Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 11-июну № 412
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан администрациялануучу эсептин каражаттарын пайдалануу жолу менен Кыргыз Республикасынын минералдык-чийки зат базасын кеңейтүү жана кайра өндүрүү боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын минералдык-чийки зат базасын толуктоо, өнүктүрүү жана сарамжалдуу пайдалануу системасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан администрациялануучу эсептин каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги:
1) мамлекеттик заказ боюнча жер казынасын геологиялык изилдөө программаларын каржылоону координацияласын жана бөлүнгөн каражаттарды сарамжалдуу пайдаланууну контролдосун;
2) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик заказ боюнча иштердин аткарылышына мониторинг жүргүзүүнү жана отчетторун кабыл алууну камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин мамлекеттик заказынын алкагында Кыргыз Республикасынын минералдык-чийки зат базасын кеңейтүү жана кайра өндүрүү боюнча иштерди аткаруучу болуп аныкталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Борбордук казыналыгынын системасында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан администрациялануучу эсепти ачууну жана жүргүзүүнү камсыз кылсын;
2) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн эсеп боюнча операцияларды казыналык тейлөөнү жүргүзсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |