Загрузка документа…
|
| 11-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна) |
Ички контролдоо программасына карата жалпы талаптар жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-сентябрындагы № 655 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы талаптар
1. Ушул Жобо кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (мындан ары - КИК/ККЛК) боюнча ички контролдоо программасына коюлуучу жалпы талаптарды белгилейт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
1) кадрлар - финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын кызматкерлери;
2) кардар - финансылык мекемени же финансылык эмес категориядагы жактарды тейлөөгө кабыл алынган же тейлөөдө турган, же болбосо финансылык мекеме же финансылык эмес категориядагы жактар менен ишкердик мамилелерди түзө турган же түзгөн жеке же юридикалык жак (уюм), чет өлкөлүк траст же юридикалык жак;
3) операциялар (бүтүмдөр) - каражаттар менен жарандык укуктарды жана милдеттерди белгилөө, өзгөртүү же токтотуу үчүн жасалган каражаттар менен ар кандай операциялар (бүтүмдөр);
4) финансылык чалгындоо органы - КИК/ККЛК чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;
5) текшерүүчү органдар - КИК/ККЛК чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу маселелери боюнча контролунда турган тиешелүү жактардын ишин текшерген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары;
6) ички контролдоо программасы - КИК/ККЛК чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу максатында финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар колдоно турган ички чаралар, жол-жоболор жана контролдоо системалары;
7) тобокелдик - кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиги;
8) ички контролдоо кызматы - КИК/ККЛК боюнча ички контролдоо программасын жүзөгө ашырууга жооптуу финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ыйгарым укуктуу кызматчысы же түзүмдүк бөлүмү, же болбосо комплаенс-контроль кызматы;
9) финансылык топ - өз финансылык ресурстарын жалпы максаттарга жана кызыкчылыктарга бириктирген ар кандай типтеги бир нече юридикалык жактардан турган топ, ал ушул топтун мүчөлөрүнө карата контролдоо (көзөмөлдөө) жана координациялоо функцияларын жүзөгө ашырат;
10) финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар - "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде көрсөтүлгөн жеке жана юридикалык жактар.
3. Эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, ушул Жобонун 2-пунктунда аныкталбаган жана ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарында колдонулган мааниде колдонулат.
2-глава. Ички контролдоо программасы