КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июлундагы № 486 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 14-июну № 340
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-майындагы № 286 “Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын бузуу менен Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-майындагы № 164 “Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-майындагы № 286 “Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын бузуу менен Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын бузуу менен Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу жөнүндө убактылуу жободо:
– 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын бузуу менен Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары – Убактылуу жобо) Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын бузуу менен Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды мыйзамдаштыруу тартибин, ошондой эле Кыргыз Республикасынан ыктыярдуу контролдонуучу чыгуу шарттарын белгилейт.”;
– төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:
“41. Миграциялык мыйзамдарды бузуу менен Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга ушул Убактылуу жобонун 3-главасында каралган шарттарды сактоодо өз каалоосу менен өлкөдөн чыгып кетүүгө мүмкүндүк берүүчү жол-жобо ыктыярдуу контролдонуучу чыгуу деп түшүнүлөт.”;
– төмөнкүдөй мазмундагы 3-глава менен толукталсын:
“3-глава. Чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын ыктыярдуу контролдонуучу чыгуу шарттары
13. Миграциялык мыйзамдарды бузуу менен Кыргыз Республикасынын аймагына келген жана Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген тартипте өзүнүн укуктук абалын мыйзамдаштыруу жол-жобосунан өтпөгөн чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам убактылуу жайгаштыруу пунктуна жеткирилет.
14. Ички иштер жана улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан убактылуу жайгаштыруу пунктуна жеткирилүүгө тийиш болгон чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлөт.
15. Убактылуу жайгаштыруу пунктунда төмөнкүдөй иш-чаралар жүргүзүлөт:
– Кыргыз Республикасынын аймагында болууга жана чыгып кетүүгө укук берүүчү документтерди текшерүү;
– медициналык кароо;
– ички иштер, улуттук коопсуздук, миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын карамагындагы эсепке алуулар боюнча, анын ичинде иммигранттар, этникалык кыргыздар, качкындар жана адам сатуунун курмандыктары маселелерин, ошондой эле айып пулдардын болушу, издөөдө болушу жана адамдардын мыйзамдуу жүрүшүнө же орун которуусуна тоскоолдук жараткан башка маалыматтар боюнча адамдарды текшерүү;
– ички иштер жана улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлөт;
– чакырган тарапты аныктоо (бар болсо).
16. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды убактылуу жайгаштыруу пунктунда кармоо мөөнөтү келип түшкөн күндөн тартып 30 суткадан ашпайт.
Убактылуу жайгаштыруу пунктуна келип түшкөндүгү жөнүндө маалыматтар жана укук бузуучулар жөнүндө башка маалыматтар ушул Убактылуу жобонун тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлгөн чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды кабыл алууну эсепке алуу журналына жазылат.
17. Кыргыз Республикасынан чыгып кетүү үчүн убактылуу жайгаштыруу пунктунда кармалган чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын авиабилеттерди сатып алууга байланышкан чыгымдары ошол адамдын өзүнүн же чакыруучу тараптын эсебинен төлөнөт. Чакыруучу тарапты аныктоо мүмкүн болбогон жана адамдын өзүндө финансылык каражаттар жок болгон учурда, анын репатриациясы боюнча чыгымдар, ошондой эле убактылуу жайгаштыруу пунктун күтүүнү жана анын иштөөсүн камсыз кылууга чыгымдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 721 “Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эмгек миграциясын жөнгө салуу маселелери жөнүндө” токтомунда каралган кепилдик төгүмдүн эсебинен каржыланат.”;
– ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы тиркеме менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кызыкдар мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды убактылуу кармоо үчүн убактылуу жайгаштыруу пунктун ачсын.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды убактылуу кармоо үчүн убактылуу жайгаштыруу пунктун үзгүлтүксүз кайтарууну камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кайрылуусу боюнча консулдук жыйымдарды албастан убактылуу жайгаштыруу пунктундагы чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чыгуу визаларын тариздесин.
5. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул токтомду ишке ашыруу боюнча толук чараларды көрсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 17-июнундагы № 44 (3700) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
|
| “Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын бузуу менен Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу жөнүндө убактылуу жобого тиркеме |
Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды
кабыл алууну эсепке алуу
журналы
№ | Фамилиясы, аты (аттары), атасынын аты (болсо) | Чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдардын туулган датасы, жылы жана жери | Чет өлкөлүк жарандын жарандыгы (белгиленген же билдирилген), акыркы жашаган жери | Ким тарабынан жеткирилген | Жеткирүү датасы жана убактысы | Эскертүү |
|
|
|
|
|
|
|