Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 20-августу № 562
Патогендүү биологиялык агенттерди мамлекеттик
эсепке алуу системасын уюштуруу тартибин жана
Патогендүү биологиялык агенттер тууралуу
маалыматты коргоону камсыз кылуу жана жеке
жактарга патогендүү биологиялык агенттер жана
заманбап биотехнология продуктулары менен иштөөгө
уруксат берүү тартибин бекитүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 13-беренелерин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Патогендүү биологиялык агенттерди мамлекеттик эсепке алуу системасын уюштуруу тартиби 1-тиркемеге ылайык;
2) Патогендүү биологиялык агенттер тууралуу маалыматты коргоону камсыз кылуу жана жеке жактарга патогендүү биологиялык агенттер жана заманбап биотехнология продуктулары менен иштөөгө уруксат берүү тартиби 2-тиркемеге ылайык.
2. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн тартиптерди координациялоо жана ишке ашыруу төмөнкүлөргө жүктөлсүн:
1) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине патогендүү биологиялык агенттердин жайылуу коркунучунда профилактикалык жана санитардык-эпидемиологиялык чараларды көрүү, ведомстволор аралык координациялык кеңешке катышуу жана калктын ден соолугуна потенциалдуу коркунуч туудурган патогендер жөнүндө маалымат алмашууну камсыз кылуу бөлүгүндө;
2) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине патогендүү биологиялык агенттердин жайылуу коркунучунда профилактикалык жана эпизоотияга каршы чараларды көрүү, ведомстволор аралык координациялык кеңешке катышуу жана айыл чарба чөйрөсүнө потенциалдуу коркунуч келтирген патогендер жөнүндө маалымат алмашууну камсыз кылуу бөлүгүндө;
3) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине химиялык, биологиялык, авиациялык жана ядролук чөйрөлөрдө патогендүү биологиялык агенттердин жайылуу коркунучунда айлана-чөйрөнү коргоо бөлүгүндө.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 21-августундагы № 63 (3823) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |