Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 267-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

 2025-жылдын 12-июну № 476-т

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин текстин жана музыкасын даярдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 11-декабрындагы № 2619-VII "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстин жана музыкасын даярдоо жөнүндө" токтомуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 58-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган тескеме менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы ушул тескеменин 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча республикалык сынак өткөрүү жөнүндө жобо ушул тескеменин 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- 4-пунктта "21-апрелине" деген сөздөр "1-октябрына" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев

 

 

1-тиркеме

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ

Иманкулов Марат Муканович

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;

Мамбеталиев Мирбек Кемелович

-

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.

Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:

Зулпуев Саидбек Мейраждинович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан (макулдашуу боюнча);

Рустамбек уулу Советбек

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты "Ишеним" парламенттик фракциясынан (макулдашуу боюнча);

Акаев Жанарбек Кубанычович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты "Альянс" парламенттик фракциясынан (макулдашуу боюнча);

Бердиев Аккулу Тагаевич

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан (макулдашуу боюнча);

Раимбачаева Винера Калыбековна

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан (макулдашуу боюнча);

Марипов Бакытбек Асамидинович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты "Мекенчил" депутаттык тобунан (макулдашуу боюнча);

Самаков Кубанычбек Карганбекович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты "Элдик" депутаттык тобунан (макулдашуу боюнча);

Маткеримов Айбек Тураталиевич

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Социалдык саясат боюнча комитетинен (макулдашуу боюнча);

Мураталиев Мелис Казакбаевич

-

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы;

Чынгышев Турсунбек Чынгышевич

-

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти, Кыргыз Республикасынын экс-премьер-министри;

Матубраимов Алманбет Матубраимович

-

Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы;

Арабаев Чолпонкул Исаевич

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мамлекет жана укук институтунун директору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жана Россия юридикалык илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи;

Акматалиев Абдылдажан Амантурович

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, филология илимдеринин доктору, академик;

Тиленчиев Карагул Амантурович

-

А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы хормейстери, Кыргыз Республикасынын эл артисти;

Осмонов Медет Марифович

-

"Манас" президенттик камералык оркестринин көркөм жетекчиси, композитор, дирижер;

Тентимишов Урмат Кожобекович

-

Бишкек шаарынын мэриясынын Чоң симфониялык оркестринин башкы дирижеру жана көркөм жетекчиси;

Үметалиева Чынар Темиркуловна

-

Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунун мүчөсү, музыка таануучу, маданият таануунун доктору;

Азыкбаев Курмангазы Айылчиевич

-

Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын эл артисти, музыкант;

Саламатов Тимур Сагынбаевич

-

Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, музыка сынчысы, композитор;

Осмоналиев Рахатбек Муталипович

-

А.Джумакматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык симфониялык оркестринин көркөм жетекчиси жана башкы дирижеру, Кыргыз Республикасынын эл артисти;

Казаков Түгөлбай Токтогулович

-

Кыргыз Республикасынын Музыка ишмерлер союзунун төрагасы, Кыргыз Республикасынын эл артисти, композитор;

Эралиева Каныкей Иманалиевна

-

обончу-композитор, Кыргыз Республикасынын эл артисти;

Алсаитова Динара Аалиевна

-

музыка таануучу, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин музыкалык-теориялык дисциплиналар кафедрасынын доценти;

Мусаев Сыртбай Жолдошович

-

филология илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер;

Тиллебаев Садык Алаханович

-

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору, филология илимдеринин доктору, адабият таануучу;

Акматбекова Сагын

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын эл акыны;

Мамазаирова Меңди

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын эл акыны;

Ажыканова Элмира Асанбековна

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер;

Акбаров Атантай

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.