Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

 

2026-жылдын 26-февралы № 90

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө

 

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 12-майындагы № 159,   2026-жылдын 10-августундагы № 279 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана токтотуу маселелерин алдын ала кароо максатында, "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-статьясынын 1-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссия төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

Абыкеев Чолпонбек

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, Комиссиянын төрагасы;

Мамасадыков Рустам Алайбекович

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары;

Шукурбеков Улугбек Абдималикович

-

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы;

Комиссиянын мүчөлөрү:

Баатырова Гүлнара Маришовна

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

Абдиев Нурбек Такабаевич

-

Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;

Жумакадыр уулу Сейтек

-

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;

Досматов Камчыбек Султанмуратович

-

Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары;

Досалиев Эрнес Кубанычбекович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары;

Бараканова Салтанат Нурудиновна

-

"№ 47 кесиптик лицей" мекемесинин директору.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 23-майындагы № 124 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" Жарлыгы;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 23-январындагы № 8 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 23-майындагы № 124 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

С.Н. Жапаров