КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 23-октябры № 695
Санарип чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучуларды аныктоо жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-сентябрындагы № 633 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Санарип кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 9-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Санарип чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучулардын функциялары жана ыйгарым укуктары төмөнкү мамлекеттик органдарга жүктөлсүн:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына – улуттук санариптик экосистеманын тармактык жөнгө салуучусунун ыйгарым укуктары;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча департаментине – телекоммуникация чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучунун ыйгарым укуктары;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикке – жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучунун ыйгарым укуктары.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-сентябрындагы № 633 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун киргизүү аркылуу өзүнүн жоболорун Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин ченемдерине жана ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 5-февралынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |