КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 3-сентябры № 556
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин лицензиялоо-уруксат берүү иши чөйрөсүндөгү айрым
токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-январындагы № 50, 2026-жылдын 10-августундагы № 536 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Калк үчүн бюрократиялык жүктү азайтуу, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү боюнча ырааттуу мамлекеттик саясатты жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-сентябрындагы № 526 "Баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун квалификациялык күбөлүгүн алуу укугу үчүн талапкерлерди квалификациялык аттестациядан өткөрүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун квалификациялык күбөлүгүн алуу укугу үчүн талапкерлерди квалификациялык аттестациядан өткөрүү жөнүндө тиркелген жободо:
- 1-главанын бешинчи абзацында "(нотариуста күбөлөндүрүлгөн)" деген сөздөр алып салынсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-январындагы № 50 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 440 "Кыргыз Республикасында оюн-зоок иштери чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишин лицензиялоо жөнүндө жободо:
- 13-пунктта:
1-пунктчада:
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- уюштуруу келишиминин же жалгыз уюштуруучунун чечиминин, юридикалык жактын уставынын, уюштуруучулардын (катышуучулардын, акционерлердин) уставды кабыл алуу, кызмат адамдарын жана башкы бухгалтерди бекитүү жөнүндө чогулушунун протоколунун юридикалык жак тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн;";
алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- оюн-зоок жайын күтүү боюнча иш жүргүзүлө турган жайга (имаратка) менчик же ижара укугун ырастоочу документтердин юридикалык жак тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн;";
2-пунктчада:
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: