Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

1-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 531 токтомуна)

 

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти жөнүндө жобо

 

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 735 токтомунун редакциясына ылайык)

 

1-глава. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары - Министрлик) калктуу конуштарды борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ведомстволук бөлүмү болуп саналат.

Департамент Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Таза суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу" мамлекеттик мекемесинин укук улантуучусу болуп саналат.

2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

3. Департамент юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган гербдүү мөөрү, штамптары жана бланктары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери бар.

Департаментти күтүүгө чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

4. Департаменттин расмий аталышы:

- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти";

- расмий тилде: "Департамент развития питьевого водоснабжения и водоотведения при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики".

Кыскартылган аталышы:

- мамлекеттик тилде: "ИСКССЧӨД";

- расмий тилде: "ДРПВВ".

5. Департаменттин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96а.

2-глава. Департаменттин ишинин максаты

6. Департаменттин ишинин максаты калктуу конуштарда, ошондой эле кайра иштетүү өнөр жайынын, улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун объекттеринде ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын куруу жана ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу борбордук системасын жана канализациялык тазалоо курулмаларын туруктуу өнүктүрүү жана эксплуатациялоо үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

3-глава. Департаменттин милдеттери

7. Департаменттин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү;

- борборлоштурулган суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын тейлөөчү, анын ичинде ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторунда кызматтарды көрсөтүүчү субъекттердин потенциалын күчөтүү;

- Кыргыз Республикасынын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташуусун өнүктүрүү;

- калктуу конуштарда, ошондой эле кайра иштетүү өнөр жайынын, улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун объекттеринде борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо;

- айыл жерлеринде жана райондук маанидеги шаарларда борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу системаларын жана канализациялык тазалоо курулмаларын эксплуатациялоо;

- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;

- республикалык бюджеттин жана эл аралык финансы институттарынын каражаттарынын эсебинен каржылануучу борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу системаларынын жана канализациялык тазалоо курулмаларынын объекттерин куруу жана реабилитациялоо боюнча иш-чараларды координациялоо.