Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

2-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2025-жылдын 28-августундагы № 532 токтомуна)

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Афганстандын Кичи жана Чоң Памиринен келип жаткан этникалык кыргыздарга жана кайрылмандарга колдоо көрсөтүү боюнча 2026–2029-жылдарга программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы

 

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 9-декабрындагы № 791 токтомунун редакциясына ылайык)

 

№

 

Милдеттер

Чаралар/аракеттер

Аткаруу мөөнөтү

Жооптуу аткаруучулар

Булактар

Күтүлүүчү натыйжалар

 

1-глава. Ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү

 

1.1

 

 

Кыргыз Республикасына этникалык кыргыздарды көчүрүүнү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү

Кайрылман күбөлүгүнүн колдонуу мөөнөттөрүнө тиешелүү ченемдерди жана жоболорду эске алуу менен кайрылман статусун берүү тартиби жөнүндө жобонун жаңы редакциясын киргизүү

2027-жылдын

I кварталы

 

 

ЭСКММ

Мамлекеттик органдын

бюджетинин чегинде

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кайрылман статусун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому кабыл алынды

 

1.2

Кыргыз Республикасындагы этникалык кыргыздарды жана кайрылмандарды ченемдик жана укуктук камсыз кылуу

 

 

 

 

 

Өлкөнүн экономикасынын эмгек ресурстарына болгон муктаждыктарына ылайык аларды жайгаштырууга дем берүү жолу менен этникалык кыргыздарды Кыргыз Республикасына көчүрүү процессин тартипке келтирүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу

2026-жылдын

IV кварталы

ЭСКММ, ЭКМ, КРП облустардагы ЫУӨ, УКМК “Кызмат” ММ

Мамлекеттик органдардын

бюджеттеринин чегинде

Сунуштар даярдалды жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизилди

 

1.3

Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздардын санын тактоо жана бекитүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу жана даярдоо

2026- жылдын

II кварталы

ЭСКММ, ИИМ, УКМК, “Кызмат” ММ

Мамлекеттик органдардын

бюджеттеринин чегинде

Сунуштар даярдалды жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна жиберилди

 

2-глава. Маалыматтык-түшүндүрүү иштери

 

2.1

Маалыматтык-түшүндүрүү иштеринин сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу

 

 

 

Этникалык кыргыздар жана кайрылмандар үчүн маалыматтык материалдарды даярдоо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ортосунда маалыматтарды алмашуу

2026- жылдын

II кварталы

ЭСКММ, Агартуумин, ИЖБИМ, ТИМ, ИИМ, УКМК,

“Кызмат” ММ

Мамлекеттик органдардын

бюджеттеринин чегинде

Маалыматтык материалдардын эскиздеринин долбоорлору иштелип чыкты (брошюралар, буклеттер ж.б.)

 

 

2.2

Маалыматтык материалдарды (брошюраларды, буклеттерди ж.б.) даярдоо

2026- жылдын

III кварталы

ЭСКММ

Республикалык бюджеттен 200 миң сом

Маалыматтык

материалдар даярдалды, ЭСКММ сайтына жайгаштырылды жана этникалык кыргыздар менен

кайрылмандардын арасында кеңири жайылтылды

 

2.3

Кайрылмандар арасында туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын жарандыгын кабыл алуу зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү

2026–2029- жылдар

ЭСКММ, ИИМ, “Кызмат” ММ

Мамлекеттик органдардын

бюджеттеринин чегинде

Жарандык маселелери боюнча кайрылмандардын маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу

 

2.4

Этникалык кыргыздардын жана кайрылмандардын сабатсыздыгын жоюу

Кыргыз тилин окутуу боюнча кыска мөөнөттүү курстарды жана тездетилген жалпы билим берүү программаларын уюштуруу

Жыл сайын

Агартуумин, ИЖБИМ

Жыл сайын билим берүү программаларын уюштурууга

1,0 млн сомдон

Этникалык кыргыздар жана кайрылмандар мектептерде жана курстарда окушат

 

2.5

Окуу жайларга (ООЖ, ЖОЖ) этникалык кыргыздарды даярдоо үчүн окутуу модулун иштеп чыгуу

2026-жылдын

IV кварталы

 

ИЖБИМ

Мамлекеттик органдардын

бюджеттеринин чегинде

Окутуу модулу иштелип чыкты жана этникалык кыргыздар жана кайрылмандар үчүн адистештирилген кыска мөөнөттүү курстарда колдонулууда

 

2.6

Афганстандын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган этникалык кыргыздар үчүн жалпы билим берүү мектебин куруу

2027-жылдын

IV кварталы

Курулуш министрлиги, ТИМ,

ЭСКММ, УКМК

Кыргыз Республикасы-нын мыйзамдарына каршы келбеген булактан 250,0 млн сом

Мектептин курулушу аяктады, этникалык кыргыздар мектепте окуйт

 

3-глава. Этникалык кыргыздарды жана кайрылмандарды коргоо жана жардам берүү

 

3.1

 

 

Этникалык кыргыздарга жана кайрылмандарга кызматтарды көрсөтүү боюнча чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу

 

 

Көчүрүлгөн этникалык кыргыздарга кийин паспорт берүү менен Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга көмөк көрсөтүү

2026–2029-жылдар

ЭСКММ, ИИМ, “Кызмат” ММ

Жыл сайын республикалык бюджеттен 300,0 миң сомдон

Этникалык кыргыздарга жана кайрылмандарга паспорт берилди

 

 

3.2

Укуктук жана консультациялык жардам берүү

2026–2029-жылдар

ЭСКММ

 

Мамлекеттик органдардын

бюджеттеринин чегинде

Этникалык кыргыз-дардын жана кай-рылмандардын укуктук сабаттуулугунун деңгээли жогорулады

 

3.3

Афганстандын Кичи жана Чоң Памиринен этникалык кыргыздардын Кыргыз Республикасына көчүп келүүсүнө көмөк көрсөтүү

Жыл сайын

ЭСКММ, ӨКМ, ТИМ, КРП Ош облусундагыЫУӨ

Жыл сайын республикалык бюджеттен 1,5 млн сомдон

Этникалык кыргыздар Кыргыз Республикасына көчүп келди

 

3.4

Кыргыз Республикасына келген этникалык кыргыздарга кайрылман статусун берүү

2026–2029-жылдар

ЭСКММ, ИИМ, УКМК

Мамлекеттик органдардын

бюджеттеринин чегинде

Этникалык кыргыздарга кайрылман статусу берилди

 

3.5

Кайрылмандарды социалдык колдоону камсыз кылуу

Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык медициналык жардам көрсөтүү

2026–2029-жылдар

ССМ

Мамлекеттик органдын

бюджетинин чегинде

Этникалык кыргыздар жана кайрылмандар медициналык

жардам алышууда

 

3.6

Этникалык кыргыздардын жана кайрылмандардын балдарынын санаторийлерде жана башка ден соолукту чыңдоо мекемелеринде эс алуусун уюштуруу

Жыл сайын

ЭСКММ, Агартуумин, ССМ

Жыл сайын республикалык бюджеттен

1,0 млн сом

Этникалык кыргыздардын жана кайрылмандардын балдарынын ден соолугун чыңдоо

 

3.7

Этникалык кыргыздардын жана кайрылмандардын билим алуу укугун камсыз кылуу

Этникалык кыргыздарга жана кайрылмандарга жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында орундарды берүү, тиешелүү деңгээлде билими барларга

орто жана жогорку билим берүү уюмдарына квоталарды бөлүү

Жыл сайын

Агартуумин, ИЖБИМ

Мамлекеттик органдардын

бюджеттеринин чегинде

Этникалык кыргыздардын жана кайрылмандардын балдары билим берүү уюмдарында окушат

 

3.8

Афганстандын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү

 

Медициналык тез жардам автомобилин сатып алуу

2026-жылдын

III кварталы

ЭСКММ, ССМ

Республикалык бюджеттен

5,2 млн сом

Медициналык тез жардам автомобили алынды

 

3.9

Белгиленген жерге чейин жеткирүү үчүн гуманитардык жүктү Афганстандын жана Тажикстан Республикасынын аймагы боюнча өткөрүүгө алардын расмий макулдугун алуу маселесин иштеп чыгуу

Жыл сайын

ЭСКММ, ТИМ, ССМ, ӨКМ, УКМК

Бекитилген бюджеттердин чегинде жыл сайын

7,0 млн сомдон

Уруксаттар алынды, гуманитардык жүк сатып алынды жана жеткирилди

3.10

Зарыл болгон гуманитардык жүктү сатып алууну жана жеткирүүнү уюштуруу

 

3.101

Гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча кайрымдуулук фондунун ишине көмөк көрсөтүү

2026-жылдын IV кварталы

ЭСКММ, ТИМ

Коомдук бирикмелердин, ассоциациялардын, фонддордун жана жеке жактардын мыйзамдарга каршы келбеген каражаттарынын чегинде

Этникалык

кыргыздарга жана афган элине гуманитардык жардам көрсөтүлдү