Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 241 токтомуна)
Чет өлкөлүк жарандарга "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун ыйгаруунун тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-июлундагы № 433 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Чет өлкөлүк жарандарга "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) чет мамлекеттердин жарандарына "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун (мындан ары - "Санариптик көчмөн" статусу) ыйгаруунун тартибин аныктайт.
2. Жобонун негизги максаты төмөнкүлөр болуп саналат:
- Кыргыз Республикасында инновациялык долбоорлорду жана экономиканын жогорку технологиялык тармактарын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
- маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, программалык продукттарды иштеп чыгуу чөйрөсүнө жана башка чектеш чөйрөлөргө чет өлкөлүк адистерди жана инвестицияларды тартуу;
- арыздарды берүүнүн, документтерди текшерүүнүн жана "Санариптик көчмөн" статусун ыйгаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуу механизмин түзүү.
3. Бул Жобонун колдонулушу маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, программалык продукттарды иштеп чыгуу чөйрөсүндө жана башка чектеш чөйрөлөрдө иш жүргүзгөн, "Санариптик көчмөн" статусун алуу жөнүндө өтүнүч берген төмөнкү өлкөлөрдүн адистерине жайылтылат:
1) визасыз режим менен:
- Азербайжан Республикасы;
- Армения Республикасы;
- Беларусь Республикасы;
- Казакстан Республикасы;
- Молдова Республикасы;
- Россия Федерациясы;
2) виза режими менен:
- Америка Кошмо Штаттары;
- Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу;
- Германия Федеративдик Республикасы;
- Япония;
- Корея Республикасы.
4. "Санариптик көчмөн" статусун ыйгаруу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан кабыл алынат.
5. "Санариптик көчмөн" статусу миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ыйгарылган учурдан тартып күчүнө кирет, Кыргыз Республикасынын чек арасынан өткөн учурдан тартып активдешет жана башка адамга берилиши мүмкүн эмес.
6. Төмөнкүлөр "Санариптик көчмөн" статусун алууга арыз ээси боло албайт:
1) тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы кылмыш жасагандар;
2) мамлекеттер аралык, улуттар аралык жана диний кастыкты козутууга багытталган иш-аракеттерди жасагандар;
3) Кыргыз Республикасынын эгемендигине жана көз карандысыздыгына каршы чыккандар, биримдигин жана анын аймагынын бүтүндүгүн бузууга чакыргандар;
4) инсанга, мамлекеттик бийликке, коомдук коопсуздукка жана коомдук тартипке каршы кылмыштар, ошондой эле менчикке жана экономикалык ишти жүзөгө ашыруу тартибине каршы кылмыштар үчүн соттолгондор.
2-глава. "Санариптик көчмөн" статусун алууга арыз ээлерине коюлуучу талаптар
7. "Санариптик көчмөн" статусу - чет мамлекеттин жаранынын - ушул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн өлкөлөрдүн маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, программалык продукттарды иштеп чыгуу чөйрөсүндө жана башка чектеш чөйрөлөрдө иш жүргүзгөн адистин укуктук статусу, ал жүргөн жери боюнча каттоосуз жана статустун колдонуу мөөнөтү ичинде иш жүргүзүү үчүн уруксат документтеринин болуусуз Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө/жүрүүгө мүмкүндүк берет.
8. "Санариптик көчмөн" статусунун ээлери болуп төмөнкү чөйрөлөрдө иш жүргүзгөн чет өлкөлүк жарандар чыга алат:
1) программалык камсыздоону иштеп чыгуу, модификациялоо, контролдоо жана коштоо, маалыматтык системаларды жана программалык продукттарды талдоо, долбоорлоо жана программалоо, колдонуучулардын маалыматтык муктаждыктарын жана проблемаларын талдоо;
2) программалык камсыздоону долбоорлоо жана иштеп чыгуу, берүү жана документтештирүү, колдонуучу тарабынан коюлган тапшырма боюнча программалык камсыздоого өзгөртүүлөрдү киргизүү;
3) маалыматтык технологияларды, маалыматтык системаларды жана программалык камсыздоону экспорттоо;
4) медиаискусство, анын ичинде санариптик искусство, виртуалдык жана толукталган реалдуулукту, аралаш реалдуулукту, 3D-дизайнды түзүү;
5) анимация, графикалык дизайн, мультимедиа дизайны;
6) программалоо, IT-продукттарды, робототехниканы жана жасалма интеллектти иштеп чыгуу;
7) маалыматтарды иштеп чыгуу, колдонмо программаларды жайгаштыруу жана муну менен байланышкан иш, веб-порталдарды пайдалануу;
8) программалык камсыздоону (софтту), анын ичинде компьютердик, мобилдик оюндарды жана киберспортту чыгаруу.
3-глава. "Санариптик көчмөн" статусунун ээлеринин укуктары жана милдеттери
9. Кыргыз Республикасынын аймагында "Санариптик көчмөн" статусунун ээси:
1) Кыргыз Республикасынын аймагына кирген күндөн тартып 60 календардык күнгө чейинки мөөнөткө Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жери боюнча милдеттүү каттоодон бошотулат;
2) "Санариптик көчмөн" статусу ырасталган учурда миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан ыйгарылуучу идентификациялык жеке номерди (ИЖН) алат;
3) статус колдонулган мөөнөт ичинде иштөөгө уруксат алуу зарылдыгынан бошотулат;
4) катталган иш ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн иштин түрлөрүнө ылайык келген шартта, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды (филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жеке ишкердикти же юридикалык жактын уюштуруучусу (катышуучусу) катары ишти жүзөгө ашырууга укуктуу.
5) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан аныкталган тартипте чет өлкөлүк жарандын турган жери боюнча каттоо жол-жоболорун жүзөгө ашыруусуз Кыргыз Республикасынын банктарында эсептерди ачууга жана пайдаланууга укуктуу.
10. Кыргыз Республикасынын аймагында "Санариптик көчмөн" статусунун ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн чөйрөлөрдө кесиптик ишти жүзөгө ашырууга жана ушул Жобонун 13 же 14-пунктунда каралган документтерди берүүгө;
- "Санариптик көчмөн" ("DN" тиби) визасын мыйзамда белгиленген тартипте "Электрондук виза" порталы аркылуу тариздөөгө, эгерде "Санариптик көчмөн" статусун алган/узарткан чет өлкөлүк жарандар виза режими бар өлкөлөрдөн болсо;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоого;
- каттоо мөөнөтү аяктаган акыркы күндөн кечиктирбестен каттоону узартууга ("Санариптик көчмөн" статусун узартууда).