Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-июнундагы № 412 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан администрациялануучу эсептин каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо мамлекеттик заказдын алкагында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги (мындан ары - Министрлик) тарабынан администрациялануучу эсептин каражаттарын пайдалануу тартибин аныктайт.
2. Геологиялык-издөө жана геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө мамлекеттик заказ - бул Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлүүчү жана республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу бул иштерди уюштуруунун формасы.
Мамлекеттик заказ Министрлик тарабынан администрациялануучу эсептин (мындан ары - эсеп) каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу иштерди пландоо жана каржылоо үчүн негиз болуп саналат.
3. Эсептин каражаттары ушул Жобого ылайык так максаттуу багыты боюнча пайдаланылат.
2-глава. Эсептин каражаттарын пайдалануу булактары
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 355 "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашуудан келип чыккан макулдашуулардын жана келишимдердин долбоорлорун жактыруу тууралуу" токтому менен жактырылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын атынан), "Центерра Голд Инк." компаниясынын, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун, "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун ортосундагы Кайрадан каралган инвестициялык макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүүгө "Кумтөр" долбоорунун дүң кирешесинин 4%ын түзүүчү түшүүлөрдүн 10%га чейинки өлчөмүндөгү каражаттар Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык бюджеттин чыгаша бөлүгүнөн геологиялык чалгындоо иштерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүүгө байланышкан башка иш-чараларды каржылоого пайдаланылат.
3-глава. Каржылоонун максаттары
5. Каржылоонун максаты Кыргыз Республикасынын минералдык-чийки зат базасын туруктуу кеңейтүүнү жана кайра өндүрүүнү камсыз кылуу болуп саналат. Каржылоо төмөнкү багыттар боюнча жүзөгө ашырылат:
1) геологиялык сүрөткө тартууну, геофизикалык, геохимиялык жана башка изилдөөлөрдү жүргүзүү;
2) издөө, издөө-баалоо жана чалгындоо иштерин аткаруу;
3) минералдык-чийки зат ресурстарын кайра баалоо жана геологиялык-экономикалык маалыматтарды даярдоо;
4) геологиялык чалгындоо материалдарынын маалыматтык фондун калыбына келтирүү жана толуктоо;
5) материалдык-техникалык базаны модернизациялоо жана жаңылоо;
6) минералдык ресурстарды баалоо методдорун иштеп чыгуу;
7) геологиялык чалгындоо иштерин техникалык коштоо;
8) минералдык-чийки зат базасын кеңейтүүгө жана кайра өндүрүүгө багытталган башка коштоочу иштерди жүзөгө ашыруу.
4-глава. Мамлекеттик заказды түзүү
6. "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - "Кыргызгеология" МИ) жыл сайын 1-сентябрга чейин кийинки финансылык жылга карата иштердин планын жана чыгашалар сметасын иштеп чыгат. Иш планы жана чыгашалар сметасы "Кыргызгеология" МИнин буйругу менен бекитилет.
7. Иштердин планы төмөнкүлөрдөн турат:
1) максаттардан жана милдеттерден;
2) күтүлүүчү натыйжалардан;
3) иштердин техникалык сыпатталышынан;
4) финансылык-экономикалык негиздемеден;
5) чыгашалар сметасын деталдаштыруудан.
8. Иш планы жана чыгашалар сметасы ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча таризделген расмий өтүнмө менен белгиленген тартипте Министрликке макулдашууга жөнөтүлөт.
9. Мамлекеттик заказ иш планынын жана чыгашалар сметасынын негизинде учурдагы жылдын 31-декабрына чейин түзүлөт жана Министрликтин буйругу менен бекитилет.
10. Мамлекеттик заказ төмөнкүдөй талаптардан турат:
1) мамлекеттик органдын-заказчынын жана аткаруучунун аталышы;
2) мамлекеттик заказды түзүү үчүн негиз;
3) иштердин аталышы;
4) максаттар жана милдеттер;
5) иштерди ишке ашыруу мөөнөттөрү;
6) кварталдар боюнча бөлүштүрүлгөн иштерди аткаруу планы;
7) аткарылуучу иштердин көрсөткүчтөрү жана көлөмдөрү;
8) ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча мамлекеттик заказга тиркелүүчү түшүндүрмө каттар (негиздемени, иштердин сыпатталышын, техникалык тапшырманы, наркын эсептөөнү, каржылоо графигин жана отчеттуулукка талаптарды камтыган).
11. Каржылоо жөнүндө чечимдер Министрликтин буйругу менен кабыл алынат.
5-глава. Эсептин каражаттарын пайдалануу тартиби