Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 22-августу № 516
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 281 “Транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымдарды төлөөнүн жана уруксатты каттоонун тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
“Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 231-статьясынын 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 281 “Транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымдарды төлөөнүн жана уруксатты каттоонун тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункттагы “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Унаа” мамлекеттик мекемеси” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик” деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 3-пункттагы “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик” деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымдарды төлөөнүн жана уруксатты каттоонун тартибинде:
– 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 91-пунктча менен толукталсын:
“91) M-1G – өтүмдүүлүгү жогору болгон, М-1 категориясындагы (жүргүнчүлөрдү ташууга арналган, айдоочунун ордунан тышкары сегизден көп эмес орундугу бар автомобилдер) транспорт каражаттары;”;
– төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
“31. Электрмобилдердин алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат үчүн жыйым төмөнкүдөй өлчөмдө алынат:
– жеке жак-резиденттер үчүн 300 эсептик көрсөткүч;
– юридикалык жактар үчүн 500 эсептик көрсөткүч;
– резидент эместер үчүн 700 эсептик көрсөткүч.”;
– 6-пункттагы “М-1 категориясындагы” деген сөздөр “М-1, M-1G категориясындагы” деген сөздөргө алмаштырылсын.