Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 8-октябры № 648

 

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине

караштуу мамлекеттик ишканаларды

кайра уюштуруу жөнүндө

Коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканалардын ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92, 93, 94-статьяларына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу “Аскердик соода башкармалыгы” мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу “Кыргыз курал” жана “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканаларын ага кошуу жолу менен кайра уюштурулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу “Аскердик соода башкармалыгы” мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу “Кыргызкоргоосервис” мамлекеттик ишканасы деп кайра аталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу “Кыргызкоргоосервис” мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу “Аскердик соода башкармалыгы”, “Кыргыз курал” жана “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканаларынын укук улантуучусу болуп саналат деп белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу “Кыргызкоргоосервис” мамлекеттик ишканасынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 342 “Коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга караштуу мамлекеттик ишканалардын маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 1-пункттун 1, 4-пунктчалары, 2, 5-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.

6. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте белгиленген тартипте:

1) кайра уюштурулуучу мамлекеттик ишканалардын өткөрүп берүү актыларын бекитсин;

2) жаңы түзүлгөн мамлекеттик ишкананы мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн;

3) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

4) ушул токтомдон келип чыгуучу башка зарыл чараларды көрсүн.