Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2016-жылдын 30-декабры ПЖ № 308
Мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга жана башка адамдарга класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө
(КР Президентинин 2017-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 109, 2018-жылдын 26-июнундагы ПЖ № 141, 2020-жылдын 28-августундагы ПЖ № 165, 2021-жылдын 10-декабрындагы ПЖ № 558, 2023-жылдын 3-мартындагы ПЖ № 43, 2023-жылдын 7-декабрындагы ПЖ № 333, 2024-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 52, 2024-жылдын 12-июлундагы ПЖ № 187, 2025-жылдын 26-мартындагы ПЖ № 104 , 2025-жылдын 24-октябрындагы ПЖ № 296, 2026-жылдын 31-янвапындагы № 26 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
"Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө", "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, класстык чендерди ыйгаруу маселелерин укуктук жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
(КР Президентинин 2024-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 52 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын жогорку класстык чендерин ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө сунуштарды кароо боюнча комиссиянын курамы 2-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын жогорку класстык чендерин ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө сунуштарды кароо боюнча комиссия тууралуу жобо 3-тиркемеге ылайык;
- Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби 4-тиркемеге ылайык.
- мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык ченин ыйгаруу жөнүндө күбөлүктүн формасы жана сыпаттамасы 5-тиркемеге ылайык;
- муниципалдык кызматтын муниципалдык кеңешчиси класстык ченин ыйгаруу жөнүндө күбөлүктүн формасы жана сыпаттамасы 6-тиркемеге ылайык.
(КР Президентинин 2020-жылдын 28-августундагы ПЖ № 165, 2023-жылдын 3-мартындагы ПЖ № 43, 2023-жылдын 7-декабрындагы ПЖ № 333 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- мурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында колдонулган "мамлекеттик кызматтын кенже инспектору, мамлекеттик кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы инспектору, мамлекеттик кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси, мамлекеттик кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" деген класстык чендердин түшүнүгү "мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспектору, мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы инспектору, мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси, мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" деген түшүнүккө окшош экендиги;
- (абзац КР Президентинин 2026-жылдын 31-январындагы № 26 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
(КР Президентинин 2026-жылдын 31-январындагы № 26 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. (КР Президентинин 2023-жылдын 3-мартындагы ПЖ №43 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 24-октябрындагы № 485 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматты уюштуруунун кээ бир маселелери жөнүндө" Жарлыгы;