Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 1-августу ПЖ № 227
Кыргыз Республикасынын Президентинин
мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат өтөө
чөйрөсүндөгү айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү
киргизүү жөнүндө
(КР Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 43 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик кадр саясатын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1..Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 “Мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга жана башка адамдарга класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартибинде:
Тартиптин 1-тиркемесинде:
– 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
7 | Шаардын, айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын жетекчиси, шаардын жергиликтүү кеңешинин төрагасы | Муниципалдык кызматтын 3-класстан 1-класска чейинки кеңешчиси |
2. (КР Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 43 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3..Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 2-февралындагы № 22 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппарат жетекчилеринин “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча ишин баалоо методикасын бекитүү тууралуу” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1).3-пункттун 3-пунктчасындагы мамлекеттик тилдеги “мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин орун басарларынын (кадр ишин тейлеген),” деген сөздөр алып салынсын;
2).жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппарат жетекчилеринин “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча ишин баалоо методикасында: