Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 28-августу № 532
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Афганстандын Кичи жана Чоң Памиринен келип жаткан этникалык кыргыздарга жана кайрылмандарга колдоо көрсөтүү боюнча 2026–2029-жылдарга программасын бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 9-декабрындагы № 791 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасына келип жаткан этникалык кыргыздарга жана кайрылмандарга колдоо көрсөтүү максатында, “Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Афганстандын Кичи жана Чоң Памиринен келип жаткан этникалык кыргыздарга жана кайрылмандарга колдоо көрсөтүү боюнча 2026–2029-жылдарга программасы 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Афганстандын Кичи жана Чоң Памиринен келип жаткан этникалык кыргыздарга жана кайрылмандарга колдоо көрсөтүү боюнча 2026–2029-жылдарга программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык;
3) Иш-чаралар планынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы 3-тиркемеге ылайык;
4) Иш-чаралар планынын бюджети 4-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетти түзүүдө Иш-чаралар планын ишке ашыруу үчүн акча каражатын карасын.
3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
1) Иш-чаралар планын толук көлөмдө жана белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча зарыл чараларды көрсүн;
2) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине берип турсун.
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги:
1) Иш-чаралар планынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүп турсун;
2) жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча жыйынды маалыматты отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 356 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келип жаткан этностук кыргыздарга колдоо жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча 2022–2024-жылдарга программасын бекитүү жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-майындагы № 243 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 356 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келип жаткан этностук кыргыздарга колдоо жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча 2022–2024-жылдарга программасын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекетик расмий гезитинин 2025-жылдын 29-августундагы № 65 (3721) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Афганстандын Кичи жана Чоң Памиринен келип жаткан этникалык кыргыздарга жана кайрылмандарга колдоо көрсөтүү боюнча 2026–2029-жылдарга программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана
баалоо индикаторлорунун матрицасы
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 9-декабрындагы № 791 токтомунун редакциясына ылайык)
№
| Көрсөткүч | Өлч. бир. | Базалык 2025-жыл | Орто аралык индикаторлор | Максаттуу индикаторлор | Жооптуу аткаруучулар | Маалыматтар булагы |
| |||
2026-жыл | 2027-жыл | 2028-жыл | 2029-жыл | ||||||||
1-глава. Ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү |
| ||||||||||
1 | “Кайрылман статусун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынды | Бирд. | – | – | 1 | – | – | 1 | ЭСКММ | ЭСКММ |
|
2 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети сунуштарды карады жана алар боюнча чечимдерди кабыл алды | Бирд. | – | 2 | – | – | – | 2 | ЭСКММ, ЭКМ, КРП облустардагы ЫУӨ, УКМК “Кызмат” ММ | ЭСКММ |
|
2-глава. Маалыматтык-түшүндүрүү иштери |
| ||||||||||
3 | Маалыматтык материалдар даярдалды жана этникалык кыргыздардын жана кайрылмандардын арасына жайылтылды | Бирд. | – | – | Факт боюнча | Факт боюнча | Факт боюнча | Факт боюнча | ЭСКММ, Агартуумин, ИЖБИМ, ТИМ, ИИМ, УКМК, “Кызмат” ММ | ЭСКММ |
|
4 | Этникалык кыргыздар жана кайрылмандар мектептерде жана курстарда билим алышты | Адам | – | 50 | 50 | 50 | 50 | 200 | Агартуумин, ИЖБИМ | ЭСКММ |
|
3-глава. Этникалык кыргыздарды жана кайрылмандарды коргоо жана жардам көрсөтүү |
| ||||||||||
5 | Кыргыз Республикасынын аймагында этникалык кыргыздардын жана кайрылмандардын документтештирүүдө укуктук сабаттуулугунун деңгээли жогорулады | Адам | – | 100 | 100 | 100 | 100 | 400 | ЭСКММ, ИИМ, УКМК, “Кызмат” ММ | ЭСКММ |
|
6 | Кайрылмандын күбөлүгүн алышты | Адам | – | 500 | 500 | 500 | 500 | 2 000 | ЭСКММ | ЭСКММ |
|
7 | Кайрылмандар социалдык колдоо алып жатышат: – медициналык жардам алгандардын саны; | Адам | – | 100 | 100 | 100 | 100 | 400 | ЭСКММ, ССМ, Агартуумин | ЭСКММ | |
– балдар лагерлеринде жана ден соолукту чыңдоо борборлорунда эс алган балдардын саны | Адам | – | 70 | 80 | 80 | 80 | 310 |
| |||
8 | Кайрылмандар жалпы билим берүүчү мектептерде окуп жатышат | Адам | – | 70 | 100 | 100 | 100 | 370 | Агартуумин | ЭСКММ |
|
9 | Афганстандын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жүк жеткирилди жана медициналык жардам көрсөтүлдү: – жеткирилген гуманитардык жүктүн саны; | Тонна
| – | 60 | 60 | 60
| 60 | 240
| ЭСКММ, ТИМ, ССМ, ӨКМ, УКМК
| ЭСКММ |
|
– жардам алган этникалык кыргыздардын саны | Адам |
| Факт боюнча | Факт боюнча | Факт боюнча | Факт боюнча | Факт боюнча |
| |||
91 | Кайрымдуулук фонду түзүлдү, гуманитардык жардамды системалуу түрдө көрсөтүү камсыздалды: – түзүлгөн кайрымдуулук фонддорунун саны;
| Бирд. | - | 1 | - | - | - | 1 | ЭСКММ, ТИМ | ЭСКММ | |
– жеткирилген гуманитардык жардамдын саны | Тонна | - | Факт боюнча
| Факт боюнча
| Факт боюнча
| Факт боюнча
| Факт боюнча
| ЭСКММ, ТИМ
| ЭСКММ
| ||
10 | Этникалык кыргыздар жана кайрылмандар ишке орноштурулду: – иш менен камсыз кылуу борборлорунда эсепке тургандардын саны; | Адам | – | 80
| 80
| 80
| 80
| 320
| ЭСКММ | ЭСКММ |
|
– ишке орноштурулган этникалык кыргыздардын саны | Адам | – | Факт боюнча | Факт боюнча | Факт боюнча | Факт боюнча | Факт боюнча |
| |||
11 | Этникалык кыргыздардын жана жергиликтүү калктын катышуусу менен биргелешкен иш-чаралар өткөрүлдү: – өткөрүлгөн маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларынын саны; | Бирд.
| – | 16
| 16
| 16
| 16
| 64
| ИИМ, УКМК, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ЭСКММ |
|
– иш-чараларга катышкан адамдардын саны | Адам | – | 100 | 150 | 150 | 150 | 550 |
| |||
12 | Этникалык кыргыздар күнүмдүк биринчи керектелүүчү буюмдар менен камсыз болду | Адам | – | Факт боюнча | Факт боюнча | Факт боюнча | Факт боюнча | Факт боюнча | ЭСКММ, ӨКМ, ССМ, КРП Ош облусунун ЫУӨ | ЭСКММ |
|
4-глава. Эсепке алуу жана контролдоо |
| ||||||||||
13 | Этникалык кыргыздар жана кайрылмандар боюнча статистикалык отчеттор даярдалды | Бирд.
| – | 4 | 4 | 4 | 4 | 16 | ЭСКММ | ЭСКММ |
|