Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-сентябрындагы № 622 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 13-майы № 339
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 528 «Ветеринария жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл системасын өркүндөтүү, контролго алынуучу мамлекеттик ветеринардык көзөмөл объекттерин каттоо жана эсепке алуу процессин тартипке келтирүү максатында, «Ветеринария жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Бажы бирлигинин «Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 528 «Ветеринария жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 19-майындагы № 36 (3796) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| "2-тиркеме |
Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл тарабынан контролго алынуучу объекттерди мамлекеттик каттоо, эсепке алуу жана санариптик реестрди жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо
Ушул Жобо ветеринардык-санитардык жана тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасында мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдү натыйжалуу уюштуруу максатында уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан мамлекеттик ветеринардык көзөмөл тарабынан контролго алынуучу объекттерди (мындан ары - объекттер) мамлекеттик каттоо жана эсепке алуу тартибин жана бирдиктүү жол-жобону жүргүзүү шарттарын аныктайт.
1-глава. Жалпы жоболор
1. Объекттерди мамлекеттик каттоо жана эсепке алуу ага уникалдуу идентификациялык номерди ыйгаруу менен мамлекеттик санариптик реестрге объект жөнүндө маалыматтарды киргизүү, ошондой эле катталууга тийиш эмес объекттер тууралуу маалыматтарды чогултуу жана белгилөө боюнча административдик жол-жоболорду билдирет.
2. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
объектти мамлекеттик каттоо - объекттин белгиленген ветеринардык-санитардык талаптарга шайкештигин текшерүүнү (иликтөөнү), ал жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик санариптик реестрге киргизүүнү жана уникалдуу идентификациялык номерди ыйгарууну камтыган административдик жол-жобо;
мамлекеттик ветеринардык көзөмөл тарабынан контролго алынуучу объекти - юридикалык жакка, жеке ишкерге же дыйкан (фермердик) чарбага таандык болгон, анда жаныбарларды кармоого, контролго алынуучу товарларды (продукцияны) өндүрүүгө, кайра иштетүүгө, сактоого, ташууга жана сатууга байланышкан иш, ошондой эле ветеринария жаатындагы иш жүргүзүлгөн имараттар, курулуштар, курулмалар, өндүрүш аянтчалары, цехтер, участоктор, жайлар;
объекттерди эсепке алуу - ветеринардык көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнүн мамлекеттик катталууга тийиш эмес объекттер жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана белгилөө боюнча иши;
объекттин идентификациялык номери - мамлекеттик каттоодо объектке ыйгарылуучу жана товарларды (продукцияны) көзөмөлдөө, контролдоо, байкоо жүргүзүү максатында аны бирдей мааниде идентификациялоо үчүн колдонулган белгиленген түзүмдөгү уникалдуу тамга-сандык код;
арыз ээси - объектти мамлекеттик каттоону жүргүзүү үчүн кайрылган юридикалык жак, жеке ишкер же алардын ыйгарым укуктуу өкүлү;
объекттин эсепке алуу иши - ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү тарабынан түзүлүүчү документтердин жана санариптик маалыматтардын жыйындысы;
ветеринардык-санитардык корутунду - объекттин белгиленген ветеринардык-санитардык талаптарга шайкештигин ырастоочу документ, анын ичинде санариптик формадагы документ;
санариптик реестрден көчүрмө - объектти мамлекеттик каттоо фактысын ырастоочу документ, анын ичинде санариптик формадагы документ.
2-глава. Объекттерди мамлекеттик каттоону жана эсепке алууну жүргүзүү тартиби
3. Объектти мамлекеттик каттоо ветеринардык көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жана анын аймактык бөлүмдөрү тарабынан мамлекеттик санариптик реестрге (мындан ары - мамлекеттик санариптик реестр) мамлекеттик ветеринардык көзөмөл тарабынан контролго алынуучу объекттерди киргизүү аркылуу жүргүзүлөт.
4. Ишинин түрлөрү ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык тизмеге киргизилген объекттер мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
5. Объектти мамлекеттик каттоо төмөнкүдөй административдик жол-жоболорду камтыйт:
- арыз ээсинин арызын жана документтерин кабыл алуу жана каттоо; мамлекеттик объекттер коштоочу кат менен кайрылат;
- берилген маалыматтардын толуктугун жана аныктыгын текшерүү;
- объекттин белгиленген ветеринардык-санитардык талаптарга шайкештигин документтик жана жеринде текшерүүнү жүргүзүү;
- ветеринардык-санитардык корутундуну тариздөө;
- объектти мамлекеттик каттоо же андан баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алуу;
- мамлекеттик санариптик реестрге маалыматтарды киргизүү жана идентификациялык номерди ыйгаруу;
- мамлекеттик санариптик реестрден көчүрмө берүү.
6. Объектти мамлекеттик каттоо анын иш жүзүндө жайгашкан жери боюнча жүргүзүлөт. Арыз ээси бир нече аймактык обочолонгон объекттерде иш жүргүзгөн учурда мамлекеттик каттоо мындай ар бир объектке карата жүргүзүлөт.
7. Арыз ээси тарабынан ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык формада объектти мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз төмөнкү ыкмалардын бири менен берилет:
- арыз ээсинин санариптик кол тамгасы коюлган санариптик документ түрүндө;
- кагаз жүзүндөгү документти берүү менен ыйгарым укуктуу органга же анын аймактык бөлүмүнө жеке кайрылуу аркылуу.
8. Зарыл болгон документтердин тизмеги төмөнкүлөрдү камтыйт:
- юридикалык жак үчүн: мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү, уставдын (жобонун) көчүрмөсү;
- жеке ишкер үчүн: арыз ээси тарабынан күбөлөндүрүлгөн жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү; ким экендигин күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү;
- кыймылсыз мүлктүн турак эмес объекттерин пайдалануу укугун ырастаган документтер (менчик укугу жөнүндө күбөлүк, ижара, субижара келишими);
- өндүрүштүк, кампа, көмөкчү жана санитардык-тиричилик жайларды көрсөтүү менен объекттин схемасы (планы);
- ХАССПнын принциптерине негизделген өндүрүштүк контролдоо программасы (Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерине ылайык иши көрсөтүлгөн принциптердин негизинде милдеттүү контролдонууга тийиш болгон объекттер үчүн);
9. Ыйгарым укуктуу орган иштин түрлөрү боюнча дифференцияланган, арызга тиркелүүчү документтердин кошумча тизмегин бекитүүгө укуктуу. Аталган тизмек ыйгарым укуктуу органдын сайтына расмий жарыяланууга тийиш.
10. Объектти текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аймактык бөлүм төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
- объект белгиленген талаптарга шайкеш келсе - объектке идентификациялык номерди ыйгаруу жана аны мамлекеттик санариптик реестрге киргизүү үчүн ветеринардык-санитардык корутундуну кошкондо, документтерди тиркөө менен ыйгарым укуктуу органга суроо-талапты жиберет;
- бузуулар аныкталса - арыз ээсине аларды жоюу жөнүндө жазма буйрукту берет. Жазма буйрукта белгиленген бузууларды жоюу мөөнөтү 20 календардык күндөн ашпайт.
11. Жазма буйрукта көрсөтүлгөн бузууларды жоюуга убакытты кошкондо, аймактык бөлүм тарабынан арызды кароонун жалпы мөөнөтү арыз келип түшкөн күндөн тартып 30 календардык күндөн ашпоого тийиш.
12. Ыйгарым укуктуу орган аймактык бөлүмдөн суроо-талап келип түшкөн датадан тартып 5 жумуш күндүн ичинде идентификациялык номерди ыйгаруу жана объект жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик санариптик реестрге киргизүү тууралуу чечим кабыл алат же болбосо негиздүү баш тартууну чыгарат.
13. Мамлекеттик каттоодон баш тартууга төмөнкү учурларда жол берилет:
- берилген документтерде анык эмес маалыматтар же алардын талаптарга шайкеш келбегендиги аныкталса;
- текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча берилген жазма буйрукту белгиленген мөөнөттө аткарбоо;
- объекттин калктын жана/же жаныбарлардын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирүүчү ветеринардык-санитардык талаптарга шайкеш келбегендиги.
14. Мамлекеттик каттоо, мамлекеттик каттоодон баш тартуу жана мамлекеттик каттоону токтотуу жөнүндө чечимдер ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйругу менен таризделет.
15. Каттоодон баш тартуу арыз ээсинин баш тартууга негиз болгон себептерди жойгондон кийин кайра кайрылуусуна тоскоолдук жаратпайт.
16. Объектти мамлекеттик санариптик реестрден чыгаруу ыйгарым укуктуу орган тарабынан 14 жумуш күндүн ичинде төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
- объекттин ээсинин ишти токтотуу жөнүндө арызынын;
- юридикалык жактын жоюлгандыгын же жеке ишкердин ишти токтоткондугун ырастоочу документтин;
- мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечиминин;
- калктын жана/же жаныбарлардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү коркунучун жараткан ветеринардык-санитардык талаптарды системалуу түрдө (календардык жыл ичинде эки жана андан көп жолу) бузгандыгына байланыштуу каттоону токтотуу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын буйругунун.
17. Объекттерди мамлекеттик эсепке алуу ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү тарабынан мамлекеттик каттоого алынууга тийиш болгон объекттердин тизмегине киргизилбеген объекттерге карата жүргүзүлөт.
18. Коомдук тамактануу объекттери, жаныбарлардан алынуучу товарларды (продукцияны) сатуучу дүң жана чекене базарлар, эт сатуу пункттары жана эт павильондору, ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүүчү лабораториялар, мал көмүү жайлары, сибир жарасынын очоктору, Беккари чуңкурлары, ветеринардык клиникалар жана дарыканалар эсепке алынууга тийиш.
19. Объекттерди эсепке алуу тартиби, анын ичинде каттала турган маалыматтардын формасы жана тизмеги ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.