Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-июлундагы № 462 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 17-октябры № 677

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 411 “40 райондон 40 демилге” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди, стартаптарды тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 12-майындагы № 145 “Илим, билим берүү, инновациялар жана интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 411 “40 райондон 40 демилге” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди, стартаптарды тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 4-пунктта:

биринчи абзацта “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент)” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги” деген сөздөргө алмаштырылсын;

экинчи абзацта “Кыргызпатенттин” деген сөз “Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин” деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген “40 райондон 40 демилге” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди, стартаптарды тандоо тартиби жөнүндө жободо:

–1-пунктта:

бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“уюштуруучу – Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги (мындан ары – Министрлик);”;

алтынчы абзацта “Кыргызпатенттин алдындагы” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу” деген сөздөргө алмаштырылсын;

– 16, 17, 18, 24, 27-пункттарда “Кыргызпатенттин” деген сөз “Министрликтин” деген сөзгө алмаштырылсын;

– 20-пункттун экинчи абзацында “Кыргызпатенттин” деген сөз “Министрликтин” деген сөзгө алмаштырылсын;