Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-сентябрындагы № 650 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 21-ноябры № 748
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин санариптештирүү чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-июлундагы № 493 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 103 тескемесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жободо:
– 12-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
“Министрдин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси менен макулдашылган министрдин сунушу боюнча мамлекеттик органдын жетекчисинин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарынын кызмат ордуна дайындоо үчүн кадрлар резервинде турган талапкерлердин ичинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат.”.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө жободо:
– 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“17. Министрликте министрдин орун басарларынын кызмат орундары каралган, алардын бири министрдин биринчи орун басары болуп саналат. Министрдин орун басарлары министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Министрдин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарын дайындоого сунуш министр тарабынан электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси менен макулдашуу боюнча мамлекеттик органдын жетекчисинин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарынын кызмат ордуна дайындоо үчүн кадрлар резервинде турган талапкерлердин ичинен киргизилет.
Министрдин орун басарлары түздөн-түз министрге баш иет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде Министрликтин ишин уюштурат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы министрдин сунушу жок министрдин орун басарларын ээлеген кызмат ордунан бошотууга укуктуу. Министр жок учурда анын милдеттерин аткаруу министрдин биринчи орун басарына, ал эми ал жок учурда орун басарларынын бирине жүктөлөт.”.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-июлундагы № 493 токтомуна ылайык күчүн жоготту)