюнча дүйнөнүн, азиянын чемпионаттарына, Олимпиада, сурдлимпиада, паралимпиада, атайын олимпиада, азия оюндарына жана башка эл аралык мелдештерге спорттук резервди, улуттук курама командаларды даярдоо боюнча ишти жүзөгө ашырат;
- дене тарбия жана спорт маселелери боюнча жарнамалык-маалыматтык ишти жүргүзөт;
- бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен дене тарбия жана спорт чөйрөсүнүн материалдык-техникалык базасын өнүктүрөт;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын дене тарбия жана спорт менен машыгууга тартуу боюнча ишти жүзөгө ашырат;
- дене тарбия жана спорт маселелери боюнча усулдук жана консультациялык жардамдарды көрсөтөт;
- дене тарбия жана спорт маселелери боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууда мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөтөт;
- дене тарбия жана спорт маселелери боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн программаларды, долбоорлорду финансылык колдоо, ошондой эле мамлекеттик заказды жүзөгө ашыруу үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартат;
- өз ишинин чөйрөсүндө илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды жүргүзүүгө мамлекеттик заказды ишке ашырат;
- Агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүгө катышат;
- жер-жерлерде мамлекеттик бийлик органдары, дене тарбия-спорттук коомдор, билим берүү мекемелери, коомдук уюмдар менен биргеликте калк арасында дене тарбия жана спорт менен машыгууну кеңири жайылтуу боюнча кеңири масштабдагы иштерди уюштурат;
- Олимпиадалык, паралимпиадалык жана азия оюндарына, дүйнөнүн, азиянын чемпионаттарына жана башка эл аралык мелдештерге жана турнирлерге ийгиликтүү катышууну камсыз кылуу үчүн келечектүү спортчуларды тандоонун, даярдоонун жана чеберчилигин жогорулатуунун натыйжалуу системасын түзүүдө, алардын ичинен сапаттуу спорттук резервди жана өлкөнүн курама командаларынын курамын түзүүдө Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитети, спорттук федерациялар (ассоциациялар) менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;
- дене тарбия-ден соолукту чындоочу жана спорттук уюмдардын, массалык, балдар арасындагы жана кесиптик спортту өнүктүрүү багыттары боюнча объекттердин жана курулмалардын материалдык-техникалык базасын өнүктүрөт жана чыңдайт, алардын максималдуу жана натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылат;
- дене тарбия жана спорт жаатындагы кадрларды даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну камсыз кылат, дене тарбия-ден соолукту чыңдоо жана спорттук-билим берүү мекемелерин жогорку квалификациялуу машыктыруучулар жана башка спорт адистери менен камсыз кылат;
- белгиленген тартипте дене тарбия жана спорт маселелери боюнча мамлекеттик саясатты өнүктүрүүгө байланыштуу эл аралык, республикалык, региондук жана жергиликтүү иш-чараларды уюштурат жана өткөрөт;
- Агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча белгиленген тартипте консультацияларды, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары, эл аралык жана коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү уюштурат.