Сравнение редакций…
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 40 токтомуна тиркеме
Шайлоо жана референдум өткөрүүдө майыптыгы бар жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө майыптыгы бар жарандардын шайлоо укугун камсыз кылуу жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына, "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү - чектелүү - адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
2. Кыргыз Республикасынын майыптыгы бар жараны Кыргыз Республикасынын Конституциясында кепилденген тикелей жана жашыруун эрк билдирүү аркылуу бирдей негиздерде шайлоого жана шайланууга укуктуу, ошондой эле референдумдарга катышууга укуктуу.
3. Кыргыз Республикасынын майыптыгы бар шайлоочуларынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн зарыл жана жетиштүү шарттарды камсыз кылуу ушул Жобонун максаты болуп саналат.
4. Майыптыгы бар жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу шайлоо комиссияларына жүктөлөт.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары - ЖӨБО), мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле алардын кызмат адамдары майыптыгы бар жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылууда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы), Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлдөрүнө жана шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтөт.
6. Бул багыт боюнча иштерди координациялоо региондордо Борбордук шайлоо комиссиясынын округдук, аймактык шайлоо комиссияларынын алдындагы атайын өкүлдөрүнө жүктөлөт.
7. Бул Жободо шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн майыптыгы бар шайлоочулардын төмөнкүдөй категорияларына карата шайлоо комиссияларынын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жөнгө салынат:
- сокур жана начар көргөн шайлоочулар өзүнүн шайлоо укуктарын өз алдынча ишке ашырышына тоскоолдук кылган көрүүсү бузулган адамдар;
- дүлөй жана начар уккан шайлоочулар - өзүнүн шайлоо укуктарын өз алдынча ишке ашырышына тоскоолдук кылган угуусу бузулган адамдар;
- таяныч-кыймылдоо аппаратынын функциялары бузулган шайлоочулар - өз алдынча кыймылдоосу чектелиши менен байланышкан бузулуусу бар адамдар.
8. Шайлоо комиссияларынын майыптыгы бар шайлоочулар менен өз ара аракеттенүүсүнүн учурунда баарлашуунун этикалык ченемдери: урматтоо, гумандуулук, кичи пейилдик, сылыктык, сабырдуулук, медициналык сырды жарыя кылбоо, жарандын жеке турмушунун чөйрөсүнө кийлигишпөө сакталууга тийиш.
9. Ушул Жободо төмөнкүдөй терминдер колдонулат:
Майыптыгы бар шайлоочулар - активдүү шайлоо укугуна ээ, жалпы шарттарда шайлоо укуктарын толук кандуу жүзөгө ашырууну чектөөгө алып келген угуу, көрүү, таяныч-кыймыл аппаратынын функциялары бузулган, оорулар, жаракаттардын же кемчиликтердин кесепеттери менен шартталган, организм функциялары туруктуу бузулган, ден соолугу начар Кыргыз Республикасынын жарандары;
- добуш берүү жайга жеткиликтүүлүк - добуш берүү жайда жана анын ичинде кабинада же башка атайын жабдылган жерлерде орун которуп жүрүүгө, ошондой эле майыптыгы бар шайлоочулардын добуш берүүсүн жеңилдетүү үчүн көмөкчү каражаттардын болушуна физикалык тоскоолдуксуз жеткиликтүүлүктү камсыздоочу шарттардын болушу;
- шайлоо участкасына жеткиликтүүлүктү камсыздоо - мамлекеттик органдар, жеткиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар тарабынан алардын менчигинде же карамагында (ведомстволук караштуулукта) турган инфратүзүм объектилеринин жабдыктарын майыптыгы бар шайлоочулар үчүн башка жарандар менен бирдей эле объектилерге эркин жеткиликтүүлүктү камсыздаган атайын көмөкчү жөлөгүчтөр менен жабдуу боюнча талаптагыдай чараларды көрүү;
- муктаждык картасы - майыптыгы бар шайлоочулардын керектөөлөрүн шайлоо участкалары боюнча көрсөтүү менен социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмчөлөрү менен биргеликте тиешелүү округдук/аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан түзүлгөн таблица;
- чоңойтуучу айнек (лупа) - шайлоо документтерин толтуруу учурунда колдонулуучу, текстти чоңойтууга арналган оптикалык прибор;
- Брайль ариби - талапкерге, саясий партияга же болбосо "Баарына каршы" позициясына туура келген тиешелүү белги үчүн бюллетенде бош чарчыларга дал келген тешиктери бар атайын ариб;
- социалдык кызматкер - өзү аткарып жаткан иштин талаптарына жана мүнөзүнө ылайык келген зарыл квалификациясы бар жана турмуштук оор кырдаалга кабылган адамдарга уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан социалдык кызматтардын тутумунда социалдык тейлөөнү түздөн-түз жүзөгө ашыруучу же болбосо уюштуруучу адис;
- факсимилдик кол (факсимиле) - ден соолугунун абалынан улам өз алдынча өз колун коюу мүмкүнчүлүгү болбогон (көрүүсүнүн бузулушу, манжаларынын жоктугу, кыймылын координациялоонун бузулушу, шал болуу) майыптыгы бар адамдардын өз колун алмаштырган, атайын даярдалган штамп (клише).
Кыргыз Республикасынын Борборшайлоокомунун 2026-жылдын 14-августундагы № 78 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 40 токтомуна тиркеме
Шайлоо жана референдум өткөрүүдө майыптыгы бар жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө ЖОБО 1. Жалпы жоболор |