ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-июнундагы № 389 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакцияот 03.06.2026
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

 

2026-жылдын 3-июну № 389

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Архитектура жана курулуш иши чөйрөсүндө лицензияларды берүү жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:

–      219-пункттун жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«– мамлекеттик квалификациялык сертификаты бар адистердин лицензия алган жана архитектура жана курулуш ишин жүзөгө ашырган мезгилде үчтөн ашпаган уюмда эмгек ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруусу;»;

–        2202-пункта:

3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«3) жарактуу мамлекеттик квалификациялык сертификаттары бар кызматкерлер үчүн салыктык милдеттенмелердин жана социалдык чегерүүлөрдүн төлөнгөндүгүн ырастоочу, мамлекеттик маалымат системасы аркылуу автоматтык түрдө алынуучу маалыматтар.»;

4, 5-пунктчалар күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 41 (3801) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев