Загрузка документа…
| 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-августундагы № 562 токтому менен бекитилди) |
Патогендүү биологиялык агенттер тууралуу маалыматты
коргоону камсыз кылуу жана жеке жактарга патогендүү
биологиялык агенттер жана заманбап биотехнология
продуктулары менен иштөөгө уруксат берүү
тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Терминдер жана аныктамалар
3-глава. Корголууга тийиш маалыматтардын категориялары
4-глава. Маалыматты коргоого карата талаптар
5-глава. Жеке жактарга ПБАлар жана заманбап биотехнология продуктулары менен иштөөгө уруксат берүү тартиби
6-глава. Чектөөлөр жана тыюу салуулар
7-глава. Персоналдын кирүүсүн эсепке алууну уюштуруу
8-глава. Контроль жана жоопкерчилик
1-глава. Жалпы жоболор
1. Патогендүү биологиялык агенттер тууралуу маалыматты коргоону камсыз кылуу жана жеке жактарга патогендүү биологиялык агенттер жана заманбап биотехнология продуктулары менен иштөөгө уруксат берүү тартиби (мындан ары – Тартип) патогендүү биологиялык агенттер жана токсиндер (мындан ары – ПБАлар) менен байланышкан маалыматтарды коргоону камсыз кылууга карата талаптарды аныктайт жана жеке жактарга ПБА жана заманбап биотехнология продуктулары менен иштөөгө уруксат берүү тартибин жөнгө салат.
2. Ушул Тартип ПБА жана заманбап биотехнология продуктулары менен иш жүргүзгөн мамлекеттик органдар, илимий-изилдөө уюмдары, лабораториялар, биофабрикалар, билим берүү мекемелери жана башка юридикалык жактар үчүн милдеттүү, алар ушул Тартипти контролдоочу жана жүзөгө ашыруучу тиешелүү министрликтерге жана ведомстволорго белгиленген формалар боюнча отчет берүүгө милдеттүү.
3. Ушул Тартиптин максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу;
2) ПБАларга жана заманбап биотехнология продуктуларына уруксатсыз кирүүгө жол бербөө;
3) ПБАларга жана заманбап биотехнология продуктуларына байланыштуу купуя, кызматтык жана башка маалыматтарды коргоо;
4) персоналды даярдоого жана квалификациясына карата талаптарды белгилөө.
2-глава. Терминдер жана аныктамалар
4. Ушул Тартипте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
патогендүү биологиялык агенттер жана токсиндер –жаратылышта кездешкен же генетикалык жактан өзгөртүлгөн ар кандай микроорганизм, вирус, биологиялык токсин, бөлүкчө же башка инфекциялык материал, анын ичинде патогендүү жана шарттуу-патогендүү микроорганизмдер, токсиндер жана уулар, анын ичинде ичүүчү жана агынды суунун сапатына мониторинг жүргүзүү үчүн пайдаланылуучу штаммдар, синтетикалык биология продуктулары, адамдарда, жаныбарларда же өсүмдүктөрдө ар кандай инфекциялардын, аллергиялык же уулануу реакцияларынын пайда болушуна, азык-түлүктүн, жабдуулардын, камдыктардын же башка материалдардын сапатынын начарлашына же айлана-чөйрөнүн жагымсыз өзгөрүшүнө алып келиши мүмкүн болгон клеткалуу өсүмдүктөр жана эндопаразиттер;
уруксат берүү – жеке жактарга ПБАлар менен байланышкан иштерди аткарууга укук берген ыйгарым укуктуу органдын же уюмдун расмий таризделген чечими;
маалыматты коргоо – ПБАлар менен байланышкан маалыматтардын жоголушун, ачыкка чыгышын же бурмаланышын болтурбоого багытталган уюштуруу, укуктук жана техникалык чаралардын системасы.
3-глава. Корголууга тийиш маалыматтардын
категориялары
5. Чектелген жеткиликтүүлүктөгү маалыматка төмөнкүлөр кирет:
1) ПБАлардын жана заманбап биотехнология продуктуларынын турган жери, саны, түрлөрү жөнүндө маалыматтар;
2) ПБАларды жана заманбап биотехнология продуктуларын уюмдардын ортосунда жылдыруу жөнүндө маалыматтар;
3) ПБА жана заманбап биотехнология продуктуларына уруксаты бар персонал жөнүндө маалыматтар;
4) ПБАларды жана заманбап биотехнология продуктуларын эсепке алуунун автоматташтырылган маалыматтык системаларында камтылган маалыматтар;
5) ПБАлар жана заманбап биотехнология продуктулары жөнүндө маалыматтарды камтыган отчеттор, түшүндүрмө каттар жана журналдар;
6) ПБАларды жана заманбап биотехнология продуктуларын сактоого жана колдонууга байланыштуу долбоордук документтер, пландар жана нускамалар.
6. Маалымат төмөнкүдөй классификацияланат:
1) кызматтык пайдалануу үчүн;
2) купуя;
3) Кыргыз Республикасынын биологиялык коопсуздук жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык уруксат чектелүүгө тийиш.
7. Маалыматты үчүнчү жактарга берүүгө Кыргыз Республикасынын биологиялык коопсуздукту, калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жана маалыматты коргоону камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча гана жол берилет.
4-глава. Маалыматты коргоого карата талаптар
8. Уюмдар төмөнкүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү:
1) ПБАларга жана заманбап биотехнология продуктуларына байланыштуу документтерди корголгон жайларда же кирүү чектелген электрондук системаларда сактоону;
2) эсепке алуунун автоматташтырылган маалыматтык системаларында колдонуучулардын колдонуу укуктарын чектөөнү;
3) маалыматты колдонуу журналын жүргүзүүнү;
4) маалыматтардын резервдик көчүрмөсүн түзүүнү;
5) электрондук алып жүрүүчүлөргө жана маалымат базаларына уруксатсыз кирүүнү алдын алууну;
6) Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган башка талаптарды аткарууну.
9. ПБАлар жана заманбап биотехнология продуктулары жөнүндө электрондук маалымат алмашуу корголгон байланыш каналдары аркылуу жүзөгө ашырылат:
1) ведомстволор аралык алмашуу мүмкүнчүлүгү бар мамлекеттик маалыматтар базасы;
2) аныкталган коркунучтар жөнүндө өз убагында кабарлоо.
10. ПБАлардын жана токсиндердин болушу жана кыймылы жөнүндө статистикалык отчетторду, эсепке алуу журналдарын жана аналитикалык материалдарды пайдаланууга ыйгарым укуктуу адамдарга гана уруксат берилет.
5-глава. Жеке жактарга ПБАлар жана заманбап биотехнология
продуктулары менен иштөөгө уруксат берүү тартиби
11. ПБАлар жана заманбап биотехнология продуктуларына байланыштуу иш жүргүзгөн мамлекеттик органдар, илимий-изилдөө уюмдары, лабораториялар, биофабрикалар, билим берүү мекемелери жана башка юридикалык жактар, ПБАлар жана заманбап биотехнология продуктулары менен иштөө боюнча нускамаларды иштеп чыгууга тийиш.
12. Жеке жактарга ПБАлар жана заманбап биотехнология продуктулары менен иштөөгө уруксат берүү төмөнкүдөй шарттарды сактоодо жүзөгө ашырылат:
1) профилдик билимдин же квалификациянын болушу;
2) биологиялык коопсуздук боюнча милдеттүү нускоодон өтүү;
3) медициналык кароодон өтүү (мыйзамдарга ылайык);
4) биокоопсуздук боюнча ички нускамаларды билүүсүн текшерүүдөн өтүү;
5) уюмдун жетекчисинин буйругу менен уруксатты тариздөө.
13. Окутуудан же нускоодон өтпөгөн адамдарга ПБАлар жана заманбап биотехнология продуктулары менен иштөөгө уруксат берилбейт.
14. Персонал жыл сайын кайра даярдоодон/кайталап нускама өтүүгө милдеттүү.
15. Ар бир кызматкерге анын кызматтык милдеттерине ылайык кирүү деңгээли ыйгарылат.
6-глава. Чектөөлөр жана тыюу салуулар
16. ПБАлар жана заманбап биотехнология продуктулары менен иштөөгө төмөнкү учурларда тыюу салынат:
1) биокоопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарды тартиптик бузуулары бар адамдарга;
2) документалдык түрдө ырасталган даярдыгы жок учурда.
17. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) жеке паролдорду жана эсептик жазууларды берүүгө;
2) документтерди жана маалымат алып жүрүүчүлөрдү уюмдан тышкары алып чыгууга;
3) ПБАлар жана заманбап биотехнология продуктулары жөнүндө маалыматтык маалымдамалар менен иштөө үчүн жеке түзүлүштөрдү колдонууга;
4) маалыматтарды көчүрүүгө же жайылтууга.
7-глава. Персоналдын кирүүсүн эсепке алууну уюштуруу
18. Уюм төмөнкүлөрдү жүргүзүүгө милдеттүү:
1) кызматкерлердин ПБАлар жана заманбап биотехнология продуктулары менен иштөөгө уруксат берүү журналын;
2) автоматташтырылган маалыматтык системага кирүүнүн электрондук журналын;
3) персоналдын нускамаларын жана билимдерин текшерүүнү эсепке алуу журналын.
19. Жазуулар (документтер) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамага ылайык белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө сакталууга тийиш.
8-глава. Контроль жана жоопкерчилик
20. Ушул Тартиптин сакталышын контролдоо тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан өз компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырылат.
21. Маалыматты коргоону уюштурууга жеке жоопкерчилик тиешелүү уюмдардын жана мамлекеттик органдардын жетекчилерине жүктөлөт.
22. ПБАлар, заманбап биотехнология продуктулары жана автоматташтырылган маалымат системасы менен ишти жүзөгө ашырган кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларды коргоо жөнүндө мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына жоопкерчилик тартат.
23. Ушул Тартиптин талаптарын бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет, анын ичинде:
1) кирүү режимин бузуу;
2) жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматты ачыкка чыгаруу;
3) маалыматты уруксатсыз көчүрүү же жайылтуу.