РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 15-июлундагы № 257 (Бишкек шаарынын участокторундагы автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо жана реабилитациялоо боюнча жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн берүүчүлөрүн (подрядчыларын) аныктоо тууралуу) тескемеси

Редакцияот 15.07.2026
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

 

2026-жылдын 15-июлу № 257

Бишкек шаарынын автомобиль жолдорун жана инженердик тармактарын куруу, реконструкциялоо жана реабилитациялоо маселелерин ыкчам чечүү максатында, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66,.71-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Бишкек шаарынын төмөнкү участокторундагы автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо жана реабилитациялоо боюнча жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн берүүчүлөрүн (подрядчыларын) белгиленген тартипте аныктасын:

1) Аалы Токомбаев проспектинен Зверохозяйство көчөсүнө чейин (көпүрөгө чейин) долбоорлонуучу көчө;

2) Махатма Ганди көчөсүнөн Ала-Арча көчөсүнө чейин долбоорлонуучу көчө.

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

С.Н. Жапаров