1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-апрелиндеги ПЖ № 126 Жарлыгына)
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-октябрындагы ПЖ № 273 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин (мындан ары - Улуттук агенттик) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Улуттук агенттик дин жана этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты калыптандыруу жана жүзөгө ашыруу боюнча иш жүргүзүүчү жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын дин жана этностор аралык мамилелер жаатындагы ишин координациялоочу Кыргыз Республикасынын борбордук органы болуп саналат.
3. Улуттук агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Улуттук агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Президентине отчет берет.
5. Улуттук агенттик юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган мөөрү бар.
6. Улуттук агенттикти күтүүгө кеткен чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында каралган каржылоонун башка булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.
7. Улуттук агенттиктин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик";
- расмий тилде: "Национальное агентство по делам религий и межэтнических отношений при Президенте Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ДИЭМУА";
- расмий тилде: "НАДРМО".
Улуттук агенттиктин юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ч.Айтматов пр. 1 ст2; Ош шаары, Заднепровск көчөсү, 4.
2-глава. Улуттук агенттиктин негизги милдеттери
8. Улуттук агенттиктин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) дин жана этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты калыптандыруу жана ишке ашыруу;
2) жарандардын абийир жана дин тутуу эркиндигине болгон укуктарын камсыз кылуу, мамлекеттин диний уюмдар жана Кыргызстан калкы ассамблеясынын курамына кирген этностук коомдук бирикмелер менен мамилесин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболоруна, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларына, башка ченемдик укуктук актыларга ылайык координациялоо;
3) дин тутуу эркиндигинин укуктук кепилдиктерин камсыз кылуу, мамлекет менен диний уюмдардын өз ара мамилелерин укуктук жөнгө салууну андан ары өркүндөтүү;
4) дин жана этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ишин координациялоо;
5) светтик, поликонфессиялык жана полиэтностук коомдун дөөлөттөрүн, принциптерин жайылтууну камсыз кылуу;
6) жарандардын ден соолугуна, адеп-ахлагына, укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарына, конституциялык түзүлүштүн негиздерине, мамлекеттин коопсуздугуна зыян келтирген же коркунуч туудурган диний уюмдардын ишине дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдардын иши, ошондой эле экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык бөгөт коюу;
7) республиканын аймагында диний экстремизмге жана этностор аралык чыр-чатакка жол бербөө үчүн алдын алуу чараларын иштеп чыгуу боюнча мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү;
8) этностор аралык ынтымакты жана элдин биримдигин, коомдун руханий жана адеп-ахлактык негиздерин чыңдоого, ошондой эле ар кандай динди, конфессияларды жолдоочулардын ортосунда өз ара сабырдуулук мамилелерин орнотууга багытталган программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
9) Кыргыз Республикасында этностор аралык ынтымакты чыңдоо, жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү;
10) Кыргыз Республикасында этностордун эркин жана бирдей өнүгүшү жана алардын укуктарын камсыз кылуу үчүн чараларды көрүү;
11) этностор аралык, конфессиялар аралык негиздеги социалдык чыңалууну жана башка чыр-чатактардын терс факторлорун эрте алдын алуу системасын өркүндөтүү.