Загрузка документа…
КР Президентинин 2026-жылдын 28-майындагы № 186 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2025-жылдын 16-июлундагы ПЖ № 208
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин
катчылыгынын айрым маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин ишин уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгы” мамлекеттик мекемеси (мындан ары – Кеңештин катчылыгы) түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгы” мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгы” мамлекеттик мекемесинин штаттык саны 2-тиркемеге ылайык;
3) “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгы” мамлекеттик мекемесинин башкаруу схемасы 3-тиркемеге ылайык;
4) “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгы” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери 4-тиркемеге ылайык.
3. Кеңештин катчылыгы бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юстиция органдарында каттоодон өтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) зарыл болгон акча каражаттарын издеп тапсын жана белгиленген тартипте Кеңештин катчылыгынын ишин каржылоону жүзөгө ашырсын;
2) “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026–2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул Жарлыктан келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
I бөлүмдүн 1-главасында:
- алтынчы абзац “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчиси” деген сөздөр менен толукталсын;
- он үчүнчү абзац “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчисинин орун басары” деген сөздөр менен толукталсын.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 144 “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кеңештин катчылыгынын ишин каржылоо Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.”;
2) 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5. Кеңештин катчылыгын Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу жетекчи башкарат.”;