Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЛИМ, ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИННОВАЦИЯЛАР МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 4-ноябры № 261
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинде коррупциялык тобокелдиктер келип чыгуучу учурлардын жана жагдайлардын тизмесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинде коррупцияга каршы чараларды актуалдаштыруу жана коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу максатында, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамынын 20-беренесинин 4-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы №293 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар тууралуу жөнүндө” токтомуна ылайык буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинде коррупциялык тобокелдиктер келип чыгуучу учурлардын жана жагдайлардын тиркелген тизмеси бекитилсин.
2. Министрликтин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилери коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу жана минималдаштыруу боюнча туруктуу ишти камсыз кылышсын.
3. Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү:
1) үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
2) күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына (коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу орган) жөнөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин 2023-жылдын 31-июлундагы №166 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
6. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр |
| Б. Орозов |
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана иновациялар министрлигинин 2026-жылдын 23-июлундагы № 499 буйругунун редакциясына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ