РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-сентябрындагы № 546-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 511-т тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси

Редакцияот 19.09.2023
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2023-жылдын 19-сентябры № 546-т

 

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 511-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган тескеменин 1-тиркемесинде:

- 23-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"23. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, алардын орун басарлары.";

- 44-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"44. Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармасынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, алардын орун басарлары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын протоколдук иш-чараларды уюштуруу жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн кызматкерлери.";

2) жогоруда аталган тескеменин 2-тиркемесинде:

- 2-пунктта:

он жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кыргыз Республикасынын Президентинин протокол кызматынын кызматкерлери;";

отуз экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу жана анын орун басарлары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын протоколдук иш-чараларды уюштуруу жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн кызматкерлери;".

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У. Жапаров