МыйзамКүчүнө кире элек

Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 8-апрели № 46 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (»Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө«,»Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө«Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы

Редакцияот 08.04.2026
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

   КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2026-жылдын 8-апрели № 46

 

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

1-берене.

"Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2025-жылдын 19-августу, № 62) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 5-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда "нотариалдык жактан" деген сөздөр алып салынсын;

2) 14-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "30-беренесинде" деген сөздөр "31-беренесинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 16-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Инвестордун мүлкүн кылмыш жасагандыгы үчүн бөгөт коюу чарасы катары конфискациялоо Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган учурларда соттун чечими боюнча гана жүргүзүлүшү мүмкүн.";

4) 23-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"23-берене. Талаш-тартыштарды чечүү

1. Инвестициялар менен байланышкан жана инвестордун Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык ишин жүзөгө ашырууда келип чыгуучу талаш-тартыштар (инвестициялык талаш-тартыш) сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет. Инвестициялык талаш-тартыш тараптардын макулдашуусу боюнча медиация аркылуу же болбосо талаш-тартышты сотко чейинки жөнгө салуунун башка макулдашылган ыкмалары менен жөнгө салынышы мүмкүн.

2. Эгерде инвестициялык талаш-тартыш ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган тартипте жөнгө салынбаса, инвестициялык талаш-тартыш Кыргыз Республикасынын сот органдарында чечилет же колдонуудагы арбитраждык эскертмени камтыган тиешелүү жазуу жүзүндөгү макулдашуу болгон учурда, же бул талаш-тартыш Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык арбитражга берилген учурда арбитражда каралат.";

5) 33-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык ишти жүзөгө ашырууну пландоочу чет өлкөлүк инвесторлор аккредитациядан ыктыярдуу негизде өтүүгө укуктуу.".

2-берене.

"Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 10, 436-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

46-статья күчүн жоготту деп таанылсын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

2026-жылдын 11-мартында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган